6-статья. Чарбалык шериктиктин жана коомдун уставдык капиталы
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы
1. Уюштуруучулардын салымдарынын жыйындысы чарбалык шериктиктин жана коомдун уставдык капиталын түзөт.
2. Чарбалык шериктиктин жана коомдун катышуучусунун салымынын курамына Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда чет өлкөлүк валютадагы акчалай каражаттар, ошондой эле имараттар, курулуштар, жабдуулар, чийки заттар, материалдар, товарлар, продукциялар, баалуу кагаздар, материалдык башка баалуулуктар жана ээликтен ажыратылган мүлк укуктары, анын ичинде наркы шериктиктин жана коомдун өз алдынча балансында көрсөтүлө турган интеллектуалдык иштин натыйжаларына болгон укук кириши мүмкүн.
3. Эгерде уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, катышуучу тарабынан мүлк шериктикке жана коомго пайдалануу үчүн гана берилген учурда, салымдын өлчөмү жана катышуучунун тиешелүү үлүшү бул мүлктү пайдалангандык үчүн шериктиктин жана коомдун уюштуруу документинде көрсөтүлгөн бүткүл мөөнөт үчүн же катышуучулар тарабынан белгиленген башка мөөнөт үчүн эсептелген аренда акысына жараша аныкталат.
Эгерде уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, шериктикке жана коомго пайдаланууга берилген мүлктүн кокусунан жок болушу же зыянга учурашы үчүн тобокелге салуу бул мүлктү берген катышуучуга жүктөлөт.
4. Чарбалык шериктиктин жана коомдун уставдык капиталын азайтууга кредит берүүчүлөрдүн бардыгына кат жүзүндө жеке билдирүү жиберилгенден кийин гана жол берилет. Мындай учурда кредит берүүчүлөр тиешелүү милдеттенмелерди мөөнөтүнөн мурда токтотууну же аткарууну жана өздөрүнө келтирилген зыяндардын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу.
5. (КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 113 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Ушул статьянын 4-пунктунда белгиленген тартипти бузуу менен уставдык капиталды азайтуу, ишке тиешеси бар адамдардын арызы боюнча соттун чечими менен чарбалык шериктикти жана коомду жоюу үчүн негиз болуп эсептелет. ((КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 113 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/667/st-6" title="6-статья - Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>