Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
55-берене. Мамлекеттик жана башка органдардын, алардын кызмат
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 июля 2009 года № 225
адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздиктерине) даттануунун соттук тартиби
1. Жарандардын шайлоо укуктарын бузган мамлекеттик бийлик органда-
рынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын жана башка органдардын, алардын кызмат адамдарынын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги), шайлоо комиссияларынын, алардын кызмат адамдарынын, шайлоо процессинин башка катышуучуларынын чечимдери жана аракеттери (аракетсиздиги), ошондой эле ушул Кодекстин талаптарын бузган талапкерлердин, саясый партиялардын, алардын өкүлдөрүнүн аракет- тери ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө сотко даттанылышы мүмкүн.
2. Соттор, прокуратура жана ички иштер органдары өз ишин даттануу-
ларды өз убагында кароону камсыз кылгыдай кылып (анын ичинде дем алыш күндөрү) уюштурууга милдеттүү.
3. Жарандардын шайлоо укуктарын, ушул Кодекстин талаптарын бузган
чечимдерге жана (же) аракеттерге (аракетсиздиктерге) даттануулар менен тийиштүү округдун шайлоочулары, талапкерлери, талапкерлердин өкүлдөрү, саясый партиялардын өкүлдөрү, коммерциялык эмес уюмдар, байкоочулар, ошондой эле шайлоо комиссиялары кайрыла алат. Ал жактар даттанууну так баяндап жана даттануу негизделген далилдерди жана күбөлүктөрдү тапшы- рууга же көрсөтүүгө тийиш. Шайлоо комиссиясынын атынан даттануу шайлоо комиссиясынын чечими боюнча берилет, ал комиссиянын жыйналышында кабыл алынат жана даттануу- га тиркелет, ага шайлоо комиссиясынын төрагасы кол коет жана мөөрү ме- нен күбөлөндүрүлөт.
4. Даттанууну сот карап чыгууга кабыл алган жана жаран же шайлоо
процессинин башка катышуучусу ушундай даттануу менен шайлоо комиссиясы- на кайрылган учурда шайлоо комиссиясы соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин даттанууну карап чыгууну токто турат. Сот келип түшкөн даттануу жөнүндө тийиштүү шайлоо комиссиясына кабарлайт.
5. Шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн даттануулар сот та-
рабынан даттануу түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө, бирок добуш берүү күнүнөн мурунку күндөн кечиктирбестен, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүүдөн кийинки күнү - дароо каралууга тийиш. Эгерде даттанууда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылса, ал боюнча чечимдер беш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен кабыл алынат.
6. Соттун жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө так кабарланды-
рылган арыз ээсинин, жоопкердин, алардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле тие- шелүү шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жерги- ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, башка таламдаш адамдардын сотко келбей калышы ишти карап чыгуу жана чечүү үчүн тос- коолдук болуп саналбайт.
7. Добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнч даттанууну жогору турган
тийиштүү шайлоо комиссиясы карагандан кийин 3 календарлык күндүн ичиңде добуш берүүнүн жыйынтыгы сотко даттанылышы мүмкүн. Бул мөөнөт өткөндөн кийин даттануу кабыл алынбайт. Шайлоонун натыйжасына анын натыйжасы аныкталгандан кийин үч кален- дарлык күндүн ичинде сотко даттанылышы мүмкүн. Даттануу берүү мөөнөтү узартылбайт же кайра башталбайт. Бул мөөнөт өткөндөн кийин даттануу ка- был алынбайт.
8. Ушул Кодексте, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган
учурларда сот тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечимин алып сала алат. Эгерде шайлоо комиссиясынын чечими сот тарабынан жокко чыгарылган болсо, чечими жокко чыгарылган шайлоо комиссиясы же жогору турган шай- лоо комиссиясы соттун чечиминин негизинде маселенин мањызы боюнча жањы чечим кабыл алат.
9. Соттун чечими ал чыгарылган учурдан баштап күчүнө кирет жана
мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органда- ры, коммерциялык эмес уюмдар, кызмат адамдары, шайлоо комиссиялары жана шайлоо процессинин башка катышуучулары үчүн милдеттүү. Сот кабыл алган чечим дароо арыз ээсине, жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө, ошондой эле тийиштүү шайлоо комиссияларына берилет. Көзөмөлдүк даттанууну берүү ушул Кодекс менен белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө биринчи инстанциядагы соттун чечимин шайлоо комиссиясы тарабынан аткарылышын убактылуу токтотот.
10. Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу соттун чечими
чыгарылгандан учурдан тартып үч күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
11. Райондук (шаардык) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими дат-
тануу түшкөн күндөн баштап 5 календарлык күндүн ичинде көзөмөл тарти- бинде каралат. Көзөмөлдүк даттануу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет, ал милдеттүү түрдө Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлүн чакыртат. Соттун чечимине көзөмөлдүк даттануу чечим чыгарган тийиштүү сот аркылуу берилет. Даттанууну тикелей көзөмөл инстанциясына берүү датта- нууну кароо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт. Көзөмөлдүк инстанциядагы соттун токтому ал чыгарылган учурдан баш- тап мыйзамдуу күчүнө кирет, биротоло чечим болуп саналат жана даттануу- га жатпайт. (КР 2009-жылдын 17-июлундагы №225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (2)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- (Русский) Решение от 29 апреля 2009 годаКонституциялык соттун чечими · Решение Конституционного суда · 29.04.2009
- КР Конституциялык сотунун 2009-жылдын 29-апрелиндеги (Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 45-беренесинин 11-пунктун, 46-беренесинин 7-пунктун, 54-беренесинин…Сот практикасы · Решение · 29.04.2009
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Конституциялык сотунун 2009-жылдын 29-апрелиндеги (Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 45-беренесинин 11-пунктун, 46-беренесинин 7-пунктун, 54-беренесинин…Решение · 29.04.2009
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 6-октябрындагы № 306 "2010-жылдын 5-октябрындагы № 48 КСДП саясий партиясынын арызы жөнүндө" токтомуПостановление · 06.10.2010 · № 306
- (Русский) Решение от 29 апреля 2009 годаРешение Конституционного суда · 29.04.2009
Беренеде аталган актылар (4)
- КР Конституциялык сотунун 2009-жылдын 29-апрелиндеги (Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 45-беренесинин 11-пунктун, 46-беренесинин 7-пунктун, 54-беренесинин…Решение · 29.04.2009
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/7/st-55" title="55-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>