Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кр Президентинин ПЖ № 275 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө.» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2008-жылдын 4-августу ПЖ № 275 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө
Райондук кеңештерди түзүү тартибинин өзгөргөндүгүнө, ошондой эле айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1-беренесинин 6-пунктун, 46-беренесинин 6-пунктунун 4-пунктчасын жана Кыргыз Республикасындагы шайлоолор жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 7- жана 80-беренелерин жетекчиликке алып, "Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын Кыргыз Республикасынын шаарларынын администрациялык-аймактык түзүлүшүн ага ылайык келтирүү зарылчылыгы жөнүндө жобосун, ошондой эле бир калктуу конуштагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги кайталоочулукту жоюуну эске алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган райондордо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын шаарларында, поселкаларында, айылдык округдарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2008-жылдын 5-октябрына дайындалсын.
2. Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын аймагында турган айрым айылдык округдарды, поселкаларды, айылдарды ушул Жарлыктын № 1 тиркемесине ылайык жоюу жана аталган маселелер мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин жергиликтүү кеңештерге шайлоону дайындоону кийинкиге калтыра туруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн сунушу кабыл алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн финансы каражаттарын белгиленген тартипте бөлсүн;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде коомдук тартипти, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылсын;
- шаарлардын курамындагы айылдардын функцияларын шаарлардын карамагына өткөрүп берүү менен аларды жоюуну караган тийиштүү мыйзам долбоорлорун бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана кезексиз тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
5. Облустардын жана райондордун мамлекеттик администрацияларынын, айылдык округдардын, поселкалардын, райондук маанидеги шаарлардын башчылары, шаарлардын мэрлери каттоого алуу органдары менен бирдикте шайлоо комиссияларын шайлоочулардын анык тизмелери менен камсыз кылсын жана шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде аларга уюштуруу жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 04-августу № 275 Жарлыгынын № 1 тиркемеси
Республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын курамына кирген жоюла турган айылдардын жана поселкалардын ТИЗМЕСИ
Бишкек шаары
Чоң-Арык
Ош шаары
Жапалак
Баткен облусу Сүлүктү шаары
Кош-Булак
Кызыл-Кыя шаары
Ак-Булак
Жалал-Абад облусу Жалал-Абад шаары
Тайгараев Кара-Көл шаары
Жазы-Кечүү Кетмен-Төбө
Майлуу-Суу шаары
Көк-Таш Сарыбээ
Таш-Көмүр шаары
Кызыл-Жар Шамалды-Сай
Ысык-Көл облусу
Орто-Токой
Каракол шаары
Пржевальск-Пристаны
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-августундагы № 423-б (Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына акча каражаты бөлүнүүсү боюнча) буйругуРаспоряжение · 20.08.2008 · № 423-р
- Постановление Каракольского городского кенеша от 18 сентября 2008 года № 25-12/1 "Об упразднении поселковой управы Пристань-Пржевальск"Постановление · 18.09.2008 · № 25-12/1
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 28-августагы №480 "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорду уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча…Постановление · 28.08.2008 · № 480 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралууЗакон · 25.04.2008 · № 65
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172