Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери» жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы №93 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 24-январы №40 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы №93 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, "Мамлекеттик башкаруу органдарындагы функциялык талдоонун кезектеги этабынын жыйынтыктары жана Кыргыз Республикасында администрациялык реформаны андан ары илгерилетүү боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы №522 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы №93 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
III бөлүмдө:
жыйырма бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "- өзгөртүп кайра түзүүнүн жана рационалдаштыруунун жүрүшүндө саламаттык сактоо уюмдарынын бошогон имараттарын жана жайларын менчиктештирүү саясатын түзүүгө карата мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизет;";
- төмөнкүдөй мазмундагы кырк бешинчи абзац менен толукталсын:
"- калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана ден соолукту коргоо жана чыңдоо жаатына активдүү тартуу максатында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жүргүзөт;".
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Положение о Министерстве здравоохранения Кыргызской Республики (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 13 февраля 2006 года №93)Положение · 13.02.2006 · № 93
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабры № 730 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө"Постановление · 04.12.2009 · № 730 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-февралындагы № 93 "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маселелери" токтомуПостановление · 13.02.2006 · № 93
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтнүн 2008-жылдын 23-сентябрындагы № 522 "Мамлекеттик башкаруу органдарындагы функциялык талдоонун кезектеги этабынын жыйынтыктары жана Кыргыз…Постановление · 23.09.2008 · № 522 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон