Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу Стратегиясын бекитүү жөнүндө) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2009-жылдын 12-сентябры № 508-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 199 "Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу Стратегиясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу Стратегиясында коюлган милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 10-апрелиндеги № 199 "Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу Стратегиясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу Стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын тиркелген планы (мындан ары - Иш-чаралардын планы) бекитилсин.
2. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары Иш-чаралардын планын толук көлөмдө жана белгиленген мөөнөттөрдө аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбей Иш-чаралардын планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат берсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 12-сентябрындагы № 508-б буйругу менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын
10-апрелиндеги № 199 "Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү
Фондунун жерлерин пайдалануу Стратегиясын бекитүү
жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Айыл чарба аянттарын
кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдалануу
Стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча
ИШ-ЧАРАЛАРДЫН ПЛАНЫ
| № | Стратегиядан алынган үзүндүлөр | Иш-чаралар | Жүзөгө ашыруу мөөнөт- төрү | Жооптуу адамдар |
|---|---|---|---|---|
| 1 | Мамлекеттик резервди сактоо максатында Фондду Айыл чарба аянттарынын мамлекеттик фондуна кайра өзгөртүп түзүү зарыл | Фонддун жерлерин башкаруунун, пайдалануунун жана тескөөнүн натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында Айыл чарба аянттарын кайра бөлүштүрүү фондун Айыл чарба аянттарынын мамлекеттик фондуна кайра түзүү боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | 2010-жыл- дын июну | Айылсуучарба- мин, Мамкаттоо, ЖӨБИУА (макулдашуу боюнча) |
| 2 | Жер үлүштөрү бөлүштүрүлгөн учурдан тартып 10 жыл өткөнү менен бул процесс иш жүзүндө аяктала элек, ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жолу менен Фонддун жерлеринен жарандарга жер үлүштөрүн берүүнү токтото туруу зарыл | ААКФ жер участокторунун эсебинен жер үлүштөрүн берүүнү токтото туруу боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | 2010-жыл- дын июну | Айылсуучарба- мин, Мамкаттоо, ЖӨБИУА (макулдашуу боюнча) |
| 3 | 130 айыл өкмөтүндө Фонддун жерлерин пайдаланууну талдоо иш жүзүндө бардык айыл өкмөтүндө Фонддун жерлери ижарага тоорук өткөрүүсүз бериле тургандыгын көрсөттү. Ошол эле учурда ижара акысынын өлчөмү жердин рыноктук наркынан көп эсеге төмөн. Фонддун жерлерин ижарага берүүдө тоорук өткөрүүгө айыл өкмөтүнүн кызыкчылыгы жок. Ижара мөөнөттөрү боюнча мыйзамдардын нормалары сакталбайт, ал объективдүү да, субъективдүү себептер менен шартталган. Негизги проблемалардын бири Фонддун жерлеринин деградацияланган аянттарынын көбөйүшү болуп саналат, аларды айыл чарбасына пайдаланууга тартуу үчүн сугат системаларын калыбына келтирүүгө жана башка иш-чараларды аткарууга инвестициялар талап кылынат | ААКФнын жерлерин ижарага берүү, пайдалануу жана ижара мөөнөттөрү жөнүндө маселелер боюнча нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү. Конкурстун негизинде ААКФнын деградацияланган жерлерин узак мөөнөткө чет өлкөлүк инвесторлорго берүүнү караштырган нормативдик укуктук актылардын жана программалардын долбоорлорун даярдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | 2010-жыл- дын июну | Айылсуучарба- мин, Мамкаттоо, ЖӨБИУА (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администра- циялар |
| 4 | Республиканын айыл чарбасын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы үрөндөрү, себүү материалдары жана малдын жана канаттуулардын асыл тукумдуу төлү менен камсыз кылуу маселелеринде үрөнчүлүк, асыл тукум, тажрыйба- лык-селекциялык жана эксперименттик чарбаларга жүктөлгөн милдеттердин маанилүүлүгүн эске алуу менен Фонддун жерлерин максаттуу пайдаланууга катаал мамлекеттик контролдукту камсыз кылуу керек жана чарбалар мыйзамдарды бузган жана максатсыз пайдаланган учурларда аларды белгиленген тартипте алып коюу керек | ААКФнын жерлерин үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик чарбаларга, тажрыйба- лык-селекциялык станцияларга жана айыл чарба кооперативдерге алар уставдык милдеттерди аткарган шартта берүү жөнүндө нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизүү | 2010-жыл- дын июну | Айылсуучарба- мин, Мамкаттоо, ЖӨБИУА (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администра- циялар |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.