Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ №77 «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2013-жылдын 15-апрели ПЖ №77 Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-58-беренелерине ылайык, ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын сунушу кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ак-Булак шайлоо округу боюнча Кызыл-Туу айылдык кеңешине, Ош облусунун Араван районундагы Токтогул шайлоо округу боюнча С.Юсупов атындагы айылдык кеңешке, Кара-Суу районундагы Учар шайлоо округу боюнча Төлөйкөн айылдык кеңешине жана Мамажанов шайлоо округу боюнча Жоош айылдык кеңешине, Кара-Кулжа районундагы Биймырзаев шайлоо округу боюнча Кара-Кулжа айылдык кеңешине, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешине, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Кара-Ой шайлоо округу боюнча Кара-Ой айылдык кеңешине, Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш шайлоо округу боюнча Бөрү-Баш айылдык кеңешине, Жети-Өгүз районундагы Батыш жана Жалгыз-Өрүк шайлоо округу боюнча Кызыл-Суу айылдык кеңешине, Чүй облусунун Сокулук районундагы № 2, 3, 4 шайлоо округдары боюнча Новопавловка айылдык кеңешине жана № 1, 3 шайлоо округдары боюнча Орок айылдык кеңешине, Москва районундагы № 1 шайлоо округу боюнча Александровка айылдык кеңешине, Жайыл районундагы № 1 шайлоо округу боюнча Красновосточный айылдык кеңешине, Аламүдүн районундагы № 2 шайлоо округу боюнча Таш-Мойнок айылдык кеңешине кайталап шайлоолор 2013-жылдын 26-майына, жекшембиге дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жогоруда аталган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- шайлоону өткөрүү үчүн зарыл финансылык каражаттарды Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык бөлсүн;
- шайлоого даярдык жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча чараларды көрсүн.
4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тийиштүү шайлоо комиссияларына шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмелерин иреттештирүү, тактоо, түзүү жана уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (9)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 97 "Ысык-Көл облусунун Ак-Суу, Жети-Өгүз жана Ысык-Көл райондорунун жергиликтүү…Постановление · 04.06.2013 · № 97
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 101 "Ош облусунун Араван, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунун жергиликтүү…Постановление · 04.06.2013 · № 101
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 51 "2013-жылдын 26-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен…Постановление · 19.04.2013 · № 51
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 102 "Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун…Постановление · 04.06.2013 · № 102
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 17-апрелиндегит № 49 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону…Постановление · 17.04.2013 · № 49
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 99 "Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айылдык кеңешинин депутаттарын…Постановление · 04.06.2013 · № 99
- Төлөйкөн айылдык кеңешинин 2013 жылдын 22 апрелиндеги № 6-1 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 15-апрель 2013-жылдагы Жарлыгын аткаруу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.04.2013 · № 6-1
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринде мөөнөтүнөн мурда жана кайталап шайлоолорду өткөрүүнү камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө"…Постановление · 07.05.2013 · № 250 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 19-апрелиндеги № 55 "2013-жылдын 26-майына дайындалган жергиликтүү кеңештин депутаттарын кайра шайлоо…Постановление · 19.04.2013 · № 55
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон