15-статья. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары
Күчүн жоготкон · 23.01.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: ЗАКОН Кыргызской Республики от 23 января 2023 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 26 сентября 2011 года № 154
Мамлекеттик күзөт органынын аскер кызматчылары, ошондой эле аскер кызматтарына дайындалган адамдар Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары болуп саналат. Мамлекеттик күзөт органынын аскер кызматчылары Мамлекеттик күзөт органынын алдында турган милдеттердин өзүнчөлүгү жана аларга жүктөлгөн милдеттер менен шартталган, ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен аскер кызматын өтөө жөнүндө мыйзамдарга ылайык аскер кызматын өтөшөт. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарууда бийликтин өкүлдөрү болуп саналышат жана мамлекеттин коргоосунда болушат. Мамлекеттик күзөт органынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын граждандар жана кызмат адамдары аткарууга милдеттүү. Кызматчылардын кызматтык милдеттерин аткарышына тоскоолдук кылуу, алардын ар-намысын жана кадыр-баркын кетирүү, Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларына каршылык көрсөтүү, коркунуч келтирүү же зомбулук кылуу, көрсөтүлгөн кызматчылардын кызматтык милдетин аткарышына байланыштуу алардын өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке алып келет. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларын алардын кызматтык милдеттерине таандык болбогон милдеттерди аткарууну тартууга тыюу салынат. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары өздөрүнүн кызматтык ишинде саясий партиялардын жана башка коомдук бирикмелердин чечимине байланбайт. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчыларына ишкердик кылууга же жеке адамдардын жана юридикалык жактардын мындай ишти жүзөгө ашыруусуна көмөк көрсөтүүгө тыюу салынат. Мамлекеттик күзөт органынын кызматчылары аскер кызматын окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык иштен бөлөк акы төлөнүүчү башка иш менен айкалыштырууга укуксуз. (7-бөлүк КР 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Офицердик курам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт органынын кадрларында жана иштеп жаткан резервинде турушат. Мамлекеттик күзөт органынын кадрларын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. (КР 2009-жылдын 11-мартындагы № 77, 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 154 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 23.01.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 26 сентября 2011 года № 154 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 11 марта 2009 года № 77 "О внесении дополнений и изменений в Закон Кыргызской Республики "О Службе государственной охраны Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндөЗакон · 26.09.2011 · № 154 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/605/st-15" title="15-статья - Мамлекеттик күзөт жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>