Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарын уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-04-14.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 19-февралы № 130 Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарын уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө "Баткен шаарын Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага областтык маанидеги шаар статусун берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелинин № 230 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Баткен облусунун Баткен шаарынын мамлекеттик башкаруу органдарынын штаттык саны ушул токтомдун тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте:
- зарыл болгон учурда Баткен облусунун Баткен шаарында кызматкерлердин жалпы санынын жана 2009-жылга бюджетте каралган каражаттын чегинде аймактык структураларды белгиленген тартипте түзүшсүн;
- жаңыдан түзүлгөн шаардык структураларды финансылык жана уюштуруу-техникалык камсыздоо боюнча зарыл чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине зарыл болгон учурда Баткен облусунун Баткен шаарында кызматкерлердин жалпы санынын жана 2009-жылга бюджетте каралган каражаттын чегинде аймактык структураларды белгиленген тартипте түзүү сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы менен бирдикте Баткен облусунун Баткен шаарынын жаңыдан түзүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарын кызматтык жайлар жана имараттар менен камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин.
7. "Объекттерди шаардык шериктештиктин коммуналдык менчигине өткөрүп берүү жана Баткен областынын Баткен шаарынын шаар башкармасынын структурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-июнундагы № 370 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун үчүнчү абзацы алып салынсын;
- 7-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Баткен шаарынын шаар башкармалыгынын структурасы жана штаттык саны күчүн жоготту деп табылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-февралындагы № 130 токтомуна тиркеме
Баткен облусунун Баткен шаарынын мамлекеттик башкаруу органдарынын
ШТАТТЫК САНЫ
| № | Органдын аталышы | Штаттык бирдиктин саны |
|---|---|---|
| 1 | Шаардык социалдык коргоо башкармалыгы | 9 |
| 2 | Шаардык финансы бөлүмү | 5 |
| 3 | Шаардык маданият бөлүмү | 3 |
| 4 | Шаардык билим берүү бөлүмү | 4 |
| 5 | Дене тарбия жана спорт боюнча шаардык бөлүм | 3 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
Н.Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Постановление Правительства КР от 23 июня 2000 года N 370 "О передаче объектов в коммунальную собственность городского сообщества и структуре городской управы города Баткен…Постановление · 23.06.2000 · № 370
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 4-июну № 4117-V "Областтык түзүмдөр ээлеп турган социалдык чөйрөнүн объекттерин бошотуу жана Баткен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине…Постановление · 05.06.2014 · № 4117-V
- Баткен шаардык кенешинин 2025-жылдын 25-декабрындагы №86 "Баткен шаарынын аймагындагы жер тилкелеринин тиешелүү бөлүктөрүнүн багытын өзгөртүүгө Баткен шаарынын мэриясынын…Постановление · 25.12.2025 · № 86
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Постановление Правительства КР от 2 августа 2001 года №406 "О типовой структуре и штатной численности аппаратов мэрий городов областного подчинения"Постановление · 02.08.2001 · № 406 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги №230 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.04.2009 · № 230 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Постановление Правительства КР от 23 июня 2000 года N 370 "О передаче объектов в коммунальную собственность городского сообщества и структуре городской управы города Баткен…Постановление · 23.06.2000 · № 370
- КРЗакон · 21.01.2009 · № 12
- Баткен шаары Кыргыз Республикасынын Баткен областындагы Баткен районунун курамынан чыгаруу жана ага областтык маанидеги шаар статусун берүү жөнүндөЗакон · 01.12.2008 · № 247
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги №230 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 14.04.2009 · № 230 · Күчүн жоготкон