62-берене. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
талапкерди колдогон колтамгаларды чогултуу
1. Президенттин кызматына талапкер кеминде 50 мињ шайлоочунун кол-
тамгасы менен колдоого алынууга тийиш. Мында талап кылынган жалпы сан- дагы кол тамганын кеминде 3 пайызы ар бир облуска, Бишкек жана Ош шаар- ларына туура келүүгө тийиш.
2. Колтамгаларды чогултуу Президенттикке талапкерлерди көрсөтүү
күнүнөн тартып башталат жана талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү тара- бынан уюштурулат.
3. Президенттин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлдө-
рүнүн саны 50 адамдан ашпоого тийиш.
4. Колтамгалар активдүү шайлоо укугу бар шайлоочулардын арасынан
гана чогултулушу мүмкүн. Шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу алар иш- теген, кызмат кылган, окуган, жашаган жерлерде, шайлоо алдындагы иш-ча- раларда, ошондой эле ушул Кодекс менен үгүт ишине жана колтамга чогул- тууга тыюу салынбаган жерлерде жүргүзүлөт. Юридикалык жактардын же алардын филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн администрацияларынын кол- тамга чогултууга катышуусуна, ошондой эле колтамга чогултуу процессинде мажбурлоого жана кол койгондугу же колтамгаларды чогултууга тоскоолдук кылгандыгы үчүн шайлоочуларды сыйлоого жол берилбейт. Эмгек акы, пенсия жана башка социалдык төлөмдөрдү берүү учурунда жана ал берилип жаткан жерлерде колтамга чогултууга тыюу салынат. Мындай тыюу салууну одоно жана бир нече ирет бузуу тийиштүү шайлоо комиссиясынын, болбосо соттун чогулган колтамгаларды жараксыз деп табышына жана (же) талапкерди кат- тоондон баш тартууга негиз болушу мүмкүн.
5. Шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу укугу Кыргыз Республика-
сынын эрезеге жеткен иш-аракетке жөндөмдүү жаранына таандык.
6. Талапкерди жактап берилген ар бир колтамга коюу баракчасында
талапкерлердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган убактысы, иштеген жери, ээ- леген кызматы (кылган иши) көрсөтүлүүгө тийиш.
7. Шайлоочу колтамга коюу баракчасына колтамгасын коюп жатып, өз
колу менен төмөнкүдөй маалыматтарды: өз фамилиясын, аты-жөнүн, жашаган жеринин дарегин, туулган жылын (18 жаштагылар үчүн - күнүн, айын), кол койгон күнүн көрсөтөт. Шайлоочулар ар башка талапкерлерди, бирок бир гана жолу тигил же бул талапкерди жактап колтамга коюуга укуктуу.
8. Ар бир колтамга коюу баракчасына бул адам колтамгаларды жеке
өзү чогулткандыгы жана ал так жана туура экендиги жөнүндө маалымат ко- шулууга тийиш, ошондой эле колтамга чогулткан адамдын фамилиясы, аты-жөнү, паспортунун же аны алмаштыруучу документтин сериясы жана но- мери, өз колтамгасы, анан дагы колтамга чогултулган калктуу конуштун аталышы көрсөтүлүүгө тийиш.
9. Кол коюу баракчалары Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген
формага ылайык даярдалат.
10. Президенттикке талапкерди колдоп колтамга чогултуу боюнча тол-
турулган кол коюу баракчалары көктөлгөн жана номерленген түрдө ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан шайлоо күнүнө чейин 50 күндөн кечиктирбестен облустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссияларына берилет, алар беш күндүк мөөнөттө каттоо кызматынын кызматкерлерин тартуу менен кол- тамгалардын аныктыгын текшерет. Кол коюу баракчаларын кабыл алууда об- лустук, Бишкек жана Ош шаардык шайлоо комиссиялары ар бир кол коюу ба- ракчасын шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрөт жана кол коюу баракчалары кабыл алынгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү ырастоону берет, мында шайлоочулардын колтамгаларынын саны, кабыл алуу датасы жана убак- тысы көрсөтүлөт. Коюлган бардык колтамгалар же жөнөкөй иргеп алуу (чү- чүкулак) аркылуу текшерүүгө тандап алынган колтамгалардын бир бөлүгү текшерилиши мүмкүн.
11. Текшерилген ар бир учур жөнүндө каттоо үчүн колтамгаларды су-
нуш кылган талапкерлердин бардыгы маалымдар кылынууга тийиш. Колтамга- ларды, анын ичинде текшерүү үчүн иргеп алган колтамгаларды да текшерүү- дө белгиленген санда колтамгаларды сунуш кылган талапкерлердин бардыгы же алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууга укуктуу. Кол коюу барак- чалары шайлоо комиссиясына берилгенге чейин талапкер, ыйгарым укуктуу өкүлдөр тарабынан чыгарып салынган (сызып коюлган), бирок кол коюу ба- ракчасында турган колтамгалар, эгер алар аны атайын белгилесе, текше- рилбейт жана эсепке алынбайт. Текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин кол коюу баракчалары аларды Борбордук шайлоо комиссиясына берүү үчүн талапкер- лердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө кайра кайтарылат.
12. Текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин облустук, Бишкек жана Ош шаардык
шайлоо комиссиялары тийиштүү протокол толтурат жана аны Борбордук шай- лоо комиссиясына жөнөтөт.
13. Кол коюу баракчалары ушул беренеде каралган талаптар сакталба-
са жараксыз деп эсептелет.
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
62-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/7/st-62" title="62-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>