Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 503 «Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 17 февраля 2012 года № 44 "О некоторых вопросах реализации государственной политики в сфере местного самоуправления"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-02-17.
КР Президентинин 2012-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 44 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2005-жылдын 28-октябры ПЖ № 503 Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө
Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну андан ары децентралдаштырууну жана жергиликтүү өзалдынча башкарууну өнүктүрүүнү камсыз кылуу, мамлекеттик бийлик менен жергиликтүү өзалдынча башкаруунун функцияларын ажыратуунун конституция менен белгиленген принциптерин жүзөгө ашыруу, аймактарды башкаруунун өзалдынча жөнгө салуу, өзалдынча камсыз кылуу жана өзалдынча финансылоо принциптерин ырааттуу киргизүү, ошондой эле жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууга жергиликтүү жамааттарды кеңири тартуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги (мындан ары - Агенттик) жөнүндө тиркелген Жобо бекитилсин.
3. Агенттиктин директору бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү даярдасын жана киргизсин:
- Агенттиктин түзүмү, штаттык саны жана мамлекеттик кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шартынын Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен макулдашылган долбоорлорун;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги менен бирге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушту.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети Агенттикти Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтык материалдарын алуучу органдардын тизмесиие киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:
- бир айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди чечсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР Президентинин 2008-жылдын 20-ноябрындагы №468 "Айыл калкын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга багытталган кошумча чаралар жөнүндө" жарлыгыУказ · 20.11.2008 · № 468
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 28-октябрындагы № 503 Жарлыгы…Положение · 28.10.2005 · № 503
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 23-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин ишин камсыз кылуу…Указ · 23.01.2006 · № 27 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2012-=жылдын 17-февралындагы №44 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун кээ бир маселелери жөнүндө" жарлыгыУказ · 17.02.2012 · № 44 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 10 февраля 2006 года №90 "О внесении изменений и признании утратившим силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"Постановление · 10.02.2006 · № 90 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2012-=жылдын 17-февралындагы №44 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруунун кээ бир маселелери жөнүндө" жарлыгыУказ · 17.02.2012 · № 44 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон