Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 119 «Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента Кыргызской Республики от 15 августа 2022 года УП № 283 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-15.
КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2014-жылдын 2-июну ПЖ № 119 Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 17-февралындагы № 26 Жарлыгынын редакцияларына ылайык) 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы № 155 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 10, 16, 45 жана 65-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2014-жылдын 25-апрелиндеги чечиминин негизинде ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын максаттуу индикаторлору 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу топ 3-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө Жобо 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын (мындан ары - Улуттук программа) ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун институттарынын жана жарандардын мамлекеттүүлүктү бекемдөө, элдин биримдигин камсыз кылуу жана мамлекеттик, расмий жана дүйнөдө кеңири таралган башка тилдерде эркин сүйлөгөн кыргызстандыктардын муунун тарбиялоо боюнча ишинин абдан маанилүү бөлүгү болуп эсептелсин.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 268 "2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү программасы жөнүндө" Жарлыгынын 1, 3, 7-пункттары;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы № 365 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Мыйзам чыгаруу ишин жүргүзгөндө Улуттук программанын жоболорун ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди артыкчылыктуу тартипте кароо сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) Улуттук программаны аткаруу жана анын Максаттуу индикаторлоруна жетишүү боюнча иш-чаралардын планын конкреттүү чараларды, каржылоо булактарын, аларды ишке ашыруунун мөөнөттөрүн, аткарууга жооптуу органдарды жана кызмат адамдарын аныктоо менен эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын;
2) башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, жарандык коом менен өз ара аракеттенип, Улуттук программаны толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткарууну камсыз кылсын;
3) Улуттук программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу топко берип турсун.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Улуттук программанын максаттары, негизги жоболору жана аны аткаруунун жүрүшү тууралуу жигердүү маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндө мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтсүн.
9. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
10. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
2-тиркеме Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын максаттуу ИНДИКАТОРЛОРУ
Эскертүү: 2-тиркеме КР Юстиция министрлигинде кагаз түрүндө бар.
3-тиркеме Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу топтун КУРАМЫ
(Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 17-февралындагы № 26 Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
Турсунбеков Чыныбай Акунович
-
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, филология илимдеринин кандидаты, жетекчи (макулдашуу боюнча);
Эрматов Эгемберди
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, жетекчинин орун басары;
Карыбаева Мира Аскеровна
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы, жетекчинин орун басары;
Абдысадыр уулу Азат
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын канцеляриясынын актыларды чыгаруу секторунун башчысы;
Акматалиев Абдылдажан
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, филология илимдеринин доктору, профессор;
Биялиев Кутманбек Абакович
-
Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин кыргыз тил кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча);
Дербишева Замира Касымбековна
-
"Манас" Кыргыз-Түрк университетинин чет тилдер жогорку мектебинин директору, филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);
Дюшеева Гулмира Самтыевна
-
Борбордук Азиядагы Америка университетинин кыргыз тил программасынын улук окутуучусу (макулдашуу боюнча);
Ишекеев Назаркул
-
филология илимдеринин доктору, профессор (макулдашуу боюнча);
Карашев Аалы Азимович
-
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору;
Кожошев Арзыбек Орозбекович
-
Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Кулматов Алмазбек Окинович
-
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары, жумушчу топтун жооптуу катчысы;
Молдогазиева Айдай Турганбаевна
-
"Universum" маданий-билим берүү борборунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Турсунов Раушанбек Турсунович
-
Ош мамлекеттик университетинин өзбек филологиясы кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент (макулдашуу боюнча);
Шаповалов Вячеслав Иванович
-
котормочу, Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин профессору, филология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын эл акыны (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 14 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (14)
- Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук ПрограммасыПрограмма · 02.06.2014 · № 119
- Нарын шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июлундагы № 1 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамын караган Нарын шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 11-июлундагы № 2…Постановление · 20.07.2018 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 283
- КР Президентинин 2000-жылдын 20-сентябры ПУ №268 "2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү программасы жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.09.2000 · № 268 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы ПЖ №365 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну…Указ · 21.12.2010 · № 365 · Күчүн жоготкон
- КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 26-майындагы № 591-VI "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы тууралуу" токтомуПостановление · 26.05.2016 · № 591-VI
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы № 510…Программа · 01.10.2020 · № 510 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-февралындагы № 41-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Терминологиялык комиссия жөнүндө жобо бекитүү тууралуу)Распоряжение · 03.02.2016 · № 41-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө…Положение · 02.06.2014 · № 119 · Күчүн жоготкон
- (№ 1 тиркеме Кыргыз Республикасынын Президентинин 2000-жылдын 20-сентябрындагы № 268 Указы менен бекитилген) 2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин…Программа · 20.09.2000 · № 268 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2015-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 26 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы "Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди…Указ · 17.02.2015 · № 26 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 421 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк…Постановление · 04.07.2017 · № 421 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 421 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк…Постановление · 04.07.2017 · № 421 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 283
- КР Президентинин 2000-жылдын 20-сентябры ПУ №268 "2000-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүү программасы жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.09.2000 · № 268 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 21-декабрындагы ПЖ №365 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын ишин уюштурууну…Указ · 21.12.2010 · № 365 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы ПЖ № 155 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгыУказ · 01.07.2013 · № 155 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 5 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук Стратегиясы (КР Президетинин…Стратегия · 21.01.2013 · № 11
- КР Президентинин 2013-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ №74 "Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 10.04.2013 · № 74
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-апрелиндеги № 154-б (Кыргыз Республикасында 2015-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын…Распоряжение · 06.04.2015 · № 151-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон