16-статья. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларын укуктук жана
Күчүн жоготкон · 23.01.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: ЗАКОН Кыргызской Республики от 23 января 2023 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 11 марта 2009 года № 77
социалдык жактан коргоонун кепилдиктери
Мамлекеттик күзөт органынын кызматчысы кызматтык милдеттерин аткарып жаткан учурда Мамлекеттик күзөт органынын өкүлү болмоюнча же соттун чечими болмоюнча ага административдик жазаны колдонууга, аны алып келүүгө жана административдик кармоого, ошондой эле жеке өзүн, анын жанындагы буюмдарды тинтүүгө, ал пайдаланган транспорт каражатын тинтүүгө жол берилбейт. Мамлекеттик күзөт органынын аскер кызматчыларына мыйзамдарда аскер кызматчыларына карата белгиленген укуктук жана социалдык жактан коргоо кепилдиктери таркатылат. Мамлекеттик күзөт органынын жетекчилиги Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлерин жана башка адамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик күзөт объекттеринин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча сиңирген эмгеги үчүн моралдык жана материалдык жактан сыйлоого, аларды мыйзамдарда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына көрсөтүүгө укуктуу. Мамлекеттик күзөт органынын аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталган тартипте пенсия дайындоо жана белгилүү мөөнөттө кызмат кылгандыгы үчүн проценттик үстөк акыны жеңилдетип кошуп эсептөө үчүн аскер кызматындагы убактысы кошулат. Мамлекеттик күзөт органынын белгилүү мөөнөттө кызмат кылгандыгы үчүн пенсия алууга укуктуу кызматчыларынын акчалай маянасына кошумча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгилеген тартипте, шарттарда жана өлчөмдө ай сайын үстөк акы төлөнөт. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларынын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылуу же анын мүнөзүн өзгөртүүгө мажбурлоо максатында, ошондой эле көрсөтүлгөн иш үчүн өч алуу үчүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салынып жаткан Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары, алардын жакын туугандары, ал эми өзгөчө учурларда башка адамдар эгерде алардын өмүрү, ден соолугу жана мүлкү көрсөтүлгөн кызматчылардын кызматтык милдеттерин аткарышына байланыштуу коркунучка дуушар болсо, мамлекеттин коргоосунда болууга укуктуу. Мамлекеттик коргоого алуунун тартиби жана шарты ушул Мыйзамда жана башка мыйзамдарда аныкталат. (КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 77, 2011-жылдын 29-ноябрындагы № 226 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/605/st-16" title="16-статья - Мамлекеттик күзөт жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>