Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 16 «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2016-жылдын 23-январы ПЖ № 16 Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент, Маргун айылдык кеңештерине, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим, Атай айылдык кеңештерине, Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешине, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов, Терек, Коңорчок, Жерге-Тал айылдык кеңештерине, Жумгал районунун Куйручук, Түгөл-Сай, Таш-Дөбө, Чаек, Кызыл-Жылдыз айылдык кеңештерине, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешине, Балыкчы, Каракол шаардык кеңештерине, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешине, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кеңешине, Кемин районунун Кемин шаардык кеңешине, Ош облусунун Алай районунун Будалык айылдык кеңешине, Ош шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо жекшембиге, 2016-жылдын 27-мартына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансылык чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлсүн;
- шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Лейлек районунун, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Аксы райондорунун, Нарын облусунун Ак-Талаа жана Жумгал райондорунун, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун, Чүй облусунун Аламүдүн, Кемин жана Ысык-Ата райондорунун, Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары, Ысык-Көл облусунун Балыкчы жана Каракол шаарларынын жана Ош шаарынын мэрлери шайлоолорго даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 13 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (13)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 68 "2016-жылдын 27-мартындагы Чүй облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 11.04.2016 · № 68
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 71 "2016-жылдын 27-мартындагы Жалал-Абад облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 11.04.2016 · № 71
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 69 "2016-жылдын 27-мартындагы Нарын облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 11.04.2016 · № 69
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 73 "2016-жылдын 27-мартындагы Ош облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин…Постановление · 11.04.2016 · № 73
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 28-январындагы № 12 "2016-жылдын 27-мартына дайындалган Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү…Постановление · 28.01.2016 · № 12
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 75 "2016-жылдын 27-мартындагы Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешинин…Постановление · 11.04.2016 · № 75
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 74 "2016-жылдын 27-мартындагы Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаардык кеңешинин…Постановление · 11.04.2016 · № 74
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 77 "2016-жылдын 27-мартындагы Ош шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш…Постановление · 11.04.2016 · № 77
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 70 "2016-жылдын 27-мартындагы Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент жана Маргун…Постановление · 11.04.2016 · № 70
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 28-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын…Постановление · 28.01.2016 · № 13
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 72 "2016-жылдын 27-мартындагы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык…Постановление · 11.04.2016 · № 72
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 6-майындагы № 93 "2016-жылдын 27-мартындагы Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айылдык…Постановление · 06.05.2016 · № 93
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 76 "2016-жылдын 27-мартындагы Чүй облусунун Токмок шаардык кеңешинин депутаттарын…Постановление · 11.04.2016 · № 76
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 2-февралындагы № 20 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук…Постановление · 02.02.2016 · № 20
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон