Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 404 «Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 31-декабры ПЖ № 404 Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө (КР Президентинин 2011-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 82, 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 141, 2017-жылдын 16-мартындагы ПЖ № 54, 2019-жылдын 11-майындагы ПЖ № 62 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык) Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча (ЮНЕСКО) иштерине Кыргыз Республикасынын натыйжалуу катышуусун жогорулатуу, ЮНЕСКОнун мамлекет үчүн артыкчылыктуу долбоорлоруна, программаларына жана иш-чараларына тартуу, ошондой эле ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана ЮНЕСКОнун компетенциясына кирген жааттарда иштеген ар кандай жергиликтүү жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын биргелешкен ишин координациялоо максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын курамы;
- Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы жөнүндө жобо.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө:
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана финансы маселелерин чечсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 6-апрелиндеги № 107 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 8-майындагы № 205 Жарлыгы;
- "ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 23-июнундагы № 205 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-декабрындагы № 605 Жарлыгынын 4, 5, 6, 7, 8-пункттары;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы № 96 Жарлыгынын 5-пунктунун 7-абзацы;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 Жарлыгынын 7-пунктунун б) пунктчасынын 7-абзацы;
- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 Жарлыгы менен бекитилген № 2 тиркемесинин 10-главасынын төмөнкүдөй мазмундагы абзацы:
"
Б1
Кыргыз Республикасынын ТИММ караштуу Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын аткаруучу катчысы
";
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 443 Жарлыгы менен бекитилген № 13 тиркемесинин төмөнкүдөй мазмундагы пункту:
"
Кыргыз Республикасынын ТИММ караштуу Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын катчылыгы
5
";
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрине жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 17-декабрындагы № 404 Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын КУРАМЫ (КР Президентинин 2019-жылдын 11-майындагы ПЖ № 62 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Эсеналиев Досалы Акпаралиевич
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Улуттук комиссиянын төрагасы;
Кудайбердиева Гульмира Каримовна
-
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары;
комиссиянын мүчөлөрү:
Жаманкулов Азамат Капарович
-
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;
Ташпаева Назгуль Аскеровна
-
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы;
Ниязалиев Нуран Садырович
-
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары;
Солтонгельдиева Сабира Самидиновна
-
Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы;
Бакашева Жылдыз Кемеловна
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору (макулдашуу боюнча);
Молдокасымов Кыяс Сатарович
-
Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондунун Башкармалыгынын башчысы (макулдашуу боюнча);
Мусина Дарья Сапарбековна
-
Республикалык "Балажан" окуу-усулдук эстетикалык тарбия берүү борборунун директору (макулдашуу боюнча);
Айтпаева Гульнара Амановна
-
ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө конвенциясынын алдында аккредитацияланган "Айгине" маданий-изилдөө борборунун директору (макулдашуу боюнча);
Сирмбард Светлана Рустамовна
-
Бишкек финансы-экономикалык академиясынын ректору (макулдашуу боюнча);
Чочунбаева Динара Илимбековна
-
Кол өнөрчүлөрдү колдоонун Борбордук Азия ассоциациясы ресурстук борборунун директору (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (8)
- КР Президентинин 2011-жылдын 10-февралындагы ПБ № 21 (Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын Катчылыгы жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 10.02.2011 · № 21
- КР Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы № 404 Жарлыгы менен бекитилген "ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук комиссиясы жөнүндө" жобоПоложение · 31.12.2010 · № 404
- КР Президентинин 2019-жылдын 11-майындагы ПЖ № 62 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук…Указ · 11.05.2019 · № 62
- 2011-жылдын 12-апрели ПЖ № 82 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштерибоюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө"…Указ · 12.04.2011 · № 82
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 27.08.2007 · № 385 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 6 апреля 1993 года № УП-107 "О создании Национальной комиссии Республики Кыргызстан по делам ЮНЕСКО"Указ · 06.04.1993 · № 107 · Күчүн жоготкон
- 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 141 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө"…Указ · 14.06.2013 · № 141 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2017-жылдын 16-мартындагы ПЖ № 54 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук…Указ · 16.03.2017 · № 54 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (11)
- КР Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы ПЖ №425 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу…Указ · 26.10.2009 · № 425
- Указ Президента КР от 23 июня 2004 года УП № 205 "О Национальной комиссии Кыргызской Республики по делам ЮНЕСКО"Указ · 23.06.2004 · № 205
- КР Президентинин 2009-жылдын 24-декабрындагы ПЖ № 605 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги жөнүндө" жарлыгыУказ · 24.12.2009 · № 605 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 6 апреля 1993 года № УП-107 "О создании Национальной комиссии Республики Кыргызстан по делам ЮНЕСКО"Указ · 06.04.1993 · № 107 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 27.08.2007 · № 385 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 16-мартындагы ПЖ № 96 «Кыргыз Республикасынын Өкмјтүнүн түзүмү жөнүндј» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу…Указ · 16.03.2007 · № 96 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 8-майындагы № 205 "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын курамы жөнүндө" жарлыгыУказ · 08.05.2006 · № 205 · Күчүн жоготкон
11 ичинен 7 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндөЗакон · 22.10.2009 · № 283 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндөЗакон · 06.02.2007 · № 12 · Күчүн жоготкон