81-статья. Туунду чарбалык шериктиктер жана коомдор, филиалдар жана өкүлчүлүктөр
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы
1. Чарбалык шериктиктер жана коомдор ушул Мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында, анын чегинен сырткары жерлерде туунду коомдорду, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү түзүүгө укуктуу.
2. Эгерде башка башкы (негизги) чарбалык коом же шериктик анын уставдык капиталында артыкчылыктуу катышуунун айынан, болбосо алардын ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык, болбосо башка түрдө мындай коом тарабынан кабыл алынуучу чечимдерди аныктоого мүмкүнчүлүгү болсо, коом туунду деп табылат. Туунду коом негизги коомдун карыздары боюнча жооп бербейт.
3. Туунду коом юридикалык жак болуп саналат жана өз алдынча чарбалык уюм катары иштейт; анын башкы (негизги) коом менен мамилелери өз уставынын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде түзүлөт.
4. Туунду коомго ал үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу башкы (негизги) коом туунду коом башкы (негизги) коомдун көрсөтмөлөрүн аткаруу үчүн түзгөн бүтүмдөр боюнча туунду коом менен тилектеш жоопкерчилигин тартат.
5. Туунду коомдун катышуучулары анын күнөөсү боюнча туунду коомго келтирилген чыгымдардын ордун тартышын башкы (негизги) коомдон талап кылууга укуктуу.
6. Филиалдар жана өкүлчүлүктөр юридикалык жак болуп саналбайт, негизги жана жүгүртүү каражаттары башкы (негизги) коом тарабынан берилип, ал тарабынан бекитилүүчү жоболордун негизинде иштейт жана өз ишин аларды түзгөн коомдун атынан жүзөгө ашырат. Филиалдын жана өкүлчүлүктүн иши үчүн жоопкерчиликти башкы (негизги) коом тартат.
Филиалдардын жана өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери башкы (негизги) коом тарабынан берилген ишеним каттардын негизинде иштейт. (КР 1998-жылдын 2-декабрындагы № 148, 2014-жылдын 7-июлундагы № 113 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
81-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 7 июля 2014 года № 113 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О хозяйственных товариществах и обществах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 2 декабря 1998 года №148 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 26-октябрындагы № 363 "Айрым жарандардын турак жай маселелерин чечүү боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 26.10.2026 · № 363 · Күчүнө кире элек
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/667/st-81" title="81-статья - Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>