Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2015-жылдын 17-майындагы Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке жана Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 27-майы № 53 2015-жылдын 17-майындагы Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке жана Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Көңүл буруңуздар! КР Борборшайлоокомунун 2016-жылдын 4-октябрындагы № 144 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин талапкерлерин шайланган депутат деп таануу боюнча бөлүктөрү күчүн жоготту.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2015-жылдын 16-мартындагы № 36 Жарлыгы менен дайындалган Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке жана Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2015-жылдын 17-майында өткөрүлгөн. Шайлоону өткөрүү үчүн, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10, 11-беренелерине ылайык Бейшеке айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 3 шайлоо округу жана 3 шайлоо участогу; Бакыян айылдык кеңешинин аймагында көп мандаттуу 1 шайлоо округу жана 1 шайлоо участогу түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 4-майындагы № 3 жана № 4 чечимдеринин негизинде Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоочулардын биометриялык идентификациясын аныктоого жана шайлоочулардын добуштарын эсептөөдө автоматтык эсептөөчү үкөктөргө сыноо жүргүзүлгөн. Ал эми, Бейшеке айылдык кеңешинде депутаттарын шайлоодо добуштарын эсептөөдө автоматтык эсептөөчү үкөктөргө сыноо жүргүзүлгөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор добуштарды кол менен эсептөөнүн негизинде түзүлгөн. Кара-Буура районунун Бейшеке жана Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо, добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жыйынтыгына байланышкан арыздар, актылар түшкөн эмес. Кара-Буура районунун Бейшеке жана Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө Кара-Буура аймактык шайлоо комиссиясынан келип түшкөн протоколдордун, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37, 40, 62-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо өттү деп табылсын.
2. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бейшеке, Бакыян айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер шайланган депутаттар деп табылсын.
4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 27-майындагы № 53 токтомуна тиркеме
Жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарынын ТИЗМЕСИ
Талас облусу Кара-Буура району Бейшеке айылдык кеңеши 2 мандаттуу "Кара-Буура" шайлоо округу боюнча
№
Талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты
Шайлоочулардын талапкер үчүн берген добуштарынын саны
1
Темирбекова Нурила Татаровна
202
2
Сыдыгалиев Кадырбек Саадабекович
117
4 мандаттуу "Бейшеке" шайлоо округу боюнча
1
Омурсаков Бакытбек Сагыналиевич
278
2
Жусупбеков Абдыракман Абдышович
234
3
Тыналиев Бактыбек Бешкемпирович
180
4
Умарбеков Уланбек Жолдошбекович
163
5 мандаттуу "Кара-Суу" шайлоо округу боюнча
1
Мандатов Замирбек Жумагулович
262
2
Молдалиев Чолпон Орумбекович
233
3
Сулайманов Баиш Дайырович
230
4
Рахматилдеев Замирбек Бүркүтбаевич
227
5
Аттокур уулу Кайрат
189
Бакыян айылдык кеңеши 11 мандаттуу "Бакыян" шайлоо округу боюнча
1
Токтогулов Бактыяр Айтназарович
519
2
Асылбеков Нургазы Чолпонкулович
463
3
Алтымышов Марат Касымбекович
461
4
Иманов Алмазбай Кеңешбекович
392
5
Айманбетов Таалайбек Урбашович
391
6
Назарбаев Найымбек Турумович
381
7
Жанышбеков Шерипкан Нурдоолотович
354
8
Акматов Темирлан Рысбаевич
339
9
Атабаев Эмил Кутманбекович
335
10
Жолдошов Калийнур Осмонбекович
321
11
Базарбаева Гульмира Жээнбаевна
306
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 4-октябрындагы № 144 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым…Постановление · 04.10.2016 · № 144
- КР Президентинин 2015-жылдын 16-мартындагы ПЖ № 36 "Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош жана Талас облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө"…Указ · 16.03.2015 · № 36 · Күчүн жоготкон