41-статья. Жоопкерчилиги чектелген коомдун аткаруучу органынын ишине контролдук жүргүзүү
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · III бөлүм
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 июня 2025 года № 126
41-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 41-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушу коомдун аткаруучу органынын ишине контролдук жүргүзүү максатында ички аудит кызматын түзүүгө (ички аудиторду дайындоого) түзүүгө укуктуу.
2. Жоопкерчилиги чектелген коомдун ички аудит кызматынын курамына коомдун катышуучулары, мыйзам актыларына ылайык аудиттик иш жүргүзүүгө укугу бар адамдар, финансы жана бухгалтердик эсеп жагындагы көз карандысыз эксперттер жана башка адамдар кириши мүмкүн.
Коомдун аткаруучу органынын, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү ички аудит кызматынын (ички аудитордун) мүчөсү боло алышпайт.
3. Ички аудит кызматы (ички аудитор) жоопкерчилиги чектелген коомдун аткаруучу органынын финансы-чарбалык ишин текшерүү учурунда аткаруучу органдын мүчөлөрүнөн бардык зарыл материалдарды, бухгалтердик жана башка документтерди берүүнү жана жеке түшүндүрмөлөрдү талап кылууга укуктуу. Текшерүү комиссиясы өзү жүргүзгөн текшерүүнүн натыйжаларын жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушуна жиберет.
4. Жоопкерчилиги чектелген коомдун аткаруучу органынын финансы-чарбалык ишин текшерүү катышуучулардын жалпы чогулушу тарабынан аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда же жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечими менен ички аудит кызматы (ички аудитор) коомдун жылдык балансы жана башка отчеттору боюнча корутунду чыгарат. Мындай учурда катышуучулардын жалпы чогулушу ички аудит кызматынын (ички аудитордун) корутундусу болмоюнча коомдун жылдык балансын жана башка отчетторун бекитүүгө жана анын пайдасы менен зыяндарын бөлүштүрүүнү жүргүзүүгө укуксуз.
6. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучулары коомдун аткаруучу органынын ишине контролдук жүргүзүүнүн ушул статьяга салыштырганда башкача тартибин кароого укуктуу.
7. Жоопкерчилиги чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларындакаралган учурларда коомдун ишин көз карандысыз аудиттик текшерүүнү уюштурууга милдеттүү.
8. Коомдун кандай гана болбосун катышуучусунун талабы боюнча жоопкерчилиги чектелген коомдун ишине аудиттик текшерүү жүргүзүлүүгө тийиш. Эгерде коомдун уюштуруу документтеринде башкача каралбаса, аудиттик текшерүүнү өткөрүү боюнча чыгымдарды төлөө аудиттик текшерүү өткөрүүнү талап кылган катышуучунун жана коомдун эсебинен бирдей үлүштөрдө жүзөгө ашырылат.
9. Мыйзам актыларында же коомдун уюштуруу документтеринде каралгандан башка учурларда, жоопкерчилиги чектелген коомдун калк алдында отчет бериши талап кылынбайт.
(КР 2014-жылдын 7-июлундагы № 113, 2015-жылдын 20-июлундагы № 180, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
41-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 июня 2025 года № 126 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере рынка ценных бумаг"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 20 июля 2015 года № 180 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 7 июля 2014 года № 113 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О хозяйственных товариществах и обществах"Редакцияларды салыштыруу
26.06.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…коомдун аткаруучу органынын ишине контролдук жүргүзүү максатында алынып салынды: текшерүү комиссиясын кошулду: ички аудит кызматын түзүүгө (ички аудиторду дайындоого) түзүүгө укуктуу.
2. Жоопкерчилиги чектелген коомдун алынып салынды: текшерүү комиссиясынын кошулду: ички аудит кызматынын курамына коомдун катышуучулары, мыйзам актыларына ылайык аудиттик иш … мүмкүн.
Коомдун аткаруучу органынын, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү алынып салынды: текшерүү комиссиясынын кошулду: ички аудит кызматынын (ички аудитордун) мүчөсү боло алышпайт.
3. алынып салынды: Текшерүү комиссиясы кошулду: Ички аудит кызматы (ички аудитор) жоопкерчилиги чектелген коомдун аткаруучу органынын финансы-чарбалык … чектелген коомдун катышуучуларынын жалпы чогулушунун чечими менен алынып салынды: текшерүү комиссиясы кошулду: ички аудит кызматы (ички аудитор) коомдун жылдык балансы жана башка отчеттору боюнча корутунду чыгарат. Мындай учурда катышуучулардын жалпы чогулушу алынып салынды: текшерүү комиссиясынын кошулду: ички аудит кызматынын (ички аудитордун) корутундусу болмоюнча коомдун жылдык балансын жана башка отчетторун … 2014-жылдын 7-июлундагы № 113, 2015-жылдын 20-июлундагы № алынып салынды: 180 кошулду: 180, 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/667/st-41" title="41-статья - Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>