Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2014-жылдын 7-июлу № 113 "Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
"Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 15-ноябрындагы № 60 Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьянын 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.
2. 2-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө мыйзамдар
1. Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинен, ушул Мыйзамдан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
2. Уставдык капиталды түзүүнүн жана аны пайдалануунун өзгөчөлүктөрү, мүлктүн укуктук режими, ошондой эле башкаруу органдарынын ишинин өзгөчөлүктөрү, коммерциялык уюмдардын айрым түрлөрүнүн: банктардын, камсыздандыруу коомдорунун, биргелешкен ишканалардын жана башка чарбалык шериктиктердин жана коомдордун чарбалык ишин чектөөлөр ушул Мыйзам менен катар Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акталары менен жөнгө салынат.".
3. 3-статьяда:
4-пунктунда: биринчи абзацында "Өкүлчүлүктүү" деген сөз "Мыйзам чыгаруу" деген сөздөргө алмаштырылсын; экинчи абзацында "мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "6. Эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача белгиленбесе, чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жарандар, ошондой эле жарандыгы жок адамдар ушул Мыйзамга ылайык түзүлгөн чарбалык шериктиктерге жана коомдорго жалпы негиздерде катышат.".
4. 4-статьяда:
3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын; 10-пунктунда "мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" жана 12-пунктунда "мыйзам актылары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын; 13-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "13. Чарбалык шериктиктерди жана коомдорду мамлекеттик каттоо юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.".
5. 5-статьянын 3-пунктунун 3-пунктчасында "мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 6-статьяда:
2-пунктунда "мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-пунктунда: биринчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; экинчи абзацында "4 жана 5-пункттарында" деген сөздөр "4-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 7-статьянын 4-пунктунда "атайын мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 8-статьянын 5-пунктунда "мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 8-1-статьяда:
1-пунктунда "мыйзам актыларынын талаптарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин шарттарына" деген сөздөр "ченемдик укуктук актылардын, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына" деген сөздөргө алмаштырылсын; 3-пунктунда "мыйзамдарынын" деген сөз "ченемдик укуктук актыларынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 9-статьяда:
1-пунктунун 5-пунктчасында "мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-пунктунун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын; 6-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кредит берүүчүлөрдүн талаптарын канааттандыруу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, банкроттук жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт."; 7-пунктунда "мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 11-статьянын 2, 3, 5, 6 жана 7-пункттарында "башка мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 18-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Шериктиктен чыгуу учурунда толук шериктиктин мүлкүнүн бөлүгүнүн катышуучуга төлөнө турган наркынан чыгарылган катышуучу тарабынан шериктикке келтирилген бардык зыяндар соттун чечими боюнча өндүрүлүп алынышы мүмкүн. Зыяндардын наркынын жетпей калган бөлүгү шериктиктен чыгарылган катышуучунун башка мүлкүнөн өндүрүлөт.".
13. 23-статьянын 1-пунктунда "мыйзам актыларына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 24-статьянын 3-пунктунун 2-пунктчасында "коомдун тиешелүү түрүнүн уставдык капиталынын эң төмөнкү өлчөмү жөнүндө ушул Мыйзамдын" деген сөздөр "юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 25-статьянын 2-пункту "жоопкерчилиги" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде белгиленген" деген сөздөр менен толукталсын.
16. 26-статьянын 2, 3, 6, 7 жана 8-пункттарында "башка мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. 29-статья "тартиби" деген сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде аныкталган" деген сөздөр менен толукталсын.
18. 37-статьянын 2, 3, 5 жана 6-пункттарында "мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. 40-статьяда:
2-пунктунда "(жана)" деген сөз алып салынсын; 3-пунктунда "мыйзам актылары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
20. 41-статьянын 5 жана 7-пункттарында "мыйзам актыларында" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндөЗакон · 15.11.1996 · № 60
Шилтеме берет (2)
- Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндөЗакон · 15.11.1996 · № 60
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15