Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №74 «Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясы жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 10-апрели ПЖ №74 Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясы жөнүндө Кыргызстанда элдин биримдигин чыңдоо жана этностор аралык мамилелерди өркүндөтүү өлкөнү ийгиликтүү өнүктүрүүнүн эң маанилүү шарты болуп саналат, улуттук коопсуздуктун абалына түздөн-түз таасирин тийгизет. Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, жарандык коомдун жана Кыргызстан элинин Ассамблеясынын кеңири чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен даярдалган Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясынын (мындан ары - Концепция) долбоору жактырылган. Кыргызстан жана анын эли көп кылымдык тарыхында өзүнүн калыптануусунун ар кандай этаптарын баштан кечирди. XX кылымдын башындагы тагдыр чечүүчү өзгөрүүлөр кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусу үчүн шарт түздү. Өлкөдө этностук жамааттардын эриш-аркак жашоосунун, таламдарынын шайкештигинин, тышкы жана ички коркунучтарга бирге каршы туруунун көп кылымдык тажрыйбасы топтолду. Өлкөнүн калкынын көпчүлүк бөлүгүн түзгөн жана мамлекетке тарыхый аталыш берген кыргыздар Кыргызстандын көп улуттуу бирдиктүү элинин өзөгү болуп саналат. Муну менен бирге көптөгөн жылдар бою этностор аралык мамилелер жаатында карама-каршылыктар менен көйгөйлөр топтолуп келген. Мамлекеттик натыйжалуу жана ырааттуу саясаттын, анын ичинде 1990-жылдагы этностор аралык жаңжалдын себептерин жоюу боюнча иш-аракеттердин жоктугу 2010-жылдын июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү кайгылуу окуялардын кайталанышына алып келди. Өткөн үч жыл аралыгында Кыргызстанда жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү, турак-жайларды жана инфраструктураны калыбына келтирүү, жаңжалдардын себептерине талдоо жүргүзүү боюнча орчундуу иштер жасалды, келечекте алардын кайталанышын болтурбоону шарттаган жолдорду жана ыкмаларын издөө боюнча чаралар көрүлдү. Жасалган иштер Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө, коомду баш коштурууга жана этностук жамааттардын өз ара аралашуусуна негиз түзүүгө багытталган узак мөөнөттүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Концепцияны иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк берди. Концепцияны иштеп чыгуу 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын жүзөгө ашыруунун алкагында ишке ашырылды. Кыргыз Республикасынын улуттук биримдигин чыңдоо жана туруктуу өнүктүрүү, этностор аралык мамилелерди жөнгө салуу боюнча узак мөөнөттүү чараларды кабыл алуу, тең салмактуу жана натыйжалуу тил саясатын жүргүзүү, жалпы жарандык бирдейликти калыптандыруу, ошондой эле өлкөнү андан ары өнүктүрүү жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. 2013-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңеши тарабынан жактырылган Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо Концепциясы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- эки айлык мөөнөттө Концепцияны жүзөгө ашыруу боюнча 2013-2017-жылдардын мезгилине биринчи кезекте аткарылуучу иш-чаралардын Планын Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин мүчөлөрүнүн, мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун сунуштарын эске алып, ачык-айкын чараларды, финансылоо булактарын, аларды ишке ашыруунун мөөнөттөрүн, аткарылышы үчүн жооптуу органдарды жана кызмат адамдарын аныктоо менен жеткире иштеп чыксын;
- башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте жана жарандык коом менен өз ара аракетте Концепцияны жүзөгө ашыруу боюнча 2013-2017-жылдардын мезгилине биринчи кезекте аткарылуучу иш-чаралардын Планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттө аткарууну камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом менен бирдикте Концепцияны жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баа берүүнүн негизинде этностор аралык мамилелер жана Кыргызстандын элинин биримдигин чыңдоо жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүү боюнча туруктуу иш жүргүзсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 13 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (13)
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 430-б (Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу боюнча 2013-2017-жылдар…Распоряжение · 30.10.2013 · № 430-р
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 431-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча…Распоряжение · 13.10.2016 · № 431-р
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-апрелиндеги № 91-б (Расмий тилдеги 2012-2019-жылдар мезгилинде Экономикалык, социалдык жана маданий Республикасынын бешинчи улуттук баяндамасын…Распоряжение · 15.04.2021 · № 91-р
- КР ӨКМӨТҮНҮН 2016-жылдын 14-декабрындагы № 543-б "2011-2015-жылдар мезгилинде Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө эл аралык конвенцияны аткаруу тууралуу расмий…Распоряжение · 14.12.2016 · № 543-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 519-б (Женева шаарында (Швейцария) Экинчи улуттук докладын коргоо максаты жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 20.11.2014 · № 519-р
- Документ № 61615Концепция · 10.04.2013
- Кара-Буура айылдык аймактык кеңешинин 2015-жылдын 6-июнундагы № 1 "Кара-Буура айыл аймагында элдин биримдигин жана этностор мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу жөнүндө"…Постановление · 06.06.2015 · № 1
- Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2021-жылдын 25-январындагы № 167/ ХХIV-27 "Кочкорбаев айылдык Кенешинин 2021-жылга карата перспективдик планынын жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн…Постановление · 25.01.2021 · № 167/ ХХIV-27
- Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2021-жылдын 22-декабрындагы № 28/IV-28 "Кочкорбаев айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш планынын жана Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн 2022-жылга иш…Постановление · 22.12.2021 · № 28/IV-28
- Токмок шаардык кеңешинин 2014-жылдын 5-мартындагы № 87/12-3 "Токмок шаардык Кеңешинин иш планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2014 · № 87/12-3
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-августундагы № 342-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүлүшү боюнча) буйругуРаспоряжение · 30.08.2013 · № 342-р · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 20-майындагы № 277 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 217 "2012-жылдагы иштердин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын…Постановление · 20.05.2013 · № 277 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-мартындагы № 83-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-октябрындагы № 430-б буйругуна толуктоолор киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 03.03.2016 · № 83-р · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук ПрограммасыПрограмма · 02.06.2014 · № 119
- КР Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 119 "Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы…Указ · 02.06.2014 · № 119 · Күчүн жоготкон