Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 „Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2013-жылдын 15-июлу № 410 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 "Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы № 47 "Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык курал-жаракты, алардын ок-дарыларын колдонууну контролдоо боюнча ички иштер органдарынын иши жана курал-жарак оңдоо устаканаларын ачуунун тартиби тууралуу нускаманы бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускамада:
5-пунктунда: төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "- атайын каражаттарды сатып алууга, сактоого, алып жүрүүгө жана колдонууга байланышкан учурда жекече детективдик жана жекече күзөт ишин жүргүзүүгө;"; сегизинчи абзацындагы "курал-жарак оңдоочулук, пиротехникалык, штемпельдик-гравердук ишканаларды" деген сөздөр алып салынсын; 26-пункттун "а" пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин: "а) тиешелүү тосмолордун, күзөт-өрт сигналдарынын, өрткө каршы жабдуулардын болушу;".
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 15-февралындагы №47 "Контролдоо-уруксат берүү функцияларын жүзөгө ашыруу боюнча ички иштер органдарынын иши жөнүндө нускама жана Кызматтык жана жарандык…Постановление · 15.02.2011 · № 47
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндөЗакон · 11.01.1994 · № 1360-XII
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.