Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структурасына жана кызмат орундарынын тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2002-жылдын 6-ноябры ПЖ № 307 Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структурасына жана кызмат орундарынын тизмесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн иш-аракеттерин камсыз кылуу максатын көздөп, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 2-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндөгү" № 28 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндөгү жобонун 25-пункту "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлү" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу эксперт" деген сөздөр менен толукталсын;
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 19-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структурасы жөнүндөгү» № 77 Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структурасы жана кызмат орундарынын тизмеси «Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлү» деген сөздөрдөн кийин:
«Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу эсперт 1» деген сөздөр менен толукталсын; Акыркы саптагы «Бардыгы» дегендеги «110» саны «111» саны менен алмаштырылсын.
3. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- Указ Президента КР от 1 июня 2004 года УП №179 " Об Администрации Президента Кыргызской Республики"Указ · 01.06.2004 · № 179 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Указ Президента КР от 19 марта 1999 года УП №77 "О структуре Администрации Президента Кыргызской Республики"Указ · 19.03.1999 · № 77 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 2 марта 1996 года УП №28 "Об Администрации Президента Кыргызской Республики"Указ · 02.03.1996 · № 28 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- ПОЛОЖЕНИЕ об Администрации Президента Кыргызской Республики (Утверждено Указом Президента Кыргызской Республики от 2 марта 1996 года N УП-28)Положение · 02.03.1996 · № 28 · Күчүн жоготкон