Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
39-берене. Шайлоо бюллетени
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2009 года № 20
1. Добуш берүүгө катышуу үчүн шайлоочу шайлоо бюллетенин алат, ал
өтө жооптуу отчеттук документ болуп саналат, аны сактоо даражасын Бор- бордук шайлоо комиссиясы аныктайт. Шайлоо бюллетендеринин саны каттал- ган шайлоочулардын санынан 0,5 пайыздан ашык болууга тийиш эмес. Президентти, Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин даярдоодо атайын кагаз (жарыкка салганда көрүнүүчү белги- лери бар кагаз же түстүү кагаз), же атайын боек колдонулат.
2. Шайлоо бюллетенинин тексти добуш берүү күнүнө чейин кеминде 20
календарлык күн мурда тиешелүү шайлоо комиссиялары тарабынан бекитилет. Шайлоо бюллетенинин тексти анын бир бетинде гана жайгаштырылууга тийиш.
3. Шайлоо бюллетени алфавит тартибинде ар бир талапкердин фамилия-
сын, аты-жөнүн, туулган жылын, негизги иштеген жерин же кызматын (иши- нин түрүн) жана ал ким тарабынан көрсөтүлгөндүгүн камтыйт. Талапкерлердин тизмеси үчүн добуш берүүнү өткөргөн учурда шайлоо бюллетенинде саясый партиянын аталышы, ошондой эле саясый партиянын тизмесиндеги алгачкы беш талапкердин фамилиясы, аты-жөнү, туулган жылы, ээлеген кызмат орду (ишинин түрү) Борбордук шайлоо комиссиясынын чүчү- кулагы менен аныкталган тартипте катар номурун көрсөтүү менен жайгашты- рылат.
4. Ушул берененин 3-пунктунда көрсөтүлгөн талапкерлер жөнүндө маа-
лыматтардын, саясый партиялардын аталыштарынын оњ тарабына бош квадрат жайгаштырылат. Талапкерлердин тизмесинин, саясый партиялардын аталышта- рынын аягына "Бардык талапкерлерге каршы" ("Талапкерлердин бардык тиз- мелерине каршы") деген сап жайгаштырылат, анын оњ жагында бош квадрат жайгашат.
5. Шайлоо бюллетендери добуш берүү күнүнө чейин 10 календарлык
күндөн кечиктирбестен кыргыз жана орус тилдеринде басылат. Ар бир шай- лоо бюллетени аны толтуруунун тартиби жөнүндө түшүндүрмөнү камтууга тийиш.
6. Шайлоо бюллетени шайлоо өткөрүлүүчү органдын аталышын, шайлоо
округунун аталышын жана номерин же бирдиктүү шайлоо округу жөнүндө көр- сөтүүнү камтыйт.
7. Басмакана жараксыздарын алып салгандан кийин шайлоо бюллетенде-
рин ал шайлоо бюллетендерин заказ кылган шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү- нө акт боюнча өткөрүп берет. Шайлоо бюллетендери берилгенден кийин шай- лоо комиссиясынын кеминде 3 мүчөсүнүн көзүнчө, басмакананын, укук кор- гоо органдарынын өкүлдөрүн чакыруу менен жараксыз жана ашыкча шайлоо бюллетендери жок кылынат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага катышып отурган бардык адамдар кол коет.
8. Шайлоо комиссиялары шайлоо бюллетендерин акт боюнча төмөн тур-
ган шайлоо комиссияларына, анын ичинде участкалык шайлоо комиссияларына берет. Шайлоо бюллетендеринин туура таратылып берилиши үчүн жоопкерчи- ликти тиешелүү шайлоо комиссияларынын төрагалары тартат.
9. Шайлоо бюллетендери тийиштүү шайлоо комиссияларына добуш берүү
күнүнө чейин 10 календарлык күндөн кечиктирбестен, кайталап добуш бер- ген учурда добуш берүү күнүнө чейин 5 календарлык күндөн кечиктирбес- тен, ал эми участкалык шайлоо комиссияларына добуш берүү күнүнө чейин 2-1 күн мурда берилет. Участкалык шайлоо комиссиясына берилүүчү шайлоо бюллетендеринин саны шайлоо бюллетендери берилген күнгө карата шайлоо участкасы боюнча шайлоочулардын негизги тизмесине киргизилген шайлоочу- лардын санынан 0,5 пайыздан ашык болбоого тийиш. Жогору турган (округдук) шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо бюлле- тендери участкалык шайлоо комиссиясына актылар боюнча жогору турган (округдук) шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кеминде жарымынын катышуусу менен өткөрүлүп берилүүдө жогору турган шайлоо комиссияларынын мүчөлө- рү, талапкерлердин, саясый партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууга укуктуу. Шай- лоо бюллетендерин алгандан кийин участкалык шайлоо комиссиясынын мүчө- лөрү участкалык шайлоо комиссиясынын имарат-жайында талапкерлердин, са- ясый партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоо бюллетендерин кай- радан санап чыгышат, бул жөнүндө акт түзүлөт, ага бардык катышып олтур- ган адамдар кол коет. Участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы участка- лык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн кеминде жарымынын, талапкерлердин, саясый партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоо бюллетендеринин тиешелүү жерлерине участкалык шайлоо комиссиясынын мөөрүн басат.
10. Шайлоо бюллетендери даярдалгандан кийин айрым талапкерлер, та-
лапкерлердин тизмелери чыгып кеткен учурда, участкалык, жогору турган (округдук) шайлоо комиссиялары округдук шайлоо комиссияларынын чечими боюнча шайлоо бюллетендеринен тийиштүү талапкерлер, талапкерлердин тиз- мелери жөнүндө маалыматтарды чийип салат. Чийип салуу талапкер, саясый партия жөнүндө бардык маалыматтар жазылган саптар боюнча шариктүү ка- лемсап менен гана түз сызык түрүндө жүргүзүлүүгө тийиш. Мында чийүү сы- зыгы талапкер, саясый партия жөнүндө маалымат жазылган саптын каршысын- дагы бош квадратты камтышы керек.
11. Шайлоо бюллетендери, шайлоочулардын тизмелери жана башка шай-
лоо документтери, тиешелүү шайлоо комиссиясынын мөөрү сакталып турган атайын сейф (шкаф) коюлган имарат-жай мөөр басып бекитилет жана ички иштер органдарына кайтарууга тапшырылат.
12. Ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен шайлоо бюллетендерин
басмакананын, шайлоо комиссиясынын имарат-жайынан алып чыгууга, ошондой эле көчүрмөлөөгө жана таркатууга тыюу салынат. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
23.01.2009 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жана таркатууга тыюу салынат.
(КР 2009-жылдын 23-январындагы алынып салынды: N кошулду: № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай-
ык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2001-жылдын 13-ноябрындагы N521 "Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселкаларынын жана райондук баш ийүүдөгү…Постановление · 13.11.2001 · № 521 · Күчүн жоготкон
- Жобо 2001-жылдын 13-ноябрындагы N521 "Кыргыз Республикасынын айылдарынын, поселкаларынын жана райондук баш ийүүдөгү шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчыларын…Положение · 13.11.2011 · № 521 · Күчүн жоготкон
- Жобо1999-жылдын 22-ноябрындагы N169 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо бюллетендерин…Положение · 22.11.1999 · № 169 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз…Закон · 23.01.2009 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/7/st-39" title="39-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>