45-берене. Жогору турган шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 июля 2009 года № 225
45-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 45-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
жыйынтыктарын чыгаруу тартиби
1. Участкалык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары
жөнүндө протоколдорунун биринчи нускалары ушул Кодекстин 44-беренесинин 19-пунктунда көрсөтүлгөн шайлоо документтери менен бирдикте аларга участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койгондон кийин тез арада акт боюнча жогору турган шайлоо комиссиясына өткөрүп берилет, ал тийиш- түү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарат. Шайлоонун жүрүшүндө автоматташтырылган маалымат тутуму пайдаланыл- ган учурда участкалык шайлоо комиссиясынын протоколдору алдынала текше- рилгенден жана маалыматтар "Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган ту- тумуна киргизилгенден кийин "Шайлоо" мамлекеттик автоматташтырылган ту- тумуна киргизилген маалыматтар участкалык шайлоо комиссияларынын прото- колдорунун биринчи нускаларынын маалыматтарына ылайык келе тургандыгы жөнүндө акт түзүлөт, ага добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссиясынын протоколун жеткирген участкалык шайлоо комиссиясы- нын төрагасы же катчысы, автоматташтырылган тутумду пайдаланууга көзө- мөл кылуу боюнча топтун мүчөлөрү жана маалыматты киргизүү үчүн жооптуу адам кол коет, мында акт түзүлгөн дата жана убакыт көрсөтүлөт. Актынын көчүрмөсү участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасына (мүчөсүнө) бери- лет.
2. Тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыгы ушул Кодекс менен
укук берилген шайлоо комиссиясы тарабынан түздөн-түз участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн протоколдордун негизинде алардагы маалыматтарды кошуу жолу менен чыгарат. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө участкалык шайлоо комиссияла- рынын протоколдору туура түзүлгөндүгүн алдынала текшергенден кийин шай- лоо комиссиясы бардык участкалык шайлоо комиссияларынын маалыматтарын кошуу жолу менен тиешелүү аймакта шайлоонун жыйынтыктарын чыгарат. До- буш берүүнүн жыйынтыктары боюнча тийиштүү шайлоо комиссиясы жыйынды таблицаны жана протоколду түзөт, ага участкалык шайлоо комиссияларынын саны, добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол негизделип түзүлө турган келип түшкөн протоколдордун саны жөнүндө маалыматтар, ошондой эле участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун саптары боюнча жалпы маалыматтар жазылат. Тиешелүү аймакта шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол ко- ер алдында шайлоо комиссиясы милдеттүү түрдө жыйынтык жыйналышты өткө- рөт, анда комиссияга келип түшкөн добуш берүүнү жүргүзүү, добуштарды эсептөө жана төмөн турган шайлоо комиссияларынын протоколдорун түзүү менен байланышкан даттануулар (арыздар) каралат. Шайлоо комиссиясы ар бир даттануу (арыз) боюнча чечим кабыл алат, андан соњ шайлоо комиссия- сынын мүчөлөрү жана келип түшкөн даттануулар (арыздар) боюнча шайлоо комиссиясы кабыл алган чечимге макул болгон арыз ээлери шайлоо комисси- ясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коет. Шайлоо комиссиясынын жыйынтык жыйналышынын протоколуна кол коюу учурунда протоколдун мазму- нуна макул болбогон шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү ага өзүнүн өзгөчө пи- кирин тиркөөгө укуктуу, бул жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Андан кийин шайлоо комиссиясы тиешелүү аймактагы шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коет.
3. Шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдор шайлоо комиссиялары
тарабынан эки нускада, ошондой эле ар бир талапкер, талапкерлердин тиз- месин каттаган саясый партия үчүн бирден нускада түзүлөт жана аларга шайлоо комиссиясынын катышып олтурган бардык мүчөлөрү кол коет. Прото- колдорго тиешелүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө эки нускада түзүлүүчү жыйынды таблица, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн өз- гөчө пикири, ошондой эле келип түшкөн даттануулар (арыздар) жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер тиркелет.
4. Шайлоо комиссиясынын протоколунун биринчи нускасы кол коюлган-
дан кийин тез арада жыйынды таблицанын биринчи нускасы менен бирдикте жогору турган шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
5. Протоколдун экинчи нускасын бардык шайлоо документтери менен
бирдикте көрсөтүлгөн комиссиянын катчысы кайтарылуучу жайда алар архив- ге берилгенге чейин сактайт.
6. Протоколдордун башка нускалары шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн
катышуусу менен талапкерлердин, талапкерлердин катталган тизмесин кат- таган саясый партиялардын өкүлдөрүнө кол койдуртуп берилет.
7. Шайлоонун жыйынтыктары жөнүндөгү протоколдун чоњойтулган форма-
сы жалпы элдин таанышуусу үчүн тийиштүү шайлоо комиссиясы белгилеген жерге илинип коюлат жана шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин сак- талат.
8. Эгерде шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколго жана (же) жый-
ынды таблицага кол коюлгандан жана алардын биринчи нускалары жогору турган шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөндөн кийин протоколду, жыйынды таб- лицаны жөнөткөн шайлоо комиссиясы алардан так эместикти тапса, ал өзү- нүн жыйналышында протоколго жана (же) жыйынды таблицага тактоолорду киргизүү жөнүндө маселени кароого укуктуу. Кабыл алынган чечим жөнүндө комиссия милдеттүү тартипте өзүнүн мүчөлөрүнө, байкоочуларга жана мурда бекитилген протоколду түзүү учурунда катышкан башка адамдарга, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маалымдайт. Мындай учурда шайлоо комиссиясы протокол түзөт, анда "Кайталоо" деген белги коюлат. Көрсөтүлгөн протокол тез арада жогору турган шайлоо комиссиясы- на жөнөтүлөт.
9. Төмөн турган шайлоо комиссияларынан келип түшкөн добуш берүүнүн
жыйынтыктары жөнүндө протоколдордо жана (же) жыйынды таблицаларда ката- лар, дал келбестиктер табылганда жана (же) протоколдор туура түзүлгөн- дүгү жагынан шектенүү келип чыкканда жогору турган шайлоо комиссиясы шайлоочулардын добуштарын кайталап эсептөөнү шайлоо комиссиясы жүргүзү- шү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Кайталап эсептөө жогору турган шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш укугу бар мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн), комиссиянын кењеш берүү добуш укугу бар мүчөсүнүн (мүчөлөрүнүн) милдет- түү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт. Добуштарды кайталап эсептөөгө та- лапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрү жана байкоочулар катышууга укуктуу. Шайлоочулардын добуштарын кайталап эсептөөнүн жыйынтыктары бо- юнча шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол тү- зөт, анда "Добуштарды кайталап эсептөө" деген белги коюлат. Протокол тез арада жогору турган шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
10. Тийиштүү жогору турган (округдук) шайлоо комиссиясы шайлоо
участкасында добуш берүүнүн жыйынтыгын төмөнкү учурда анык эмес деп тааныйт:
а) эгерде добуш берүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынты-
гын чыгаруу учурунда шайлоочулардын добуштарынын жыйынтыгын ишенимдүү аныктоого мүмкүндүк бербеген ушул Кодексти бузуулар орун алса;
б) эгерде добуш берүү, добуштарды эсептөө, добуш берүүнүн жыйынты-
гын чыгаруу учурунда шайлоочулардын эркбилдирүүсүнө таасир тийгизген ушул Кодексти бузуулар орун алса;
в) ушул Кодекс менен белгиленген негиздерде жана тартипте Борбор-
дук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча;
г) ушул Кодекс менен белгиленген негиздерде жана тартипте соттун
чечими боюнча.
11. (КР 2009-жылдын 17-июлундагы №225 Мыйзамынын редакциясына
ылайык алынып салында) (КР 2009-жылдын 17-июлундагы №225 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
45-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (5)
- КР Конституциялык сотунун 2009-жылдын 29-апрелиндеги (Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кодекстин 45-беренесинин 11-пунктун, 46-беренесинин 7-пунктун, 54-беренесинин…Решение · 29.04.2009
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндөЗакон · 17.07.2009 · № 225 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/7/st-45" title="45-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>