27-берене. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо
Күчүн жоготкон · 02.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 2 июля 2011 года № 68.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 23 января 2009 года № 20
27-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 27-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн округдук
шайлоо комиссияларына төмөнкүдөй документтер берилет:
- ушул Кодекстин 25-беренесинде каралган документтер;
- көрсөтүү протоколу же өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арыз;
- өмүр баянынын маалыматтарын көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маа-
лыматтардын формасы;
- паспортунун көчүрмөсү;
- иштеген же окуган жеринен маалымкат (тийиштүүлүгүнө жараша иште-
ген иши бар адамдар жана студенттер үчүн);
- шайлоо күрөөсүн койгондугун ырастаган, ушул Кодекстин Өзгөчө бө-
лүгүндө каралган документ;
- ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө каралган башка документтер.
2. Тийиштүү шайлоо комиссиясы ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө бел-
гиленген мөөнөттө сунуш кылынган документтер ушул Кодекстин талаптарына ылайык келээрин текшерүүгө жана талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо, болбосо каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдет- түү. Мында эгерде шайлоо комиссиясы талапкердин же талапкерлердин тиз- месинин документтеринде ушул талапкерди же талапкерлердин тизмесин кат- тоо үчүн тоскоолдук болуп эсептелген ылайык келбөөчүлүктөрдү тапса, шайлоо комиссиясы документтерди кабыл алгандан кийин 24 сааттын ичинде талапкерге же саясый партияга бул ылайык келбөөчүлүктөр жөнүндө кабар- лоого милдеттүү. Талапкер же саясый партия кабарландырууну алган учур- дан тартып 48 сааттын ичинде зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жана оњдол- гон документтерди тиешелүү шайлоо комиссиясына берүүгө укукгуу.
3. Бир эле адамды бир эле шайлоодо бирден ашык көп мандаттуу шай-
лоо округунда каттоого жол берилбейт.
4. Саясый партия көрсөткөн талапкерди каттоо учурунда шайлоо ко-
миссиясынын тиешелүү чечиминде тиешелүү партия аны көрсөткөндүгүнүн фактысы белгиленет.
5. Талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоодон баш тартуу жөнүн-
дө чечим кабыл алынган учурда тийиштүү шайлоо комиссиясы ал кабыл алын- ган учурдан тартып бир сутканын ичинде талапкерге же анын ыйгарым укук- туу өкүлүнө, саясый партиянын ыйгарым укуктуу өкүлүнө шайлоо комиссия- сынын баш тартуусунун негизи баяндалган чечиминин көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү. Төмөнкүлөр баш тартууга негиз болот:
1) талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн ушул Кодекске
ылайык зарыл болгон документтердин жок болушу, ошондой эле ушул Кодекс- тин 72-беренесинин талаптарын сактабагандык;
2) ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүндө белгиленген талапкерди колдоо
боюнча берилген шайлоочулардын анык колтамгаларынын саны жетишсиз болу- шу;
3) талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу;
4) тиешелүү шайлоодо талапкер башка саясый партиянын тизмесинде же
башка көп мандаттуу шайлоо округунда катталгандыгынын фактысы болсо;
5) ушул Кодексте белгиленген учурларда талапкер, саясый партия
өзүнүн шайлоо фондун түзбөгөндүгү;
6) талапкер башка мамлекеттин жарандыгына тиешелүү экендиги.
Эгерде саясый партиянын талапкери, ыйгарым укуктуу өкүлү ушул бе- ренеде көрсөтүлгөн каттоо үчүн бардык зарыл документтерди сунуш кылба- са, бирок аларды каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин кошумча сунуш кылса, шайлоо комиссиясы талапкерди, талапкерлердин тизмесин каттоого мил- деттүү.
6. Бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесине кирги-
зилген айрым талапкерлерге карата ушул берененин 1, 3, 4- жана 6-пункт- чаларында каралган каттоодон баш тартуу үчүн негиздердин болушу талап- керлердин бекитилген тизмесинен аларды чыгарып салуу үчүн гана негиз боло алат.
7. Талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим жогору турган
шайлоо комиссиясына же сотко даттанылышы мүмкүн.
8. Президенттикке же жергиликтүү кењештердин депутаттыгына талап-
кер, ошондой эле талапкерлердин тизмесинде турган талапкер каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин үч күндөн кечиктирбестен Борбор- дук (тиешелүү округдук) шайлоо комиссиясына жазуу жүзүндө арыз берүү менен шайлоого андан ары катышуудан баш тартууга акылуу. Саясый партия каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин үч календарлык күндөн кечиктирбестен талапкерлердин тизмесин кайра чакыртып алууга жана бир- диктүү шайлоо округу боюнча шайлоого катышуудан баш тартууга же Борбор- дук шайлоо комиссиясына тийиштүү жазуу жүзүндөгү арыз берүү менен тий- иштүү шайлоо комиссиясы бекиткен тизмеден кээ бир талапкерлерди чыгарып салууга укуктуу. Аталган арыздардын негиздеринде талапкерди, талапкер- лердин тизмесин каттаган Борбордук (тиешелүү округдук) шайлоо комиссия- сы талапкерлердин каттоосун жокко чыгаруу, талапкерлердин тийиштүү тиз- месинен талапкерди чыгарып салуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
9. Эгерде шайлоо округунда катталган талапкерлердин саны мандат-
тардын белгиленген санынан аз болуп калса, тийиштүү шайлоо комиссиясы- нын чечими боюнча талапкерлерди кошумча көрсөтүү жана кийинки шайлоо иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн ошол шайлоо округундагы шайлоолор кийинки- ге жылдырылат.
10. Тийиштүү шайлоо комиссиясы талапкерлерди каттагандан кийин бе-
шинчи күндөн кечиктирбестен ар бир талапкердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн), иштеген жана жашаган жерин, ошондой эле анын партияга таандыктыгы жөнүндөгү маалыматтарды көрсөтүү менен каттоо жөнүндөгү билдирүүнү басмасөзгө жарыялайт.
11. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттаган-
дан кийин бешинчи күндөн кечиктирбестен саясый партиялардын аталышта- рын, ошондой эле саясый партиялардан талапкерлердин тизмесине киргизил- ген талапкердин фамилиясын, аты-жөнүн, туулган жылын, ээлеген кызматын (ишинин түрүн) жашаган жерин көрсөтүү менен каттоо жөнүндө билдирүүнү басмасөзгө жарыялайт.
12. Тиешелүү шайлоо комиссиясы каттоодон кийин 2 календардык
күндүн ичинде талапкерлерге шайлоо округун жана каттоо датасын көрсөтүү менен талапкердин тийиштүү күбөлүгүн берет. (КР 2009-жылдын 23-январындагы № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай- ык)
Берененин тексти 02.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
27-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 23 января 2009 года № 20 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (Кодекс Кыргызской Республики о выборах в Кыргызской Республике, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности)"Редакцияларды салыштыруу
23.01.2009 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…тийиштүү күбөлүгүн берет.
(КР 2009-жылдын 23-январындагы алынып салынды: N кошулду: № 20 Мыйзамынын редакциясына ылай-
ык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 2-сентябрындагы № 189 "Ата Мекен" саясий социалисттик партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо…Постановление · 02.09.2010 · № 189
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 2-сентябрындагы № 190 "Ата Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин…Постановление · 02.09.2010 · № 190
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз…Закон · 23.01.2009 · № 20 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/7/st-27" title="27-берене - Кыргыз Республикасындагы шайлоо Кодекси жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>