Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2016-жылдын 27-мартындагы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 11-апрели № 72 2016-жылдын 27-мартындагы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 23-январындагы № 16 Жарлыгы менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо 2016-жылдын 27-мартында өткөрүлгөн. Шайлоону өткөрүү үчүн, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык, Оргочор айылдык кеңешинин аймагында 2 шайлоо округу жана 2 шайлоо участогу түзүлгөн. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, _7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн талапкерлер Оргочор айылдык кеңешинин шайланган депутаттары деп табылсын (тиркелет).
4. Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы шайланган депутаттарды каттасын жана шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белгисин берсин.
5. Бул токтомдун көчүрмөсү Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчисинин орун басары А.Р.Джолбуновго жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 72 токтомуна тиркеме
Оргочор айылдык кеңешинин шайланган депутаттарынын тизмеси 8 мандаттуу Оргочор шайлоо округу
№
Фамилия, имя, отчество
Количество набранных голосов
1
Асаналиев Сапарбек Сагынбекович
414
2
Касмалиев Таалайбек Усенович
329
3
Атакозуева Вадига Армияевна
297
4
Акматов Жаналы Урсаевич
319
5
Усеналиев Талантбек Асангариевич
294
6
Байсымаков Азамат Борколдоевич
254
7
Каптагаев Турар Шаршенбекович
247
8
Акматов Адилет Берикбаевич
231
3 мандаттуу Боз-Бешик шайлоо округу
№
Фамилия, имя, отчество
Количество набранных голосов
1
Мамбетакунов Айбек Таалайбекович
179
2
Мамытов Кубатбек Абдыисакович
140
3
Сүйүнбаева Гүлүм Ишенбаевна
103
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Президентинин 2016-жылдын 23-январындагы ПЖ № 16 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү кеңештеринин…Указ · 23.01.2016 · № 16 · Күчүн жоготкон