Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
13-статья. Пенсияларды дайындоонун шарттары
Күчүндө · 14.06.2017 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 5 марта 2016 года № 19
Көп жыл кызмат өтөгөндүгү үчүн пенсияга төмөнкүлөр укуктуу:
а) кызматтан бошотулган күнгө карата аскер кызматында же прокуратура, ички иштер органдарында, Өрткө каршы мамлекеттик кызматында, жазык-аткаруу тутумунун мекемелери менен органдарында, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында, каржы полициясында, атайын байланыш кызматында 20 жыл же андан ашык кызмат өтөгөн офицердик курамдагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматынын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;
"б) курагы, оорусу, штаттардын кыскарышы же ден соолугунун абалынын чектелгендиги боюнча кызматтан бошотулган офицердик курамдагы адамдар, прапорщиктер, мичмандар жана мөөнөттөн тышкаркы кызматтын аскер кызматкерлери, прокуратура органдарынын прокурорлору жана тергөөчүлөрү, ички иштер органдарынын, Өрткө каршы мамлекеттик кызматтын, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын, баңги заттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, каржы полициясынын, атайын байланыш кызматынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар жана кызматтан бошотулган күнгө карата:
- 25 календардык жыл жана андан ашык жалпы камсыздандыруу стажы бар, анын кеминде 12 жыл жана 6 айын аскер кызматы же прокуратура, ички иштер органдарындагы, Өрткө каршы мамлекеттик кызматындагы, жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги жана органдарындагы, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, каржы полициясындагы, атайын байланыш кызматындагы кызматты түзгөн 50 жаш курагындагы эркектер;
- 20 календардык жыл жана андан ашык жалпы камсыздандыруу стажы бар, анын кеминде 10 жылын атайын наам берилген учурдан тартып аскер кызматы же прокуратура, ички иштер органдарындагы, Өрткө каршы мамлекеттик кызматындагы, жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги жана органдарындагы, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдагы, каржы полициясындагы, атайын байланыш кызматындагы кызматты түзгөн 45 жаш курагындагы аялдар пенсия алууга укуктуу.
(КР 2016-жылдын 5-мартындагы № 19 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 14.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын катарындагы жана жетекчилик курамындагы адамдарга, алардын үй-бүлөсүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия, пособие дайындоонун…Положение · 13.01.1995 · № 12
- КР Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 13-декабрындагы № 2770-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 13.12.2018 · № 2770-VI
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 "Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу" токтомуПостановление · 18.10.2013 · № 568 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-декабрындагы № 705 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик…Постановление · 27.12.2016 · № 705 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/690/st-13" title="13-статья - Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>