Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолорду уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө»токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-08-28.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 28-августу № 480
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоолорду
уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан
камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-августундагы №
275 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кењештеринин депутаттарын шай-
лоолорду дайындоо жөнүндө" Жарлыгынын 4-пунктуна ылайык, шайлоолорду
уюшкандыкта өткөрүүнү камсыздоо, округдук жана участоктук комиссиялар-
дын иштерине көмөк көрсөтүү, жер-жерлердеги материалдык-техникалык кам-
сыздоо маселелерин оперативдүү чечүү максатында Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү токтом кылат:
1. Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү учурунда уюштуруучулук-техни-
калык маселелерди чечүүдө округдук жана участоктук шайлоо комиссиялары-
на көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штаб тиркемеге ылайык курамда
түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жергиликтүү кењеш-
тердин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө Кыргыз Республикасынын шайлоо
жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына зарыл финан-
сылык каражаттарды республикалык бюджеттен өз убагында бөлүүнү камсыз
кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мыйзамдуулукту,
жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, шайлоолорду даярдоо
жана өткөрүүнүн жүрүшүндө коомдук тартипти сактоо, шайлоолорду өткөрүү
убагында шайлоо участокторун кайтаруу, участокторуна шайлоо бюллетенде-
рин ташуу жана жеткирүү коопсуздугун камсыздоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери
боюнча улуттук агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кый-
мылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик менен бир-
дикте 2008-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын
Президентинин жогоруда көрсөтүлгөн Жарлыгына ылайык шаарлардын курамын-
дагы айылдардын жана поселоктордун башкаруу функцияларын шаарлардын ка-
рамагына өткөрүп берүү менен аларды жоюуну кароочу тиешелүү мыйзам дол-
боорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнө киргизсин.
5. Облустар менен райондордун мамлекеттик администрацияларынын,
айылдык округдардын, поселоктордун, райондук маанидеги шаарлардын баш-
чылары, шаарлардын мэрлери:
- каттап эсепке алуучу органдар менен бирдикте шайлоочулардын туу-
ра тизмелери менен шайлоо комиссияларын камсыз кылышсын;
- шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү учурунда уюштуруучу материал-
дык-техникалык маселелерди чечүүдө округдук жана участоктук шайлоо ко-
миссияларына көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү штабдарды түзүшсүн;
- шайлоо комиссиялары үчүн жайларды бөлүүгө, аларды автотранспорт-
тук жана материалдык-техникалык каражаттар, байланыш менен камсыздоого
байланыштуу маселелерди чечишсин;
- жарандардын сын-пикирлерин, арыздарын, өтүнүчтөрүн жана шайлоо
комиссияларынан сунуштарды өз убагында кароону уюштурушсун.
6. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-
тволор, облустук, райондук мамлекеттик администрациялар жана жергилик-
түү өз алдынча башкаруу органдары шайлоо кампаниясын даярдоо жана өткө-
рүү учурунда уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүгө шайлоо комис-
сияларына көмөк көрсөтүшсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шайлоо
участокторуна бөлүнгөн бардык жайларга өз коопсуздугу жагынан текшерүү
жүргүзсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясына, Кыргыз
Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиокомпаниясына,
"Слово Кыргызстана", "Кыргыз Туусу" жана "Эркинтоо" газеталарынын ре-
дакцияларына жергиликтүү кењештердин депутаттарын шайлоолорду даярдоо-
нун жана өткөрүүнүн жүрүшүн чагылдыруу сунуш кылынсын.
9. Шайлоолорду өткөрүү күнүндө төмөнкүлөр сунушталсын:
- "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомуна телерадиоберүүнүн үз-
гүлтүксүз иштешин камсыздоо;
- "Чыгыш электр", "Түндүк электр", "Ош электр" жана "Жалалабат
электр" ачык акционердик коомдоруна шайлоо участоктордун электр менен
жабдууну ишке ашыруучу электр тармактары электр энергиясын ишенимдүү
жана үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоочу техникалык абалга келтирүү, электр
тармактарынын бул линияларын пландуу өчүрүүгө тыюу салуу.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
Премьер-министри И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 28-августундагы
№ 480 токтомуна
тиркеме
Шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү учурунда
уюштуруучулук-техникалык маселелерди чечүүдө
округдук жана участоктук шайлоо
комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча
республикалык штабынын
КУРАМЫ
Айдаралиев И.Р. - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-ми-
нистри, штабдын жетекчиси;
Мукамбетов М.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетек-
чисинин орун басары, штабдын жетекчисинин орун
басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Калимбетова Т.Б. - Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Конгантиев М.Т. - Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кайыпов М.Т. - Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Болжурова И.С. - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим
министри;
Ташиев К.К. - Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар ми-
нистри;
Сулайманов Н.Ч. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуни-
кациялар министри;
Балкибеков С.Э. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жа-
на отун ресурстары министри;
Суталинов М.А. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук ко-
опсуздук комитетинин төрагасы;
Бакиров М.С. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча
башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин ди-
ректору (макулдашуу боюнча);
Карабаев А.Д. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мо-
ниторинг бөлүмүнүн башчысы;
Даудова Р.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
басма сөз кызматынын жетекчиси;
Иминов М.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн
башчысы;
Амираев Р.У. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар
бөлүмүнүн башчысы;
Жусубалиев А.И. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мо-
ниторинг бөлүмүнүн уюштуруу иштери боюнча инс-
пектору, штабтын катчысы.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кр Президентинин 2008-жылдын 4-августунун ПЖ № 275 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө." ЖарлыгыУказ · 04.08.2008 · № 275 · Күчүн жоготкон