Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын курамы жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-12-17.
КР Президентинин 2010-жылдын 17-декабрындагы ПЖ № 304 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2006-жылдын 8-майы ПЖ № 205 Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын курамы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасындагы кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын тиркелген курамы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Ж.Жекшеев кабыл алуу-өткөрүү актысынын негизинде документацияларды, материалдык байлыктарды жана башка мүлктү кабыл алууну белгиленген тартипте жүргүзсүн.
3. Кыргыз Рсспубликасынын Президентинин 2004-жылдын 23-июнундагы № 205 "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясы жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республнкасынын Президенти К.Бакиев
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 8-майындагы № 205 Жарлыгы менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын КУРАМЫ Сарыгулов Дастан Исламович - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, комиссиянын төрагасы; Нур уулу Досбол - Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министри, төраганын билим берүү боюнча орунбасары; Бекбоев Аскарбек Абдыкадырович - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекетгик университетинин ректору, төраганын илим, маалымат жана коммуникация боюнча орунбасары; Раев Султан Акимович - Кыргыз Республикасынын Маданият министри, төраганын маданият боюнча орунбасары; Жекшеев Жыпар - Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиясынын башкы катчысы. Комиссиянын мүчөлөрү:
Мурзубраимов Бектемир Мурзубраимович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы; Сарыбаев Асанбек Мукашевич - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү башкармасынын начальниги; Кыдыров Талайбек Тургумбаевич - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы; Боронбаева Токтокан Жолуевна - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Аялдар, үйбүлө жана гендердик өнүктүрүү маселелери боюнча Улуттук кеңештин жооптуу катчысы; Үтөбаев Шамшибек Тагаевич - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнүн стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза секторунун башчысы; Плоских Виктор Михайлович - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти; Давлетова Назира Мамытбековна - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин социалдык саясат боюнча комитетинин ишин камсыз кылуу боюнча бөлүмдүн эксперти; Карабаев Эднан Өскөнович - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин проректору; Алдашев Алмаз Абдулхаевич - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиумунун башкы илимий катчысы; Чочунбаева Динара Илимбековна - Борбордук Азиянын элдик уздар Ассоциациясынын президенти.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Указ Президента КР от 23 июня 2004 года УП № 205 "О Национальной комиссии Кыргызской Республики по делам ЮНЕСКО"Указ · 23.06.2004 · № 205
- КР Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 404 "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" жарлыгыУказ · 31.12.2010 · № 404