57-берене. Жарандардын шайлоо укуктарын бузгандык үчүн
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
жоопкерчилик
Төмөнкүлөр:
1) Кыргыз Республикасынын жарандары шайлоо жана шайлануу укугун
жүзөгө ашырышына күч колдонуу, алдоо, коркутуу, будамайлоо менен менен башкача ыкма менен тоскоолдук кылган, же добуш берүүнүн купуялыгын буз- ган, шайлоочулардын тизмеси менен таанышууга жарандардын укугун бузган, болбосо талапкерди колдоп кол коюуга жарандарды мажбурлаган же аларга тоскоолдук кылган, ошондой эле кол коюу маалыматтарын оњдоого катышкан, болбосо шайлоочуларды сатып алган адамдар;
2) шайлануу максатында өзүнүн кызматтык же ээлеген абалынын артык-
чылыктарын пайдаланган; болбосо катталган шайлоочулар (шайлоочулардын тизмеси) жөнүндө маалыматтарды өз учурунда түзбөгөн жана көрсөтүлгөн маалыматтарды тиешелүү шайлоо комиссияларына жөнөтөөр алдында аларды тактабаган; же шайлоону финансылоо эрежелерин бузган, анын ичинде шай- лоо комиссияларына каражаттарды которууну создуктурган, болбосо жаран- дарга шайлоо бюллетендерин башка адамдар үчүн добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүү үчүн берген, же шайлоо документтерин оњдоп салган, билип туруп жалган документтерди түзгөн жана берген, билип туруп добуштарды туура эмес эсептеген же добуш берүүнүн жыйынтыгын, шайлоонун жыйынтыгын билип туруп туура эмес чыгарган, шайлоонун натыйжаларын туура эмес аныктаган, өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерге карабастан добуш берүүнүн жыйынтыктары, шайлоонун жыйынтыктары, шайлоонун натыйжалары жөнүндө маалыматтарды бербеген же жарыялабаган адамдар;
3) талапкерлер, саясый партиялар жөнүндө жалган маалыматтарды би-
лип туруп таркаткан, болбосо талапкерлердин, алардын жакын туугандары- нын жана талапкерлердин өкүлдөрүнүн, саясый партиялардын жана алардын өкүлдөрүнүн ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген башка иштерди жасаган, же шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, байкоочулардын, элара- лык байкоочулардын, талапкерлердин, саясый партиялардын, жалпыга маа- лымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн укугун, анын ичинде маалыматтарды жа- на шайлоо документтеринин көчүрмөлөрүн өз учурунда алуу укугун бузган, байкоочуларды, эларалык байкоочуларды, талапкерлерди, талапкерлердин, саясый партиялардын тизмесин, талапкерлердин жана саясый партиялардын өкүлдөрүн, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн каттоодон не- гизсиз баш тартышкан, шайлоо участкаларында шайлоо укуктарын ишке ашы- рууга тоскоолдук кылышкан, шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүү эрежелерин бузган, анын ичинде добуш берүү күнүнөн мурунку күнү жана добуш берүү күнү үгүт жүргүзгөн, шайлоо комиссиялары өз милдеттерин аткарышына бай- ланышкан алардын ишине тоскоолдук кылган же ага мыйзамга жат түрдө кий- лигишкен, добуш берүү үчүн жайдан шайлоо бюллетендерин алып чыккан, шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө каражаттардын чыгымдалышы жөнүндө от- четторду, талапкерлердин, саясый партиялардын шайлоо фонддорунун финан- сылык отчетторун жана шайлоону өткөрүүгө бөлүнгөн бюджеттик каражаттар- дын чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетторун бербеген же жарыялабаган жактар, ошондой эле шайлоого катышуу үчүн мыйзамда каралган өргүү бе- рүүдөн баш тарткан иш берүүчүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык, администрациялык, болбосо башка жоопкерчилик тартат.
II. ӨЗГӨЧӨ БӨЛҮК
XI глава Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
57-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/7/st-57" title="57-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>