Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 36 «Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2015-жылдын 16-марты ПЖ № 36 Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айылдык кеңештерине, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кеңеш айылдык кеңешине, Алай районунун Коңур-Дөбө, Кабылан-Көл айылдык кеңештерине, Ноокат районунун Исанов, Көк-Бел айылдык кеңештерине, Кара-Суу районунун Сары-Колот, Отуз-Адыр айылдык кеңештерине, Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештерине депутаттарды шайлоо жекшембиге, 2015-жылдын 17-майына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансылык чыгымдарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлсүн;
- шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Баткен облусунун Баткен районунун, Ош облусунун Кара-Кулжа, Алай, Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары шайлоолорго даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандырууда, тактоодо жана түзүүдө жана уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө тийиштүү шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтсүн.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда аталган кеңештердин карамагына таандык документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (8)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-майындагы № 49 "2015-жылдын 17-майындагы Ош облусунун айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын…Постановление · 27.05.2015 · № 49
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-майындагы № 50 "2015-жылдын 17-майындагы Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай…Постановление · 27.05.2015 · № 50
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-майындагы № 53 "2015-жылдын 17-майындагы Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке жана Бакыян…Постановление · 27.05.2015 · № 53
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 20-мартындагы № 24 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү…Постановление · 20.03.2015 · № 24
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-майындагы № 54 "2015-жылдын 17-майындагы Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айылдык…Постановление · 27.05.2015 · № 54
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 20-мартындагы № 20 "2015-жылдын 17-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас…Постановление · 20.03.2015 · № 23
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 30 апреля 2015 года № 42 "Об утверждении Положения «О порядке апробирования модели избирательного…Постановление · 30.04.2015 · № 42
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон