86-берене. Жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоонун
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2009 года № 20
жыйынтыктарын чыгаруу жана натыйжаларын аныктоо
1. Участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде ок-
ругдук шайлоо комиссиялары жергиликтүү кењешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыктарын чыгарат жана тез арада аларды тиешелүү облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиясына берет, анын натыйжасын тийиштүү аймак боюнча аныктайт.
2. Тиешелүү шайлоо округунун добуш берүүгө катышкан шайлоочулары-
нын эњ көп сандагы добушун алган талапкерлер (мандаттын санына ылайык) шайланды деп табылат. Талапкерлер алган добуштар тењ болуп калган учур- да мурда катталган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде талапкерлер бир күнү катталган болсо, маселе чүчүкулак өткөрүү жолу менен чечилет.
3. Жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоонун натыйжасы облус-
тук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоонун натый- жасы аныкталган күндөн тартып он күндүн ичинде жалпыга маалымдоо кара- жаттарына жарыяланат.
4. Округдук шайлоо комиссиялары тиешелүү аймактардагы шайлоонун
жыйынтыктарын жарыялагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кењештин депутатынын статусу менен шайкеш келбеген ыйгарым укуктарын тапшырып бергендиги жөнүндө арыздарын алгандан кийин үч күн- дүк мөөнөттө шайланган депутаттарды каттоодон өткөрөт. Тиешелүү обласс- тык, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссиялары шайланган депутаттарга Бор- бордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген үлгүдөгү шайлангандыгы тууралу күбөлүк берет.
5. Эгерде сот шайлоочулардын алда канча көп сандагы добушун топто-
гон талапкерге карата кылмыш ишин өндүрүшкө кабыл алган болсо жана шай- лоонун натыйжаларын аныктаганга чейин иш боюнча тиешелүү соттук актыны чыгарбаса, шайлоо комиссиясы кылмыш иши боюнча соттук чечим чыгарылган- га чейин шайланган талапкерди депутат деп каттоону токтото турат. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
86-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
23.01.2009 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…депутат деп каттоону токтото турат.
(КР 2009-жылдын 23-январындагы алынып салынды: N кошулду: № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай-
ык)
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз…Закон · 23.01.2009 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/7/st-86" title="86-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>