Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
3-статья. Согуштун ардагерлери
Күчүндө · 09.03.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 25 января 2023 года № 12
Согуш ардагерлерине:
1. Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары:
- граждандык жана Улуу Ата мекендик согуштардын мезгилинде, ошондой эле СССРди коргоо боюнча башка согуш операцияларынын убагында согушуп жаткан армиянын курамына кирген аскер бөлүктөрүндө, штабдарда жана мекемелерде кызмат өтөшкөн аскер кызматчылары, граждандык жана Улуу Ата мекендик согуш убагында убактылуу оккупацияланган аймактарда аракет кылган партизандар жана подполдук уюмдардын мүчөлөрү;
- Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде шаарды коргоого катышкандыгы, согушуп жаткан армиянын аскердик бөлүктөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген жеңилдик берүүчү шарттарда иш мөөнөтүн аяктагандыгы боюнча пенсия дайындоого кире турган шаарларда кызмат өтөгөн аскер кызматчылары, анын ичинде запаска (отставкага) бошотулгандар, ошондой эле ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;
- Улуу Ата мекендик согуш жылдарында согушуп жаткан армиянын курамына кирген аскер бөлүктөрүндө, штабдарда жана мекемелерде штаттык кызматты ээлеген армиянын жана флоттун, аскерлердин жана ички иштер, мамлекеттик коопсуздук органдарынын курамында эркин жалданып иштеген адамдар же болбосо тиешелүү мезгилдерде шаарды коргоого катышкандыгы, согушуп жаткан армиянын аскердик бөлүктөрүнүн аскер кызматчылары үчүн белгиленген жеңилдик берүүчү шарттарда иш мөөнөтүн аяктагандыгы боюнча пенсия дайындоого кире турган шаарларда болгон адамдар;
- Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында душмандын оругунда же башка мамлекеттин аймагында согушуп жаткан армиянын аскердик бөлүктөрүндө атайын тапшырмаларды аткарышкан чалгындоо, контрчалгындоо кызматкерлери жана башка адамдар;
- дүйнөлүк экинчи согуштун мезгилинде башка мамлекеттердин аймактарында партизандык отряддардын, подполдук топтордун, башка антифашисттик кошуналардын курамында фашисттик Германияга жана анын союздаштарына каршы согуш аракеттерине катышкан адамдар;
- 1944-жылдын 1-январынан 1945-жылдын 9-майына чейин СССРдин аймагында мамлекеттик согуштук тапшырмаларды аткаруу учурунда согуштук операцияларга катышкан аскер кызматчылары, анын ичинде ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын башкаруу жана катардагы курамындагы запаска (отставкага) бошотулган адамдар, жок кылуучу батальондордун, жана элди коргоо взводдорунун жоокерлери жана командалык курамы;
- 1941-жылдын 22-июнунан тартып 1945-жылдын 3-сентябрына чейинки мезгилде согушуп жаткан армиянын курамына кирбеген чек ара жана аскер бөлүктөрүндө, мекемелерде, аскердик окуу жайларында аскердик кызмат өтөгөн, анын ичинде запаска (отставкага) бошотулган аскер кызматчылары;
- Улуу Ата мекендик согуштун мезгилинде Кызыл Армиянын катарында турган адамдардын абалына келтирилген жана армия менен флоттун таламдарында согуш фронтторунун оруктук чек араларында же согушуп жаткан флоттордун оперативдүү зоналарынын чектеринде милдеттерди аткарган ишканалардын жана согуш объектилеринин, эл комиссариаттарынын, ведомстволордун кызматкерлери, ошондой эле мекемелердин жана уюмдардын (анын ичинде маданият жана искусство мекемелеринин жана уюмдарынын) Ата мекендик согуш жылдарында согушуп жаткан армияга иш сапарына жиберилген кызматкерлери, борбордук газеталардын, журналдардын, ТАССтын, Совинформбюронун жана радионун кабарчылары, документалдуу фильмдердин (кинохроника) борбордук студиясынын кинооператорлору;
- Улуу Ата мекендик согуштун мезгилинде согушуп жаткан армиянын жана флоттун курамына кирген аскердик бөлүктөрдө, штабдарда жана мекемелердин курамында болгон полктун уулдары (тарбиялануучулары) жана юнга катары болгон адамдар таандык кылынат.
2. Согуштун майыптары:
- граждандык жана Улуу Ата мекендик согушта согушуп жаткан армиянын аскер кызматчысынын, партизандардын жана подполдук уюмдардын мүчөлөрүнүн катарында болгон адамдар, ошондой эле граждандык жана Улуу Ата мекендик согуштун мезгилинде фронтто, согуш жүргөн райондо, согушка жакын темир жолдордо, коргонуу чегиндеги курулуштарда, аскер-деңиз базаларында жана аэродромдордо алынган жаракаттын, контузиянын, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган жумушчулар жана кызматчылар жана пенсия менен камсыз кылуу боюнча согушуп жаткан армиянын аскер бөлүктөрүнүн аскер кызматчыларына теңештирилген адамдар;
- СССРди коргоодо же аскер кызматынын башка милдеттерин башка мезгилдерде аткарууда, ошондой эле Афганистанда, же согуш аракеттери болуп жаткан башка өлкөлөрдө аскер кызматын өтөө учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн натыйжасында майып болуп калган аскер кызматчылары;
- СССРдин ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын согуш аракеттери болуп жаткан мамлекеттерде аскер кызматын аткаруу учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар;
- 1944-жылдын 1-январынан 1951-жылдын 31-декабрына чейин Украин ССРинин, Белорус ССРинин, Литва ССРинин, Латвия ССРинин, Эстон ССРинин аймактарында аракеттенген, аскердик тапшырмаларды аткаруу учурунда жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган аскер кызматчылары, ички иштер жана мамлекеттик коопсуздук органдарынын башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар, жок кылуучу батальондордун жана элди коргоо взводдорунун жана отряддарынын жоокерлери жана командалык адамдар;
- башка өлкөлөрдө согушкан аскердик контингенттерди тейлеген жана аларда согуштук аракеттер жүргөн мезгилде жаракат, контузия алуунун, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болуп калган жумушчулар жана кызматчылар.
3. Кыргыз Республикасынын Баатырлары, Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин үч даражасы менен сыйлангандар.
4. Башка өлкөлөрдүн аймактарындагы согуш аракеттерине катышкандар:
- СССРдин өкмөттүк органдарынын чечимдерине ылайык башка өлкөлөрдүн аймагында согуш аракеттерине катышкан Советтик Армиянын, Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары жана СССРдин Ички иштер министрлигинин башкаруучу жана катардагы курамындагы адамдар (согуштук адистер жана кеңешчилерди кошкондо);
- согуштук аракеттеринин учурунда Афганистанга жүктөрдү жеткирүү үчүн жиберилген автомобилдик батальондордун аскер кызматчылары;
- согуш аракеттеринин учурунда аскердик жыйынга чакырылган жана Афганистанга жиберилген аскерге милдеттүүлөр;
- СССРдин аймагынан Афганистанга аскердик тапшырма боюнча учууну аткарган учкучтардын курамындагы аскер кызматчылары;
- Афганистандагы советтик аскер контингенттерин тейлеген, жаракат, контузия алган же мертинген, же болбосо согуштук аракеттерди камсыз кылууга катышкандыгы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган жумушчулар жана кызматчылар.
Кыргыз Республикасынын граждандары катышкан согуш аракеттери жүргөн мамлекеттердин, шаарлардын, аймактардын жана алар болгон мезгилдердин тизмеси ушул Мыйзамдын тиркемесинде келтирилет.
41. 1993-жылдан 1999-жылга чейин тажик-афган участогунда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин чек араларын кайтарууну күчөтүү боюнча эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык милдеттерди аткарган Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары.
5. Адамдардын башка категориялары:
- Улуу Ата мекендик согуштун жылдарында оруктагы кайратман эмгеги жана аскер кызматын кынтыксыз өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар;
- Улуу Ата мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин акталган граждандар;
- Жол катнаш эл комиссариатынын, Байланыш эл комиссариатынын, СССРдин Балык өнөр жай эл комиссариатынын балык уулоочу жана транспорттук кемелеринин сууда сүзгөн курамынын жана авиациянын учуп-конуу курамынын, деңиз жана дарыя флотунун, Башкы түндүк деңиз жолунун авиациясынын учуп-конуу курамынын Улуу Ата мекендик согуштун мезгилинде аскер кызматкерлеринин абалына өткөрүлгөн жана согушуп жаткан армиянын жана флоттун таламдарында согушуп жаткан фронттордун, флоттордун оперативдүү зоналарынын чектеринде милдеттерди аткарган жумушчулар, ошондой эле Улуу Ата мекендик согуштун башталышында башка мамлекеттердин портторунда интернирацияланган кемелеринин экипаждарынын мүчөлөрү;
- 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген жана "За оборону Ленинграда" медалы менен жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар;
- экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлерде, геттолордо жана башка мажбурлап кармоо жайларында болгон мурдагы жашы жете элек туткундар;
- 1979-жылдын 1-декабрынан 1989-жылдын декабрына чейин Афганистанга жана согуштук аракеттер жүрүп жаткан башка өлкөлөргө жумушка жиберилген жумушчулар жана кызматчылар;
- Афганистандын аймагында убактылуу болгон жана Советтик Армиянын чектелген контингентинин курамына кирбеген СССРдин мамлекеттик коопсуздук комитетинин жумушчулары жана кызматчылары.
(КР 1997-жылдын 24-майындагы N 34, 2002-жылдын 11-мартындагы N 34, 2023-жылдын 25-январындагы N 12 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 09.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 25 января 2023 года № 12 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О ветеранах войны, Вооруженных Сил и тружениках тыла"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 марта 2002 года №34 " О внесении изменений и дополнений в Закон КР "О ветеранах войны, Вооруженных Сил и тружеников тыла"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 24 мая 1997 года №34 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О ветеранах войны, Вооруженных Сил и тружениках тыла"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (7)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы "Шабдан Касиевдин, Жапар Сатарович Топошовдун, Адыл Исмаилович Абаевдин, Рустам…Постановление · 01.11.2019
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 105 (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ш.К.Ташиев тарабынан демилгеленген…Распоряжение · 28.02.2023 · № 105
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы № 638 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 26.11.2019 · № 638
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 684 ""Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 15.12.2016 · № 684
- Постановление Правительства КР от 15 сентября 2000 года №575 "О взимании сборов за проезд транспортных средств по искусственным сооружениям на автомобильных дорогах общего…Постановление · 15.09.2000 · № 575 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-октябрындагы № 672 "Элдик демилге тартибинде демилгеленген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 01.10.2015 · № 672 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы № 793 "Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 07.12.2017 · № 793 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/620/st-3" title="3-статья - Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>