9-статья. Ички иштер органдарынын укуктары
Күчүндө · 11.06.2025 редакциясы · II бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109
9-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 9-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Ички иштер органдарына (кызматкерлерине) өздөрүнө жүктөлгөн тапшырмаларды жана милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктар берилет:
1) жарандардан жана кызмат адамдарынан коомдук тартипти сактоону, кылмыштарды, укук бузууларды жана ички иштер органдарынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуучу аракеттерди токтотууну талап кылуу; мыйзамдуу талаптар аткарылбаган учурда мыйзамдарда каралган мажбурлоо чараларын колдонуу;
2) эгерде жарандар кылмыш, укук бузуу жасады деп шектенүүгө жетиштүү негиздер бар болсо, алардын ким экендигин тастыктоочу документтерин, ошондой эле аткарылышын контролдоо ички иштер органдарына жүктөлгөн эрежелердин сакталышын текшерүү үчүн зарыл болгон башка документтерин текшерүү;
3) укук бузуулар жөнүндө протоколдорду толтуруу, компетенциясынын чегинде жаза чараларын салуу, укук бузуучуларды кармоо жана ички иштер органдарына жеткирүү, буюмдарды жана транспорттук каражаттарды жеке карап чыгуу, буюмдарды жана башка нерселерди алып коюу, укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү камсыз кылуунун мыйзамда каралган башка чараларын колдонуу;
4) Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган учурларда, шектүүлөрдү, айыпталуучуларды жана соттолгондорду, ошондой эле кылмыштарды жасагандыгы боюнча шектүү катары кармалган же болбосо селсаяктык жана кайырчылык кылгандыгы үчүн кармалган адамдарды фотосүрөткө тартуу, үнүн жана видеого жаздыруу, дактилоскопиялоо жана каттоо;
5) Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө мыйзамдарына ылайык укук бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашыруу;
6) 18 жаш куракка чыга элек, алардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган же болбосо укук бузууларды жана укукка каршы аракеттерди жасоосуна шарт түзгөн жагдайга туш болгон адамдарды мыйзамдуу өкүлдөрүнө (алар жок болгон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга) өткөрүп бергенге чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте балдар арасындагы укук бузуулардын алдын алуу боюнча борборлорго жеткирүү жана убактылуу кармоо;
7) укук бузууну жасаган аскер кызматчыларын кармоо жана аларды аскер коменданттарына, аскер бөлүктөрүнүн командирлерине же аскер комиссарларына өткөрүп берүү;
8) кылмыштарды жасады деп шектелген жана айыпталып жаткан адамдарды мыйзамда белгиленген тартипке ылайык кармоо жана камакка алуу;
9) кылмыш жана укук бузууларды жасаган адамдарды алкоголду, баңгизаттарды, токсиндүү жана башка психотроптук каражаттарды пайдалангандыгы жагынан мыйзамдарда белгиленген тартипте текшерүүдөн өткөрүү же болбосо аларды мындай текшерүүдөн өткөрүү үчүн медициналык мекемелерге жиберүү же жеткирүү;
10) өз өндүрүшүндө турган жазык иштери, укук бузуулар жөнүндө иштер жана материалдар боюнча жарандарды ички иштер органдарына чакыруу, жарандардан көрсөтмөлөрдү, түшүндүрмөлөрдү, маалымдамаларды, документтерди алуу жана алардын көчүрмөлөрүн алуу, жарандарды мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте мажбурлап алып келүү;
11) жазык иштери боюнча экспертизаларды жана изилдөөлөрдү, териштирүүлөрдү жана текшерүүлөрдү жүргүзүү, тергөө аракеттерине, атайын тергөө аракеттерине жана ыкчам иш-чараларга катышуу үчүн адистерди, эксперттерди тартуу;
12) кылмыштарга бөгөт коюу жана бетин ачуу максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыкчам издөө иш-чараларын жүзөгө ашыруу, анын ичинде техникалык каражаттарды колдонуу менен жүзөгө ашыруу;
13) соттун чечимине ылайык сайттарды блокадалоо боюнча чараларды колдонуу менен, Интернет желесинде экстремисттик жана террористтик идеологияны пропагандалаган жана тараткан адамдарды, адамдардын топторун жана уюмдарды табуу боюнча иш-чараларды өз компетенциясынын чегинде жүзөгө ашыруу;
14) (КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15) мыйзамдарда каралган негиздер бар болгондо жарандарга таандык турак жайларга жана башка жайларга, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын (чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн тышкары) аймактарына жана имараттарына тоскоолдуксуз кирүү жана коомдук тартипти камсыз кылуу, кылмышкерлерди кармоо, адамдын өмүрүн, саламаттыгын же мүлкүн сактоо максатында аларды карап чыгуу. Жарандардын эркине каршы алар жашап жаткан турак жайга жана жеке менчикте же башка укукта турган башка объекттерге кирүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракеттеринин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү тергөө судьясы тарабынан 24 сааттын ичинде каралууга тийиш. Ушул пунктта белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат;
16) мыйзамда каралган негиздер бар болгондо кимге баш ийгендигине жана менчигинин формасына карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын аймагына жана имараттарына (чет мамлекеттердин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрүнөн жана эл аралык уюмдардан тышкары), ошондой эле жарандар жекече же эмгектик ишмердик үчүн пайдалануучу жайларга тоскоолдуксуз кирүү, менчик ээсинин же болбосо анын өкүлүнүн, ал ыйгарым укук берген жактын катышуусу менен өндүрүштүк, кампалык, соодалык, кызматтык жайларды, транспорттук каражаттарды, товарлар жана мүлктөр сакталуучу жана пайдаланылуучу башка жерлерди карап чыгуу; ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринен, кызмат адамдарынан жана кызматкерлеринен, ошондой эле жарандардан текшерилип жаткан ишке тиешеси бар зарыл маалыматтарды, маалымдамаларды, документтерди, жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрдү, түшүндүрмөлөрдү алуу;
17) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган негиздер бар болгондо жазык сот өндүрүшүнө катышуучу күбөлөрдү, жабырлануучуларды жана башка катышуучуларды "Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик коргоону жүзөгө ашыруу жөнүндө чечимди кабыл алуу;
18) жарандардын жеке коопсуздугун, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында, ошондой эле тергөө аракеттерин, атайын тергөө аракеттерин жана ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жарандардын айрым участокторго, объекттерге жана аймактарга баруусун чектөө же баруусуна убактылуу тыюу салуу;
19) камактан качкан адамдарды издөө боюнча иш-чараларды, ошондой эле баңгизаттарын камтыган жапайы өсүмдүктөр калың өскөн, балыктардын баалуу породалары урук чачкан жерлерде карантиндик иш-чараларды жүргүзүүдө, улуттук парктардын, мамлекеттик коруктардын жана заказниктердин аймагында башка мамлекеттик органдар менен биргеликте контролдоо-өткөрүү пункттарын орнотуу;
20) жазык иштери, текшерүүлөрдүн колдо болгон материалдары боюнча менчигинин формасына карабастан банктардагы, финансылык-кредиттик мекемелердеги ыкчам жана отчеттук маалыматтарды, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардын кредиттик-акчалай операциялары жөнүндө компьютердик маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алуу; кассаларды, акча, товардык-материалдык баалуулуктар жана документтер сакталуучу башка жерлерди мөөр басып бекитүү, алардын сакталышын камсыз кылуучу башка чараларды көрүү; контролдук сатып алууларды жүргүзүү; чийки заттардын, жарым фабрикаттардын жана продукциянын үлгүлөрүн алып коюу;
21) кылмыштарды жана укук бузууларды жасоого түрткү болуучу себептерди жана шарттарды жоюу боюнча чараларды көрүүнүн зарылдыгы жөнүндө сунуштарды тиешелүү мамлекеттик органдарга, коомдук бирикмелерге же кызмат адамдарына, ошондой эле жекече жана башка эмгектик ишмердик менен жана ишкердиктин башка түрлөрү менен алектенген жактарга киргизүү;
22) шаардык, шаар четиндеги жана жергиликтүү жол каттамдардагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүн (жеңил таксиден тышкары), ал эми айыл жеринде - ошондой эле багыты бир транспортту акысыз пайдалануу; кызматтык максаттарда транспорттун бардык түрлөрүндө жол жүрүү документтерин брондоо же кезексиз сатып алуу;
23) окуялар жана чукул кырдаалдар болгон жерлерге баруу, шашылыш медициналык жардамга муктаж жарандарды медициналык мекемелерге жеткирүү, кылмыш жасаган адамдардын изине түшүү жана аларды ички иштер органдарына жеткирүү үчүн, ошондой эле кийинкиге калтырууга болбогон башка учурларда транспорттук каражаттарды (чет мамлекеттердин дипломатиялык, консулдук өкүлчүлүктөрүнүн, эл аралык уюмдардын транспорттук каражаттарынан жана атайын багыттагы транспорттук каражаттарынан тышкары) тоскоолдуксуз пайдалануу;
24) юридикалык жана жеке жактарга таандык болгон байланыш каражаттарын кызматтык максаттарда тоскоолдуксуз пайдалануу;
25) кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштардын жагдайларын жана аларды жасаган адамдарды аныктоо, таанылбаган өлүктөрдүн ким экенин аныктоо, тергөөдөн, жана соттон качып жүргөн адамдарды, дайынсыз жоголгондорду, автотранспортторду издөө максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын акысыз пайдалануу;
26) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталуучу тизмектер боюнча жарандык жана кызматтык куралды, ок-дарыларды, жарылуучу, таасири күчтүү химиялык, уулуу жана башка заттарды, буюмдарды жана материалдарды сатып алуу, сактоо, ташуу, курал сатуучу дүкөндөрдү, ок ата турган тирлерди жана стенддерди ачуу боюнча контролдоо-уруксат берүү жана чектөө чараларын компетенциянын алкагында жүзөгө ашыруу;
27) жол кыймылынын жана айлана-чөйрөнүн коопсуздугун камсыздоо, автомобиль жолдорун жана башка жол курулмаларын куруу жана пайдалануу, жаңы автотранспорт техникасынын үлгүлөрүн иштеп чыгуу жагынан министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин контролдоо жана сөзсүз түрдө аткарылууга тийиш болгон жазма эскертүүлөрүн берүү; иштин ушул чөйрөлөрүнө тиешеси бар эрежелердин, ченемдердин, стандарттардын жана окуу программаларынын долбоорлорун макулдашуу; зарыл болгон учурда көчөлөрдө жана жолдордо транспорттун жана жөө адамдардын кыймылын, аларда жүргүзүлүп жаткан жумуштарды, техникалык жактан бузук транспорттук каражаттарды пайдаланууну чектөө жана тыюу салуу, транспорттук каражаттарды токтотуу жана айдоочулардын аларды пайдалануу жана башкаруу укугуна документтерин, жолдомо барактарын жана ташып бара жаткан жүктөрдүн товардык-транспорттук документтерге ылайык келишин текшерүү; мас абалдагы адамдарды, ошого тете эле транспорттук каражаттарды башкаруу же пайдалануу укугуна документтери болбогон адамдарды транспорттук каражаттарды башкаруудан четтетүү; Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык укук бузууларга карата кошумча укуктук чараларды көрүү, транспорттук каражаттарды кармоо жана убактылуу сактоо үчүн атайын токтотмолорго жеткирүү;
28) чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кылмыш үчүн жазасын өтөп бүткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып жиберүү;
29) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык лицензия берүү;
30) Кыргыз Республикасынын аймагындагы жеке детективдердин жана детективдик, ошондой эле күзөттүк ишканалардын ишин контролдоо;
31) Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте документтерди кабыл алуунун жана каттоонун электрондук формаларын колдонуу;
32) кылмыштар, укук бузуулар жана окуялар жасалган жагдайларды документтештирүүдө, анын ичинде коомдук жерлерде, ошондой эле өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып жаткан ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аракеттерин жазып алуу үчүн техникалык каражаттарды, анын ичинде аудио, фото жана видео жазып алууну пайдалануу;
33) алынган маалыматтарды кийин жарандар, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жөнүндө маалымат базасына киргизүү менен жарандар жөнүндө маалыматтарды иштетүү;
34) Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар менен иштөө, ошондой эле электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте маалымат базасын түзүү жана жүргүзүү.
(КР 1996-жылдын 19-декабрындагы № 61, 1996-жылдын 19-декабрындагы № 65, 2005-жылдын 8-июнундагы № 74, 2008-жылдын 14-июлундагы № 143, 2011-жылдын 18-октябрындагы № 178, 2012-жылдын 23-майындагы № 63, 2012-жылдын 2-июлундагы № 94, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 , 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 55 , 2019-жылдын 8-июлундагы № 83, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 25 ноября 2022 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере внутренних дел"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 апреля 2019 года № 55 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об органах внутренних дел Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (9)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 24-ноябры № 1380-V "2011-жылдын 6-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин администрациялык имаратынын контролдоо-өткөрүү пунктун…Постановление · 24.11.2011 · № 1380-V
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 25.07.2019 · № 102
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-майы № 226 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын балдар арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча…Постановление · 08.05.2024 · № 226
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 1992-жылдын 16-январындагы № 14 "Республиканын жарандарынын айрым категорияларына жалпы…Постановление · 03.07.2013 · № 398
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы № 410 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 "Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички…Постановление · 15.07.2013 · № 410
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 595 "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыктыярдуу жардамчылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна…Постановление · 23.09.2011 · № 595 · Күчүн жоготкон
- ПОЛОЖЕНИЕ о приемниках-распределителях органов внутренних дел для лиц, не имеющих определенного места жительства, документов (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской…Положение · 19.01.1998 · Күчүн жоготкон
- Постановление Ысыккульской областной государственной администрации от 24 января 2005 года №28 "О создании специализированного взвода муниципальной патрульно-постовой службы…Постановление · 24.01.2005 · № 28 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 445 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Бакир уулу жана Н.А.Мадалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын…Постановление · 03.07.2015 · № 445 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (2)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы № 174-б ("Жазык сот өндүрүшүнө катышкан күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана башка катышуучулардын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз…Распоряжение · 08.05.2013 · № 174-р
- Ички иштер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 25.11.2022 · № 109
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/686/st-9" title="9-статья - Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>