Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «2014-жылдын 26-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Ысык-Көл районунун Кум-Бел, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 10-декабры № 178
2014-жылдын 26-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай, Ысык-Көл районунун Кум-Бел, Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө
Кажы-Сай айылдык кеңешинин 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 10, Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 28-ноябрындагы № 4, Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 5-декабрындагы №3, Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 4-декабрындагы №3 протоколдоруна, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2,4,5-пункттарына, 20-беренесиндеги 1-бөлүктүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-ноябрындагы ПЖ №218 Жарлыгынын 2-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облусттарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо күнүн дайындоо жөнүндө” ПЖ №226 Жарлыгынын 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары төмөнкүдөй бекитилсин:
№ 3209 жана № 3207 шайлоо участкалары бириктирилип, № 3207 шайлоо участкасы деген аталыш берилсин: Борбору-Кажы-Сай айылы, Маданият үйүнүн имараты; Чек аралары: Стаханов көчөсүнүн башталышы жана Жунушов проспектисинин так сан тарабы. Токтогул көчөсүнүн түштүк жагы фермага чейин. Улан көчөсү тоого чейин. Айылдын түштүк тарабы Угольный көчөсүнө чейин, буга Улан, Жанболот, Манас, Баетов, Чапаев, Конурбаев, Ленин, Шахтер, Инженер, Стандартный, 1-Май көчөлөрү жана Өнөр жай аянтчасы, Завод көчөсү кирет. № 3210 жана № 3208 шайлоо участкалары бириктирилип, № 3208 шайлоо участкасы деген аталыш берилсин: Борбору: Кажы-Сай айылы. А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин имараты. Чек аралары: Жунушов проспектисинин жуп сан тарабы, Токтогул көчөсү (түндүк тарабы) менен чочко фермага чейин, Курчатов көчөсү мектеп интернатына чейин. Пионер көчөсүнөн Восточный көчөсүнө чеийн ППЧны карай, буга Гагарин, Токтогул көчөлөрү жана Түштүк, Космонавт, Табиев, Мир чолок көчөлөрү, айылдын батыш тарабы ДЭУдан Восточный көчөсүнүн кесилишине чейин кирет. № 3211 Гараж шайлоо участкасы Борбору: Кажы-Сай айылы, Алтын-Жээк пансионатынын имараты; Чек аралары: Гараж участогу толугу менен.
2. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкалардын схемалары жана чек аралары төмөнкүдөй бекитилсин:
№ 3033 шайлоо участкасы Борбору: Булан – Соготту а., Ч. Исабаев атындагы орто мектебинин имараты; Чек аралары: Булан – Соготту айылы. № 3034 шайлоо участкасы Борбору: Корумду а., айылдык клубдун имараты; Чек аралары: Корумду айылы.
3. Чүй облусунун Кемин районунун Жаңы-Алыш айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкалардын схемалары жана чек аралары төмөнкүдөй бекитилсин:
№ 7004 шайлоо участкасы Борбору: Жаңы-Алыш а., Маданият үйүнүн имараты; Чек аралары: Жаңы-Алыш айылы.
4. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчисинин орун басары П.П. Баженовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Т. Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Ак-Чий айылдык кеңешинин 2013-жылдын 25-ноябрындагы №10 "Ак-Чий айыл аймагына пландан ашык тушкон доход жөнүндө" токтомуПостановление · 25.11.2013 · № 10
- КР Президентинин 2013-жылдын 26-ноябрындагы ПЖ № 218 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө"…Указ · 26.11.2013 · № 218 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2013-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 226 "Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Чүй облустарынын кээ бир жергиликтүү кеңештерин таркатуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо…Указ · 12.12.2013 · № 226 · Күчүн жоготкон