Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2009-жылдагы жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта жүргүзүү боюнча чаралар тууралуу жана Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларын жана айылдык товар өндүрүүчүлөрүн жазгы кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрү менен камсыздоодо аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-02-07.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 7-февралы №79 2009-жылдагы жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта жүргүзүү боюнча чаралар тууралуу жана Кыргыз Республикасынын үрөнчүлүк чарбаларын жана айылдык товар өндүрүүчүлөрүн жазгы кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрү менен камсыздоодо аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөтүлгөн мамлекеттик колдоо, колдогу резервдерди пайдалануу боюнча жер-жерлерде көрүлгөн уюштуруу чаралары республикада 2008-жылдагы талаа жумуштарын жүргүзүү темпине жакшы таасир тийгизгендигин белгилейт. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жалпы айдоо аянты 2008-жылы 1159,9 миң гектарды түзүп, 2007-жылга салыштырмалуу 31,1 миң гектарга же 2,8 процентке көбөйдү. Пайдаланылбаган айдоо аянты 2008-жылга салыштырмалуу 36,8 миң гектарга азайып, 108,2 миң гектарды түзгөн. Дан жана дан буурчак өсүмдүктөрү 2008-жылы 655,1 миң гектарга айдалып, 2007-жылга карата 107,2 процент түзүп, 44,0 миң гектарга көбөйгөн. Буудай себүү аянттары 392,5 гектарга чейин кеңейтилген же 2007-жылга салыштырмалуу 35,1 миң гектарга көбөйтүлгөн. Ошону менен бирге республикада кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүнүн төмөндөө тенденциясы сакталууда. Дан өсүмдүктөрүнүн 2008-жылдагы түшүмдүүлүгүнүн иштелип чыккандан кийинки салмагы 23,2 ц/га түзгөн же 1,1 ц/га азыраак, анын ичинде буудай - 19,4 ц/га же 2007-жылдын деңгээлине карата 0,6 ц/га азыраак болгон. Табигый-климатикалык катаал шарттар (апрелдеги үшүк, дан байлаган учурдагы кургакчылык, селдер жана мөндүрлөр) менен катар түшүмдүн төмөндөшүнө себүү материалдардын сапатынын төмөндүгү алып келүүдө. 2008-жылы республика боюнча өндүрүш айдоолору үчүн буудай 46 процент, арпа - 60 процент, текшерилбеген үрөн материалы, анын ичинде Талас облусунда тиешелүү түрдө 84 жана 83 процент, Чүй облусунда - тиешелүү түрдө 53 жана 61 процент пайдаланылган. Баштапкы үрөнчүлүк чарбасын жүргүзүү укугу бар мамлекеттик үрөнчүлүк чарбаларынын финансы-экономикалык абалынын оордугунан жазгы арпанын супер элита жана элита үрөндөрүнүн өндүрүш көлөмү кескин кыскарган, сорт жаңылоо жана сорт алмаштырууну жүргүзүүдө жагымсыз жагдайлар түзүлүп жатат. Республиканын үрөнчүлүк чарбаларынын буудайдын супер элита жана элита үрөндөрүнүн керектөөсү 1205 тонна болсо, иш жүзүндө 269 тонна, же 22,3 процент сатып алынган, ал эми арпанын супер элита жана элита үрөндөрүнүн керектөөсү 600 тонна болсо, анын 40 тоннасы, же 6,6 проценти сатып алынган. Сорт алмаштыруу туруктуу жүргүзүлбөйт, натыйжада республиканын үрөнчүлүк чарбалары төмөнкү түшүмдүүлүк касиеттеги - аз түшүм берүүчү жана нан бышыруулук, технологиялык сапаттары төмөн үчүнчү жана жалпы репродукциядагы үрөн материалдарын өндүрүүдө. Жылдан жылга жазгы арпа менен буудайдын сертификацияланган үрөнүнүн көлөмү азаюуда. Республика боюнча 2009-жылдын жазгы себүүсү үчүн буудайдын үрөнүнө керектөө - 32,6 миң тоннаны түзсө, иш жүзүндө 20,8 миң тонна даярдалган же 11,8 миң тонна жетишпейт; жазгы арпанын үрөнү боюнча - тиешелүү түрдө 20,9 миң тонна, 10,1 миң тонна, 10,8 миң тонна жетишпейт. 2008-жылдын апрелиндеги үшүктөрдөн жана жайкы кургакчылыктан Чүй облусунун чарбаларында себүү үчүн жазгы буудайдын үрөнү 3,5 миң тонна, жана жазгы арпа үрөнү - 8,0 миң тонна жетишпейт. Нарын облусунда кургакчылыктын жана суунун аздыгынын натыйжасында себүү үчүн жазгы буудайдын үрөнү - 3,6 миң тонна, жана жазгы арпа үрөнү - 1,8 миң тонна жетишпейт. "Айыл Банк" ачык акционердик коому тарабынан берилген каражаттардан "2009-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрдү күздүк себүүнү уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-августундагы № 446 токтому менен биринчи жана экинчи топтогу үрөнчүлүк чарбаларына кредит берүү үчүн 60,0 млн.сом жиберилген, кредит жана салык боюнча карызы болгондуктан 89 чарбанын ичинен 16 чарба гана 7 млн.сом суммасына кредит алышкан. Жазгы-талаа жумуштарын 2009-жылы уюшкандыкта жүргүзүү жана республиканын үрөнчүлүк чарбаларын жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү буудай менен арпанын жогорку сапаттагы үрөн материалдары менен камсыздоодо аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары оптималдуу агротехникалык мөөнөттөрдө 2009-жылдагы жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта жүргүзүүнү камсыздашсын.
2. 2009-жылы айыл чарба жумуштарына даярдык көрүү жана өткөрүү менен байланышкан маселелерди ыкчам чечүү боюнча № 1 тиркемеге ылайык курамда республикалык штаб (мындан ары - Республикалык штаб) түзүлсүн.
Республикалык штабдын жумушчу органы Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги болуп белгиленсин.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары:
- 2009-жылдын түшүмү үчүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын түзүмүн № 2 тиркемеге ылайык аткаруу үчүн кабыл алышсын;
- 2009-жылга себүү аянттарынын тиешелүү түзүмдөрүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткиришсин;
- облустарда жана райондордо ушул сыяктуу жумушчу штабдарды түзүшсүн;
- төмөнкүлөрдү камсыздашсын:
жумушчу штабдардын ыкчам жана иштиктүү иштешин; Республикалык штабдын жумушчу органдары белгиленген форма боюнча айыл чарба жумуштарын жүргүзүүнүн жүрүшү жөнүндө оперативдүү маалыматты жума сайын берүүнү; себүүчү, жер иштетүүчү жана транспорттук айыл чарба техникасынын өз учурунда даяр болушун; пайдаланылбаган айдоолордун ишке максималдуу киргизилишин; ички чарбалык сугат системасынын ным топтоочу жана вегетациялык сугат жүргүзүүнү баштоого даярдалышын; күйүүчү-майлоочу материалдардын, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо каражаттарынын зарыл көлөмдөгү запастарынын топтолушун.
- 2009-2011-жылдарга үрөнчүлүк айдоо үчүн аянттарын жана ушул токтомдун № 3 тиркемесине ылайык күздүк жана жазгы себүү үчүн буудайдын жана арпанын сорттуу үрөнүн өстүрүү боюнча тапшырмаларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жеткиришсин;
- дыйкан жана фермер чарбаларында буудай жана арпанын экинчи жана үчүнчү репродукциясындагы сорттуу үрөндөрүнүн өстүрүлүшүн уюштурушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жазгы буудайдын жана арпанын супер элита жана элита үрөнүн сатып алуу (түз сатып алуу ыкмасы менен) үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 504 "Кыргыз Республикасынын "2008-2010-жылдарга карата буудайдын үрөнчүлүгүн өнүктүрүү" мамлекеттик программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен каралган каражаттардын чегинде 21,9 млн.сомду эки жумалык мөөнөттө бөлүп берсин.
5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги:
- ушул токтомдун 4-пунктунда аталган каражаттарга жазгы буудайдын жана арпанын супер элита жана элита үрөнүн, анын ичинде "Мамлюк" сортундагы жазгы арпанын, анын ичинен Россия Федерациясынын Ставрополь крайынан 60 тонна - супер элита, 120 тонна - элита үрөнүн сатып алсын;
- сатып алынган жазгы буудайдын жана арпанын супер элита жана элита үрөнүн процентсиз товардык кредит түрүндө 2009-жылдагы жазгы себүүнүн сортун жаңылоо жана сорт алмаштыруу үчүн № 4 тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду аркылуу тиешелүү кредиттик келишимдерди жана күрөөлүк милдеттенмелерди тариздөө менен 2009-жылдын 15-декабрына чейинки мөөнөттө биринчи топтогу үрөнчүлүк чарбаларына бөлүштүрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду менен бирдикте мамлекеттик карыз каражаттар (Япония Өкмөтүнүн грантынын линиясы жана Кытай Эл Республикасынын гранты боюнча 10 жылдын ичинде төлөө мөөнөтү менен берилген кредиттерден тышкары) боюнча карызды жоюунун эсебине сунуштаган үрөнчүлүк чарбалардан жана башка чарбакер субъекттерден жазгы буудай жана жазгы арпанын биринчи, экинчи, үчүнчү репродукциядагы үрөнүн мүмкүн болушунча максималдуу көлөмдө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүн республикалык мамлекеттик үрөн фондуна топтосун;
- үрөндүн сорттуу жана себүү сапатына шайкеш келүүсүн текшерсин:
- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон жазгы буудайдын жана жазгы арпанын үрөнүн пайдалануу боюнча сунуштарды товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссияга киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик эки жумалык мөөнөттө:
- үрөн материалына байланыштуу ички рынокто түзүлгөн кырдаалга талдоо жүргүзсүн;
- жазгы буудайдын жана жазгы арпанын төмөнкүдөй сорттуу үрөндөрүнө сатып алуу бааларын белгилесин:
айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрүнүн республикалык мамлекеттик үрөн фондунда топтолгон; 2009-жылдын жазгы себүүсүнө пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги тарабынан сатып алынган.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 токтому менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык жазгы буудай жана жазгы арпанын үрөндөрү түрүндөгү товардык кредиттерди алуучулар менен документтерди тариздесин.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 79 токтомуна № 1 тиркеме
2009-жылдагы айыл чарба жумуштарына даярдык көрүү жана өткөрүү менен байланышкан маселелерди оперативдүү чечүү боюнча республикалык штабдын КУРАМЫ
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри - штабдын төрагасы; Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри - штабдын төрагасынын орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министринин биринчи орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын өнөржай, энергетика жана отун ресурстары министри; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директору; "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Баткен облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары; Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары; Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары; Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары; Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары; Талас облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары; Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысынын айыл чарба маселелерин тейлеген орун басары.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр
Н.Айтмурзаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №79 токтомуна №2 тиркеме
2009-жылга сунушталуучу айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын ТҮЗҮМҮ
Өсүмдүктөрдүн аталышы
Республика боюнча
Анын ичинде облустар боюнча
Баткен
Жалал- Абад
Ысык- Көл
Нарын
Ош
Талас
Чүй
Айдоо аянты
1166,47
61,70
147,40
184,50
106,14
164,90
102,21
399,62
Дан эгиндер бардыгы
658,84
39,60
73,70
101,10
33,94
95,30
61,30
253,90
анын ичинен буудай
411,80
22,90
47,50
77,30
23,60
72,90
16,60
151,00
Арпа
121,40
6,40
1,20
22,70
10,20
5,80
0,50
74,60
Жүгөрү
76,30
6,30
21,80
-
0,10
14,90
6,50
26,70
Дан буурчакта
41,10
1,90
-
0,70
-
0,20
37,70
0,60
Башкалар
8,24
2,10
3,20
0,40
0,04
1,50
-
1,00
Кант кызылчасы
0,80
-
-
-
0,10
0,70
Пахта
28,50
0,30
18,50
-
-
9,70
-
-
Тамеки
4,12
0,60
0,40
3,10
-
0,02
Май өсүмдүктөрү
67,10
4,80
26,90
0,40
0,20
22,60
2,80
9,40
Картөшкө
84,90
2,10
7,00
34,00
6,20
9,80
15,00
10,80
Жашылча лар
42,00
2,30
6,80
2,30
0,70
6,40
3,80
19,70
Бахча өсүмдүктөрү
5,61
0,30
1,50
-
-
1,60
0,01
2,20
Тоют өсүмдүктөрү
274,60
11,70
12,60
46,70
65,10
16,40
19,20
102,90
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр
Н. Айтмурзаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы № 79 токтомуна № 3 тиркеме
Кыргыз Республикасынын облустарынын жана райондорунун үрөнчүлүк, дыйкан жана фермердик чарбаларына 2009-2011-жылдарга кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнүн себүү боюнча ТАПШЫРМА
Облустардын, райондордун аталышы жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрү
Камсыздандыруу жана өтмө запастарын эске алуу менен кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөнүнө болгон жылдык керектөө, тонна
Үрөн себүү үчүн талап кылынуучу сугат айдоо, га
Үрөн себүү үчүн үрөн чарбаларындагы сугат айдоо, га
Үрөн себүү үчүн жетишпеген сугат айдоо, га
Дыйкан жана фермер чарбаларында үрөн себүү үчүн айдоо бөлүү боюнча тапшырма
2009-ж.
2010-ж.
2011 -ж.
1
2
3
4
5
6
7
8
Республика боюнча
142791
49422
22392
27030
6758
9460
10812
буудай
115084
38342
16388
21954
5488
7684
8782
арпа
27707
11080
6004
5076
1270
1776
2030
Баткен облусу
6002
2086
292
1794
448
628
718
буудай
4704
1567
219
1348
337
472
539
арпа
1298
519
73
446
111
156
179
Баткен району
1135
386
44
342
85
120
137
буудай
1015
338
38
300
75
105
120
арпа
120
48
6
42
10
15
17
Кадамжай району
1926
642
170
472
118
165
189
буудай
1926
642
170
472
118
165
189
Лейлек району
2941
1058
78
980
245
343
392
буудай
1763
587
47
540
135
189
216
арпа
1178
471
31
440
110
154
176
Жалал-Абад облусу
11295
3781
1541
2240
560
784
896
буудай
11041
3680
1508
2172
543
760
869
арпа
254
101
33
68
17
24
27
Аксы району
805
268
137
131
33
46
52
буудай
805
268
137
131
33
46
52
Ала-Бука району
1863
621
252
369
92
129
148
буудай
1863
621
252
369
92
129
148
Базар-Коргон району
1426
478
131
347
87
121
139
буудай
1380
460
126
334
83
117
134
арпа
46
18
5
13
4
4
5
Ноокен району
1713
571
486
85
21
30
34
буудай
1713
571
486
85
21
30
34
Сузак району
4030
1352
407
945
237
330
378
буудай
3900
1300
390
910
228
318
364
арпа
130
52
17
35
9
12
14
Токтогул району
575
192
32
160
40
56
64
буудай
575
192
32
160
40
56
64
Тогуз-Торо району
518
176
46
130
33
45
52
буудай
460
153
39
114
28
40
46
арпа
58
23
7
16
5
5
6
Чаткал району
365
123
50
73
19
25
29
буудай
345
115
46
69
18
24
27
арпа
20
8
4
4
1
1
2
Ысык-Көл облусу
33743
11595
2664
8931
2233
3126
3572
буудай
28477
9490
2233
7257
1815
2540
2302
арпа
5266
2105
431
1674
418
586
670
Ак-Суу району
9865
3373
945
2428
607
850
971
буудай
8589
2863
803
2060
515
721
824
арпа
1276
510
142
368
92
129
147
Жети-Өгүз району
4960
1717
312
1405
351
492
562
буудай
3994
1331
240
1091
273
382
436
арпа
966
386
72
314
78
110
126
Ысык-Көл району
4798
1637
458
1179
295
413
471
буудай
4223
1407
394
1013
254
354
405
арпа
575
230
64
166
41
59
66
Тоң району
3090
1054
810
244
62
85
97
буудай
2711
903
688
215
54
75
86
арпа
379
151
122
29
8
10
11
Түп району
11030
3814
139
3675
919
1286
1470
буудай
8960
2986
108
2878
720
1007
1151
арпа
2070
828
31
797
199
279
319
Нарын облусу
9871
3472
1588
1884
472
659
753
буудай
7138
2379
1080
1299
324
455
520
арпа
2733
1093
508
585
148
204
233
Ат-Башы району
1349
506
130
376
94
132
150
буудай
502
167
43
124
31
43
50
арпа
847
339
87
252
63
89
100
Ак-Талаа району
1692
574
297
277
69
97
111
буудай
1543
514
264
250
63
87
100
арпа
149
60
33
27
6
10
11
Жумгал району
1881
637
268
369
92
129
148
буудай
1723
574
241
333
84
116
133
арпа
158
63
27
36
8
13
15
Кочкор району
3185
1141
478
663
166
232
265
буудай
1998
666
277
389
97
136
156
арпа
1187
475
201
274
69
96
109
Нарын району
1764
614
415
199
51
69
79
буудай
1372
457
307
150
38
52
60
арпа
392
157
108
49
13
17
19
Ош облусу
20419
6875
1237
5638
1410
1973
2255
буудай
19359
6451
1150
5301
1326
1855
2120
арпа
1060
424
87
337
84
118
135
Алай району
431
162
-
162
41
56
65
буудай
151
50
-
50
13
17
20
арпа
280
112
112
28
39
45
Араван району
2517
839
82
757
190
265
302
буудай
2517
839
82
757
190
265
302
Кара-Суу району
6023
2015
502
1513
379
529
605
буудай
5910
1970
487
1483
371
519
593
арпа
113
45
15
30
8
10
12
Кара-Кулжа району
1151
410
71
339
86
118
135
буудай
751
250
43
207
52
72
83
арпа
400
160
28
132
34
46
52
Ноокат району
4789
1599
340
1259
316
440
503
буудай
4739
1579
333
1246
312
436
498
арпа
50
20
7
13
4
4
5
Өзгөн району
5508
1850
242
1608
402
563
643
буудай
5291
1763
230
1533
384
536
613
арпа
217
87
12
75
18
27
30
Талас облусу
4450
1486
788
698
175
244
279
буудай
4390
1462
772
690
173
241
276
арпа
60
24
16
8
2
3
3
Бакай-Ата району
1230
413
207
206
52
72
82
буудай
1190
397
198
199
51
69
79
арпа
40
16
9
7
1
3
3
Кара-Буура району
1237
413
331
82
21
28
33
буудай
1217
405
324
81
20
28
33
арпа
20
8
7
1
1
-
-
Манас району
1190
396
210
186
47
65
74
буудай
1190
396
210
186
47
65
74
Талас району
793
264
40
224
56
78
90
буудай
793
264
40
224
56
78
90
Чүй облусу
57011
20127
14282
5845
1462
2045
2338
буудай
39975
13313
9426
3887
972
1360
1555
арпа
17036
6814
4856
1958
490
685
783
Аламүдүн району
3938
1372
1290
82
21
28
33
буудай
3072
1014
955
59
15
20
24
арпа
896
358
335
23
6
8
9
Жайыл району
10298
3616
1322
2294
573
803
918
буудай
7538
2512
912
1600
400
560
640
арпа
2760
1104
410
694
173
243
278
Кемин району
4334
1576
669
907
227
317
363
буудай
2356
785
335
450
133
157
160
арпа
1978
791
334
457
94
160
203
Москва району
8432
2967
2270
697
174
244
279
буудай
6085
2028
1544
484
127
169
188
арпа
2347
939
726
213
47
75
91
Панфилов району
8028
2882
3152
+270
-
-
-
буудай
4946
1649
1797
+148
-
-
-
арпа
3082
1233
1355
+122
-
-
-
Сокулук району
12127
4299
1659
2640
664
924
1052
буудай
8279
2760
1062
1698
425
594
679
арпа
3848
1539
597
942
239
330
373
Ысык-Ата району
6866
2381
3720
+1339
-
-
буудай
5477
1825
2864
+1039
-
-
-
арпа
1389
556
856
+300
-
-
-
Чүй району
2958
1034
200
834
208
292
334
буудай
2222
740
140
600
150
210
240
арпа
736
294
60
234
58
82
94
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр
Н. Айтмурзаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-февралындагы №78 токтомуна №4 тиркеме
Сатып алынган жазгы буудайдын жана арпанын супер элита жана элита үрөнүн 2009-жылдагы жазгы себүүдө сорт жаңылоо жана сорт алмаштыруу үчүн биринчи топтогу үрөнчүлүк чарбаларына бөлүштүрүү
Облустардын аталышы
Жогорку репродукциядагы сорттуу үрөндүн бөлүнүшү, тонна
Бюджеттик каражаттардын суммасы, миң сом
буудай
арпа
буудай
арпа
бардыгы
супер элита
элита
бардыгы
супер элита
элита
бардыгы
супер элита
элита
супер элита
элита
Баткен облусу
4
10
14
-
3
3
196,0
350,0
-
120,0
666,0
Жалал-Абад облусу
15
25
40
5
12
17
735,0
875,0
250,0
480,0
2340,0
Ысык- Көл облусу
20
45
65
5
25
30
980,0
1575,0
250,0
1000, 0
3805,0
Нарын облусу
38
65
103
5
22
27
1862,0
2275,0
250,0
880,0
5267,0
Ош облусу
7
10
17
5
5
10
343,0
350,0
250,0
200,0
1143,0
Талас облусу
4
15
19
-
3
3
196,0
525,0
-
120,0
841,0
Чүй облусу
31,3
60
91,3
40
60
100
1533,7
2100,0
2000,0
2400, 0
8033,7
Республика боюнча
119,3
230
349,3
60
125
185
5845,7
8050,0
3000,0
5000, 0
21895,7
Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр
Н. Айтмурзаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-апрелиндеги №257 "Кыргыз Республикасын 2010-2012-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү божомолу жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2009 · № 257 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги №147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана…Постановление · 14.04.2008 · № 147 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 15-августунун №446 "2009-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан өсүмдүктөрдү күздүк себүүнү уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар…Постановление · 15.08.2008 · № 446 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Ренспубликасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 504 "Кыргыз Республикасынын "2008-2010-жылдарга карата буудайдын үрөнчүлүгүн өнүктүрүү" мамлекеттик программасын…Постановление · 23.10.2007 · № 504 · Күчүн жоготкон