Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 218 «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 26-ноябры ПЖ № 218 Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесин жетекчиликке алып, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо жекшемби күнгө, 2014-жылдын 26-январына дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органына шайлоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- шайлоолорду өткөрүү үчүн зарыл болгон финансы каражаттарын Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдар сметасына ылайык бөлсүн;
- шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жогоруда көрсөтүлгөн кеңештин карамагына тиешелүү документтердин, материалдардын, ошондой эле материалдык-техникалык баалуулуктардын сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 7 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (7)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 12-февралындагы №24 "2014-жылдын 26-январында өткөрүлгөн жергиликтүү кеңештердин депутаттарын…Постановление · 12.02.2014 · № 24
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 29-ноябрындагы № 169 "2014-жылдын 26-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун…Постановление · 29.11.2013 · № 169
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-декабрындагы № 526-б (Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кум-Бел…Распоряжение · 31.12.2013 · № 526-р
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-декабрындагы № 177 "2014-жылдын 26-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун…Постановление · 10.12.2013 · № 177
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 10-декабрындагы № 178 "2014-жылдын 26-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун…Постановление · 10.12.2013 · № 178
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 29 ноября 2013 года № 172 "Об утверждении сметы расходов на подготовку и проведение выборов…Постановление · 29.11.2013 · № 172
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон