Жээк айылдык кеңешинин «Жээк айылдык округунун жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2012-жылдын 20-марты №152/XXXIII-25 Жээк айылдык округунун жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө Жайыт жерлерин пайдалануучулар комитетинин төрагасы Б.Б. Жумабаевдин 2012-жылга. жайыт жерлерин пайдалануу үчүн тарифтик баасын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-июнь 2009-жылдагы № 386 токтому менен бекитилген Жайыт жерлерин пайдаланууга акы белгилөө боюнча типтүү жобосуна ылайык Жээк айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жээк айылдык округунун жайыт жерлерин пайдалануу үчүн төлөмдөрү бекитилсин:
Жайыт жерлерди пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү үчүн: Бодо малга - бир баш үчүн 100 сом Бодо мал (торпоктор) - бир баш үчүн 80 сом Майда мал жандыгына - бир башы үчүн 20 сом- (кой-эчки) Жылкыларга - бир башына 100 сом Башка тараптан жайыт жерлерин пайдалануучулар үчүн: Бодо малга - бир баш үчүн 134 сом Бодо мал (торпоктор) - бир баш үчүн 94 сом Майда мал жандыгына - бир башы үчүн 27 сом- (кой-эчки) Жылкыларга - бир башына 134 сом
2. Алыскы жайыттарды пайдалануу үчүн төлөмдөрү бекитилсин:
- Бодо малга - бир баш үчүн 30 сом
- Майда мал жандыгына - бир башы үчүн 10 сом- (кой-эчки)
- Жылкыларга - бир башына 30 сом
3. Айыл тегерегиндеги жайыттарды пайдалануу үчүн акысы бир баш саан уйга 30 сомдун ченеминде бекитилсин.
Жээк айылдык кеңешинин төрайымы
З. Сыйналапова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 1
Документ шилтеме берген актылар (1)
Байланышкан документтер (1)
Расмий булактын маалыматы боюнча, кайсы акт кайсы актыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.