Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Пртезидентинин ПЖ № 468 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө» Жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫГЫ 2007-жылдын 23-октябры ПЖ № 468 Мыйзам күчүнө ээ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мөөнөтүнөн мурда таркашына байланыштуу жана Кыргызстан Республикасынын он экинчи чакырылыштагы Жогорку Советинин он экинчи сессиясында 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган, 2003-жылдын 3-февралындагы референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Мыйзамында баяндалган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-статьясынын 2 жана 3-пункттарына ылайык ушул Жарлыкты чыгарам. 1-статья. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-жыл, № 7, 92-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 121-статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи бөлүк менен толукталсын: "8. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү салык төлөөчү субъект бюджетке КНС төлөгөн учурда товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун кошпогондо, ушул Кодекстин 139-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык берилүүчү жана жеткирүү максаты үчүн өндүрүштө пайдаланылуучу сатып алынган материалдык ресурстардын наркынан 3 процент өлчөмүндө белгиленген чегерүүгө укугу бар.". 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 3-статья. Бул Жарлык жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-мартындагы № 69 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.03.2008 · № 69 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- О новой редакции Конституции Кыргызской РеспубликиЗакон · 18.02.2003 · № 40 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон