Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 496 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 10-ноябры ПЖ № 496 Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө Мамлекеттик объекттерди кайтарууну жана коопсуздугун камсыз кылган, ошондой эле чет мамлекеттердин башчыларын тосуп алууда жана Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" борбордук аянтына орнотулган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун жанында кароолго турууга байланышкан иш-чараларга катышкан органдардын ишин аларды реформалоо жана бири-бирин кайталаган функцияларды жоюу жолу менен оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 1, 7, 42, 46 жана 47-беренелерин жетекчиликке алып жана мыйзам менен жөнгө салынганга чейин ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясы функцияларын Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматына өткөрүп берүү менен жоюлсун.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын укук мурастоочусу болуп санала тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы:
- бир айлык мөөнөттө функцияларды оптималдаштыруу жолу менен штаттык санын кыскартууну кароо менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын Жобосун жана башкаруу схемасын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын катышуусу менен эки айлык мөөнөттө материалдык-техникалык каражаттарды, штаттарды өткөрүү-кабыл алууну жүргүзсүн жана юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясын жоюу маселесин белгиленген тартипте чечсин;
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун иштеп чыксын жана кароого киргизсин, ошондой эле ушул Жарлыктан келип чыккан башка чараларды кабыл алсын.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча Мамлекеттик кеңешчисине жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 24 октября 1997 года 3 №882-1 "О принятии Закона Кыргызской Республики "О Службе государственной охраны Кыргызской Республики"Постановление · 24.10.1997 · № 882
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 2-февралындагы №52 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 02.02.2010 · № 52
- Постановление Правительства КР от 20 января 2000 года №36 "О внесении изменений и дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики от 13 января 1995 года N 12 "Об…Постановление · 20.01.2000 · № 36
- Постановление ЗС Жогорку Кенеша КР от 24 декабря 1997 года 3 N 939-1 "О возражении Президента Кыргызской Республики к Закону Кыргызской Республики "О Службе государственной…Постановление · 24.12.1997 · № 939-1
- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралууЗакон · 11.07.2011 · № 92 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндөЗакон · 29.11.2011 · № 226 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 308 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам…Постановление · 13.06.2011 · № 308 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2009-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 221 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 30.04.2009 · № 221 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралууЗакон · 08.10.2008 · № 207 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү тууралууЗакон · 11.03.2009 · № 77 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон