Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин «Мамлекеттик мүлктү башкарууну өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента Кыргызской Республики от 15 августа 2022 года УП № 283 "О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-08-15.
КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2009-жылдын 10-февралы ПЖ № 96 Мамлекеттик мүлктү башкарууну өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө Акциялардын мамлекеттик пакеттерин менчиктештирүүнүн түрдүү ыкмаларын жүзөгө ашырууну кошкондо, мамлекеттик уюмдардын чарбалык ишинин натыйжалуулугун жогорулатууну камсыз кылуу, ошондой эле корпоративдик баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42- жана 47-беренелерине ылайык, токтом кылам:
1. Мамлекеттик ишканалардын ишине жана аларды иштетүүнүн максатка ылайыктуулугуна талдоо жүргүзүү жана зарыл болгон учурда аларды кайра уюштурууну жана жоюуну, алардын функцияларын мамлекеттик органдарга өткөрүп берүүнү, менчиктештирүүнү жана мамлекеттик ишканаларды акционердик коом кылып кайра түзүүнү ишке ашыруу максатка ылайык деп эсептелсин.
2. Акциялардын мамлекеттик пакеттерин менчиктештирүү фонддук рынокто акциялардын пакеттерин эл алдында ачык сунуш кылуу аркылуу жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- алты айлык мөөнөттө мамлекеттик ишканалардын ишине жана аларды иштетүүнүн максатка ылайыктуулугуна талдоо жүргүзсүн;
- эки айлык мөөнөттө:
акциялардын мамлекеттик пакеттерин сатууга алдын ала даярдоо, акцияларга рыноктук наркты белгилөө, алардын тез өтүшүн жогорулатуу жана кийин натыйжалуу менчиктештирүү максатында акциялардын же чыгарылышынын жалпы санынын 10%ына чейинки өлчөмүндө акционердик коомдордун менчиктештирилүүгө тийиш акцияларынын мамлекеттик пакеттеринин бир бөлүгүн эл алдында сатуу жана баалуу кагаздар рыногунда соода уюштуруучулары аркылуу акцияларды кошумча эмиссиялоону эл алдында жайгаштыруу механизмин киргизүүнү камсыз кылсын; акциялардын мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун листинг жол-жобосунан милдеттүү түрдө өтүшүн камсыз кылсын; мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзамдын долбоорун иштеп чыксын; ушул Жарлыктан келип чыккан башка зарыл болгон чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. (КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 283
- КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 07.10.2017 · № 207
- КР Президентинин 1999-жылдын 10-майындагы №121 "Баалуу кагаздардын уюшкан рыногун андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыгыУказ · 10.05.1999 · № 121 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 15.08.2022 · № 283
- КР Президентинин 2017-жылдын 7-октябрындагы ПЖ № 207 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" жарлыгыУказ · 07.10.2017 · № 207
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон