Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 131 «Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматын түзүү жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 25 апреля 2012 года УП № 95 "О признании утратившими силу некоторых решений Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2012-04-25.
КР Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 95 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2010-жылдын 17-августу ПЖ № 131 Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматын түзүү жөнүндө Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, баңгизаттарын жеткирүүнүн каналдарын жоюу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы (мындан ары - Кызмат) Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин кызматтарынын жана бөлүмдөрүнүн базасында түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кызмат баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү, алардын мыйзамсыз жүргүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатындагы адистештирилген укук коргоо органы болуп эсептелет;
- Кызматтын штаттык саны 262 аттестациядан өткөн курам жана 33 жарандык, тейлөөчү персонал болот;
- улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарында баңгизат кылмышы менен байланышкан кылмыштар боюнча оперативдүү-издөө иштерин жана тергөө жүргүзүү укугу калтырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агенттигин жоюуга байланыштуу бекитилген жоюу комиссиясынын актысына ылайык мурда кабыл алынган имараттарды, автомобиль паркын, куралдарды жана ок-дарыларды, материалдык-техникалык баалуулуктарды, документтерди, финансыны жана штаттык бирдиктерди Кызматка өткөрүп беришсин;
- өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтиришсин.
4. Кызмат бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
- Кызматтын жобосунун, башкаруу схемасынын, түзүмүнүн долбоорлорун иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин;
- ушул Жарлыкка ылайык башка чарларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кызматтын ишин финансылык, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан камсыздоонун маселелерин чечсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 23-августундагы № 44-б (Ведомстволор аралык комиссия түзүлүүсү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 23.08.2010 · № 44-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 110-б ("БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Кыргыз Республикасына 2014-2016-жылдарга көмөк көрсөтүү боюнча…Распоряжение · 28.03.2014 · № 110-р
- КР Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 95 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 25.04.2012 · № 95
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-апрелиндеги № 121-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат менен Россия Федерациясынын…Распоряжение · 16.04.2014 · № 121-р
- КР Президентинин 2010-жылдын 27-сентябрындагы ПЖ № 204 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери"Указ · 27.09.2010 · № 204 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-сентябрындагы №225 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө…Постановление · 30.09.2010 · № 225 · Күчүн жоготкон