Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу Стратегиясын бекитүү жөнүндө» жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 10-апрели ПЖ № 199 Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу Стратегиясын бекитүү жөнүндө Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин башкаруунун жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жер участкаларын пайдалануу маселелерин жөнгө салуу механизмдерин түзүү жана тартипке келтирүү жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануунун тиркелген Стратегиясы (мындан ары - Стратегия) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- аталган Стратегияны жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
- Стратегияны жүзөгө ашырууда финансылоонун бюджеттен тышкаркы кошумча булактарын, анын ичинде эл аралык финансы жардамын тартууга көмөк көрсөтсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 508-б (Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу Стратегиясын бекитүү жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 12.09.2009 · № 508-р
- Боо-Терек айылдык кеңешинин 2011-жылдын 17-июнундагы № 3 «Бакай-Ата райондук Кеңешинин 2011-жылдын 25-майындагы №35 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз-алдынча башкаруу иштери…Постановление · 17.06.2011 · № 3
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 199 Жарлыгы менен бекитилген, "Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу" стратегиясыСтратегия · 10.04.2009 · № 199
- Нурманбет айылдык кеңешинин 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 80/ХVI-26 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 199 “Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин…Постановление · 22.04.2015 · № 80/XVI-26