Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «»Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «ЗАКОН Кыргызской Республики от 23 января 2023 года № 6 "О государственной охране"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-01-23.
КР 2023-жылдын 23-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 11-июлу № 92
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 2, 20-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
1. 8-берененин 4-бөлүгүндө "Конституциялык" деген сөз "Жогорку" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. II глава төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-берене менен толукталсын:
"8-1-берене. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мамлекеттик күзөткө алуу
Өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туулган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы аныктаган тартипте мамлекеттик күзөткө алынышы мүмкүн.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө үч айлык мөөнөттө:
- ченемдик укуктук актыларды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү жөнүндө сунуштарды киргизүү;
- өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Мамлекеттик күзөт жөнүндөЗакон · 23.01.2023 · № 6
- Мамлекеттик күзөт жөнүндөЗакон · 29.12.1997 · № 105 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР Президентинин 2009-жылдын 10-ноябрындагы ПЖ № 496 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" жарлыгыУказ · 10.11.2009 · № 496
- Мамлекеттик күзөт жөнүндөЗакон · 23.01.2023 · № 6