Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2018-жылдын 13-декабры № 2770-VI "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү демилгелеген (2018-жылдын 28-сентябрындагы № 452 токтому) "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору төмөнкүдөй параметрлерди бекитүү менен экинчи окууда кабыл алынсын:
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин кирешелери 54562418,0 миң сом жалпы суммасында, 2020-жылга божомолу - 57426512,0 миң сом суммасында, 2021-жылга - 60992094,4 миң сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин чыгашалары 53095587,7 миң сом жалпы суммасында, 2020-жылга божомолу - 56525516,1 миң сом суммасында, 2021-жылга - 60397022,3 миң сом суммасында;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинин таңкыстыгынын өлчөмү 1466830,3 миң сом суммасында, 2020-жылга таңкыстыгынын божомолу - 900995,9 миң сом суммасында, 2021-жылга - 595072,0 миң сом суммасында.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 2019-жылга республикалык бюджетте 2017-жыл үчүн республикалык бюджеттин ассигнованиялары боюнча социалдык фонддун алдындагы карызын жабууга 85279,1 миң сом суммасында акча каражатын карасын;
- 2019-жылдан тартып этап боюнча "Аскер кызматчыларын пенсиялык камсыздоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинде каралган сиңирген эмгеги үчүн пенсияларды дайындоодо аны 30 жылга жеткирүү менен сиңирген эмгегинин мөөнөтүн жыл сайын көбөйтсүн;
- аскер кызматчыларын топтолуучу пенсиялык фондду түзүү тутумуна киргизүү жөнүндө маселени карасын;
- "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын сунуштарынын аткарылышын камсыз кылсын.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
Д.Джумабеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндөЗакон · 07.05.1993 · № 1194
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндөЗакон · 23.01.2019 · № 12
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-сентябрындагы № 452 "Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2019-жылга бюджети жана 2020-2021-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 28.09.2018 · № 452 · Күчүн жоготкон