Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин 2012-=жылдын 17-февралындагы №44 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун кээ бир маселелери жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2012-жылдын 17-февралы ПЖ № 44 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун кээ бир маселелери жөнүндө (КР Президентинин 2017-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 109 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкарууга жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсү кепилденет, ал эми мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принцибине негизденет. Аталган принципти жүзөгө ашыруу жана "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун кызматчыларынын туруктуу жана кесипкөй кадрдык корпусун калыптандыруунун бирдиктүү негиздерин камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик бийлик органдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган башка мамлекеттик органдарды, мекемелерди жана уюмдарды кайра уюштурууга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60, 65-беренелерин жетекчиликке алуу менен ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 28-октябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө" Жарлыгына ылайык мурда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жүргүзүп келген муниципалдык кызмат жагындагы төмөнкүдөй функциялар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өткөрүп берилсин:
- муниципалдык кызмат жагында ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана бирдиктүү кадр саясатын жүргүзүү боюнча чараларды кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык муниципалдык кызматчыларга класстык чиндерди берүү;
- муниципалдык кызмат үчүн кадрларды даярдоо системасын түзүү, "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашыруу маселелеринде усулдук жетекчиликти жүргүзүү, белгиленген ыйгарым укуктардын чегинде ушул Мыйзамдын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен бирдикте бир айлык мөөнөттө аткаруу бийлик органдары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ажыратуунун конституциялык принциптерине негизденүү менен жогоруда аталган Жарлыкка ылайык мурда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жүргүзүп келген төмөнкү функцияларды бөлүштүрүү боюнча иш жүргүзсүн:
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, анын ичинде мамлекеттик башкарууну децентралдаштыруу, мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функцияларын ажыратуу маселеси жагында Мыйзам долбоорлорун жана башка ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген жергиликтүү өз алдынча башкаруу жагында мамлекеттин милдеттерин жүргүзүүнүн кепилдигин камсыз кылуу боюнча чараларды кабыл алуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүргүзүүдө жарандардын укуктарын камсыз кылуу жана коргоо боюнча чараларды кабыл алуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруу-укуктук жана финансы-экономикалык негиздерин чыңдоо боюнча мамлекеттик жана улуттук программаларды жана башка чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу жолу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын реформалоо жүргүзүү боюнча ишти уюштуруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар, коомдук бирикмелер менен өнүктүрүү жана алардын ишмердигин координациялоону камсыз кылуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик бийликтин борбордук жана жергиликтүү органдарынын өз ара мамилесин өнүктүрүүгө жана алардын биргелешкен ишине талдоо жасоо жана мониторинг жүргүзүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына уюштуруу, укуктук, усулдук жана консультациялык жардам, анын ичинде жергиликтүү жамааттардын уставдарынын таасирдүүлүгүн жогорулатуу, калкты аймактарды өнүктүрүү боюнча иштерге тартуу, жарандык коомдун потенциалын жогорулатууга көмөк көрсөтүү маселелеринде жардам көрсөтүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигинин маселелери боюнча маалыматтар банкын түзүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы иштин абалын иликтөө, алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Мыйзамдарынын талаптарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин аткарышы боюнча иш жүргүзүү;
- айылдардын, поселкалардын жана шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын башчыларын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өз убагында уюштуруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын чегинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларынын өз ыйгарым укуктарын аткаруу боюнча отчетторун жергиликтүү жамааттардын курултайларына берүү боюнча ишти координациялоо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен мамлекеттик башкаруу органдарынын ортосунда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын ортосундагы, ошондой эле ар кандай аймактык деңгээлдеги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы келип чыккан талаш кырдаалдарды өз компетенциясынын чегинде кароо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана алардын жетекчилеринин укукка жат аракеттерине жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн даттанууларын жана арыздарын кароо жана текшерүү.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыккан зарыл уюштуруу чараларын кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин ченемдик укуктук актыларынын тийиштүү долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына киргизсин.
4. (КР Президентинин 2017-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 109 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 28-октябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 23-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин ишин камсыз кылуу маселелери жөнүндө" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 27-декабрындагы № 468 "Айыл калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга багытталган кошумча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 7 · цитата келтиргендер: 9 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (9)
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматчыларын аттестациялоону өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 28.06.2006 · № 327
- Кыргыз Республикасынын администрациялык кызматты ээлеген муниципалдык кызматчыларына класстык чендерди берүү тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 28.06.2006 · № 327
- "2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларын окутуу системасын өнүктүрүүнүн Программасы" (Кыргыз Республикасынын Президентинин…Программа · 12.07.2013 · № 162
- Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын бош администрациялык кызмат ордун ээлөө боюнча конкурс өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОПоложение · 28.06.2006 · № 327
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 7-июну ПЖ № 109 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 07.06.2017 · № 109
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 23-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин ишин камсыз кылуу…Указ · 23.01.2006 · № 27 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 503 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө" жарлыгыУказ · 28.10.2005 · № 503 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 27 декабря 2008 года УП N 468 "О дополнительных мерах, направленных на обеспечение сельского населения чистой питьевой водой"Указ · 27.12.2008 · № 468 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (7)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 7-июну ПЖ № 109 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 07.06.2017 · № 109
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 503 "Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө" жарлыгыУказ · 28.10.2005 · № 503 · Күчүн жоготкон
- Муниципалдык кызмат жөнүндөЗакон · 21.08.2004 · № 165 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 23-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин ишин камсыз кылуу…Указ · 23.01.2006 · № 27 · Күчүн жоготкон
- Указ Президента КР от 27 декабря 2008 года УП N 468 "О дополнительных мерах, направленных на обеспечение сельского населения чистой питьевой водой"Указ · 27.12.2008 · № 468 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 28-июнундагы № 327 "Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматты камсыз кылуунун жана уюштуруунун негизги маселелери жөнүндө"…Указ · 28.06.2006 · № 327 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон