Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 4-июну № 102 Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө (КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 58 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 25-ноябрында өткөрүлдү. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин аймагында айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн көп мандаттуу 1 шайлоо округу түзүлгөн. 2012-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таануу жөнүндө" № 148 токтому менен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын Кан шайлоо округу боюнча шайлоо өткөн жок деп табылган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 77 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын Кан шайлоо округу боюнча кайталап шайлоо 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине шайлоо процессинин катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү кайрылуу (арыздар, даттануулар, актылар) келип түшкөн жок. 2013-жылдын 26-майындагы болуп өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы берген протоколдордун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүккө, 40-беренесиндеги 4-бөлүккө, 62-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдын 26-майындагы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын Кан шайлоо округу боюнча кайталап шайлоо өттү деп табылсын.
2. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.
3. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешине төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (тиркеме).
4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдраимов
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 4-июнундагы № 102 токтомуна тиркеме
Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарынын ТИЗМЕСИ
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 58 токтомуна ылайык Досатов Замирбек Мамасыдыкович жергиликтүү кеңешинин шайланган депутаты деп табуу тууралуу бөлүгү күчүн жоготту.
145
КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 58 токтомуна ылайык Джахбаров Юлдашхужа Каландарович жергиликтүү кеңешинин шайланган депутаты деп табуу тууралуу бөлүгү күчүн жоготту.
130
Досатов Жанболот Мамасыдыкович
102
Жигитов Канатбек Мамытович
102
Абдураимов Чингиз Камбаралиевич
101
Асанов Базарбай Айдаркулович
100
Жусупов Абдисатар Кулмаматович
98
Иминов Дильшотбек Билалович
95
Кутбаев Кубанычбек Абдикалыкович
87
Юлдашев Якубджон Каримджонович
85
Акунчиева Нургул Иметовна
81
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 58 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына талапкерлерге бош…Постановление · 08.04.2014 · № 58
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- КР Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ №204 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 24.09.2012 · № 204 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2013-жылдын 15-апрелиндеги ПЖ №77 "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ош, Баткен, Ысык-Көл жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кайталап…Указ · 15.04.2013 · № 77 · Күчүн жоготкон