КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 26 июлундагы № 633 «2021-жылдын 10-июнунда болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 26 июлу № 633 2021-жылдын 10-июнунда болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө (2021-жылдын 7-июлдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку cотунун токтомуна байланыштуу) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2021-жылдын 7-июлундагы токтому менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - КР БШК) 2021-жылдын 23-июнундагы № 548 токтомунун төмөнкүдөй бөлүктөрү жокко чыгарылган:
- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитүү тууралуу;
- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп таануу;
- Самидинов Нурбек Жолмаматовичти Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп таануу жана ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшыруу тууралуу.
Өзүнүн токтомун негиздөөдө Кыргыз Республикасынын Жогорку соту төмөнкүдөй жүйөлөрдү көрсөткөн: КР БШК тарабынан 2021-жылдын 23-июнундагы № 548 токтомду кабыл алууда мыйзамдардын талаптары так сакталбаган.
1. "2021-жылдын 10-июнундагы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары Сузак аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан 2021-жылдын 10-майындагы бюллетендердин негизинде чыгарылган".
Бул жагдайга шайлоо комиссиялары (АШК жана БШК) тарабынан тийиштүү юридикалык баа берилген эмес. Шайлоонун жыйынтыктары жөнүндө протоколдо 10-июндун ордуна 10-май датасын коюу менен аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан техникалык ката кетирилгендиги тууралуу көрсөтүү зарыл эле. Ошентип 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобонун 33-пункту бузулган.
2. "Шайлоо процессинде добуш берүүчүлөрдүн өз эркин аныктоодо бюллетендердин жарактуулугу өтө маанилүү, болбосо "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобонун 32-пунктуна ылайык добуш берүүчүнүн эркин-ниетин билдирүүсүн аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген бюллетендер жараксыз болуп саналат.
Шайлоо комиссиялары (АШК жана БШК) тарабынан "жергиликтүү кеңештин депутаттарынын эки бюллетенде башкача атайын белги коюлгандыгы тууралуу дооматтары боюнча дагы тийиштүү юридикалык баа берилбей калган". Ушундан улам шайлоонун жыйынтыктары боюнча жүйөлүү күмөндөр пайда болуп, бюллетендерди кайра эсептөө талабы коюлган. Шайлоонун жыйынтыктары тууралуу протоколго ылайык Н.Ж.Самидиновго 16 добуш, ал эми Т.У.Гиязовго 15 добуш берилген. "Талапкерлердин ортосундагы бир добуш айырманы эске алуу менен, эки бюллетендин жараксыздыгы добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына түздөн түз таасир этиши мүмкүн". Өз кезегинде КР БШК "түзүлгөн кырдаалда бардык күмөн саноолорду жойбостон, аймактык шайлоо комиссиясынын аракеттеринде мыйзам бузуулар аныкталган жок деген негизсиз жүйө менен шайлоонун жыйынтыктарын бекитип койгон".
3. КР БШКнын расмий сайтында жарыяланып, жана ачык пайдаланууда болгон маалыматтарга ылайык, КР БШК айрым жергиликтүү шайлоо комиссияларынын төрагаларынын жоопкерчиликтерин карап, 2021-жылдын 1-июлундагы чечими менен Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы М.О.Кыргызбаевди Кызыл-Туу жана Таш-Булак айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо убагында шайлоо тартибин жана шайлоо комиссияларынын принциптерин бузгандыгы үчүн Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан чыгарган. "Демек КР БШК 2021-жылдын 10-июнунда өткөрүлгөн Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо мыйзам бузуулар кетирилгенин официалдуу түрдө тааныган".
Жогорку сот ушул жүйөлөрдүн негизинде "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" КР конституциялык Мыйзамынын 8-беренесинин 13-бөлүгүнө ылайык, "Борбордук шайлоо комиссиясынын Конституцияга, мыйзамдарга карама-каршы келген же белгиленген ыйгарым укуктардан аша кетүү менен кабыл алынган чечимдери Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан же сот тартибинде жокко чыгарылууга жатат", жогоруда көрсөтүлгөн токтомун кабыл алган. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 101-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш. Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 265-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык: "Кассациялык инстанциядагы соттун актылары жарыя кылынган учурдан тартып токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп саналат, даттанууга жатпайт". БШК Жогорку соттун 2021-жылдын 7-июлундагы токтомун аткарууга алып, сот тарабынан кабыл алынган токтомдун негиздемесиндеги жүйөлөрдү карап чыгып, төмөндөгүлөрдү белгилейт: БШК 2021-жылдын 10-июнунда болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары бөлүгүндө КР БШКнын 2021-жылдын 23-июнундагы № 548 токтомун кабыл алууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын жетекчиликке алган. Ошону менен бирге, КР БШК Т.У Гиязовдун жана башкалардын даттануусу боюнча кабыл алынган 2021-жылдын 19-июнундагы № 113 КР БШКнын чечиминде КР Жогорку сотунун токтомунда көрсөтүлгөн аспекттер толук чагылдырылбагандыгы, даттанууда билдирилген айрым жүйөлөр жана талаптар боюнча чечим кабыл алууда толук түрдө аргументтештирбегендиги, бул Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө АШК жана БШК тарабынан чыгарылган чечимдердин негиздүүлүгүнө жана укук ченемдүүлүгүнө добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгаруу процессинде жаралган шектенүүлөрдү четтетүүгө толук өлчөмдө кызмат кылбай тургандыгы боюнча соттун позициясына макул. 2021-жылдын 24-июлунда КР БШКнын шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин даттанууларын жана арыздарын кароо боюнча жумушчу топ Жогорку соттун токтомун жана жергиликтүү кеңештин депутаттарынын, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн аксакалдарынын жана жергиликтүү тургундарынын даттанууларын кароо алкагында, бардык тараптардын катышуусунда айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүү үчүн бюллетендерди кайра эсептөөнү жүргүзүп, АШК мүчөлөрүн, шайлоонун катышуучуларын, байкоочуларды кайрадан сурап чыккан. "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобонун 19-20-пункттарына ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы шайлоо бюллетендеринин текстин, формасын жана тиешелүү кеңештеги депутаттардын тизмесин бекитет, аларды даярдоону жана сактоону камсыз кылат, өз жыйналыштарынын протоколун алып барууну уюштурат, ушул Жобого ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат. Шайлоо бюллетендери жана тиешелүү кеңештин депутаттарынын тизмеси компьютердик жол менен мамлекеттик же расмий тилдерде даярдалат, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылып, аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын колу менен күбөлөндүрүлөт. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыктары боюнча БШКга белгиленген тартипте берилген жана кайра эсептелүүгө тушуккан бюллетендер талаптарга ылайык компьютердик ыкма менен даярдалып, АШКнын мөөрү жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынын жана катчысынын колтамгасы менен күбөлөндүрүлгөн. Мурда белгиленгендей, бюллетендерде аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан "2021-жылдын 10-июну" ордуна "10-май" датасын коюу менен техникалык ката кетирилген. Ошону менен бирге, КР БШКнын 2021-жылдын 21-майындагы № 267 токтому менен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2021-жылдын 10-июнуна дайындалган, 2021-жылдын 10-майында кандайдыр бир шайлоолор дайындалган жана өткөрүлгөн эмес. Ушуга байланыштуу техникалык катанын себептери боюнча добуш берүүдө - шайлоонун катышуучуларында, добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда - АШК мүчөлөрүндө ачык эместиктердин пайда болушу мүмкүн эмес эле. АШКнын бардык шайлоо аркеттери иш жүзүндө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого багытталган 2021-жылдын 10-июнундагы датага байланыштуу болгон, анын жыйынтыктары боюнча тийиштүү документтер даярдалган. "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобонун 33-пунктуна ылайык, добуш берүү үкөгүнөн алынып чыккан бюллетендердин негизинде аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленген бардык маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу Протоколго жана анын добуш берүүчү жайга илинген чоңойтулган көчүрмөсүнө жазылат. Протокол аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт жана ага аймактык шайлоо комиссиясынын белгиленген санынын көпчүлүк бөлүгүнөн аз эмес мүчөлөрүнүн колу коюлат. Ушул Жобонун 32-пунктуна ылайык, аймактык шайлоо комиссиясы добуш берүү үкөгүн ачууну жүргүзөт. Добуш берүү үчүн үкөктөн алынып чыккан бюллетендердин негизинде:
- добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы саны,
- жараксыз бюллетендердин саны,
- ар бир талапкерге "макул" деп берилген добуштардын саны жана
- айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна көрсөтүлгөн "баардык талапкерлерге каршы" позициясына берилген добуштардын саны аныкталат.
Добуш берүү күнү АШК добуш берүү үчүн үкөктү ачкан жана алынып чыккан бюллетендердин негизинде төмөнкүлөрдү аныктаган:
- добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы саны - 31 депутат,
- жараксыз бюллетендердин саны - 0 бюллетень,
- ар бир талапкер үчүн "макул" деп добуш бергендердин саны - талапкер Т.Гиязов үчүн - 15 добуш, талапкер Н.Самидинов үчүн - 16 добуш берилген,
- айыл өкмөт башчысынын кызмат ордуна көрсөтүлгөн "баардык талапкерлерге каршы" берилген добуштардын саны - 0 бюллетень.
Көрсөтүлгөн маалыматтар добуш берүүнүн жыйынтыгында жана анын чоңойтулган көчүрмөсүндө чагылдырылган. Протоколго киргизилүүгө жаткан добуш берүүнүн жыйынтыктары негиздердин катарына тууралуу маалыматтарга тике киргизилбеген (Жобонун 32-пунктунун жоболоруна ылайык) бюллетендердеги техникалык катанын болушуна карабастан, БШК добуш берүүнүн жыйынтыктарынын ачыктуулугу жана негиздүүлүгү үчүн ушул аспектинин АШК протоколунда чагылдырылуусунун максатка ылайыктуу экендигин моюнуна алат. Мыйзамдарда мындай түрдөгү техникалык каталар добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын анык эмес деп таануу үчүн негиздердин катарына киргизилген эмес.
2. Эки бюллетенде башкача атайын белги коюлгандыгы тууралуу дооматтары боюнча жана алардын мүмкүн анык эместигине укуктук баа берүү боюнча ушул Жобонун 32-пунктуна ылайык,
- добуш берүүчүнүн эрк-ниет билдирүүсүн аныктоого мүмкүн болбогон,
- бирден ашык талапкерге белги коюлган,
- тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын мөөрү басылбаган жана, же аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кол койбогон бюллетень жараксыз болуп саналат.
Ар бир бюллетенде аны толтуруунун тартиби жөнүндө түшүнүк берилет, мында белги коюу формасына бекем талап коюлган эмес. Белги коюу аркылуу добуш берүүчү өзүнүн эркин билдирет, б.а. талапкерлердин бирине белги коет жана тандап алат. Көрсөтүлгөн эки бюллетендеги жалпы таанылгандардан кичине айырмаланган белги Жобонун жогоруда көрсөтүлгөн нормаларына ылайык аларды анык эмес деп таанууга алып келбейт, анткени аларда добуш берүүчүлөрдүн өз эркин билдирүүлөрү так аныкталган, бир талапкер үчүн бир белги коюлган, мыйзамдын талаптарына ылайык мөөр жана кол тамгалар бар. Бюллетендерди толтуруу тууралуу талаптар сакталган, бюллетендерди анык деп таануу үчүн негиздер жок, көрсөтүлгөн бюллетендер анык.
3. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда АШК тарабынан бузууларды таануу катары Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан төрагасы М.О.Кыргызбаевди чыгаруу тууралуу Жогорку соттун жүйөсү боюнча БШК төмөндөгүлөрдү билдирет.
Соттук чечимде көрсөтүлгөн 2021-жылдын 28-июнундагы аймактык шайлоо комиссиясынын ишин кароо боюнча комиссиянын маалымкаты жана БШКнын чечими Таш-Булактагы шайлоонун жыйынтыктары боюнча гана эмес, жергиликтүү кеңештердеги жана ЖӨАБО башчыларын шайлоодогу бүткүл шайлоо процессин кароонун жыйынтыктары боюнча түзүлгөн. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы М.О.Кыргызбаев тарабынан 2 (эки) учурда добуш берүүнүн жыйынтыктарына жана шайлоонун натыйжаларына таасир тийгизбеген, бирок АШКнын иш-аракетине шектенүүнү жараткан же чыр-чатактуу кесепеттерди пайда кылган шайлоо комиссиясынын ишинин нормалары жана принциптери толук өлчөмдө сакталган эмес. Алсак Таш-Булактагы окуяларда "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 54-беренеси толук өлчөмдө сакталган эмес, М.О.Кыргызбаев Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо үч талапкердин бири Н.Мамаевге, жана шайлоодо катышкандарга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун башталышына чейин жыйырма минута калганда айыл өкмөтүнүн башчысына талапкерлигин алуунун мүмкүн эместигин түшүндүргөн эмес. Ушул айыл өкмөтүнө тийиштиги жок башка бир учурда добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таанууга алып келбеген, бирок ошондой эле чыр-чатактуу кырдаалды жана шектенүүнү жараткан шайлоо комиссияларынын ишинин ачык-айкындыгы принциптерин сактоо боюнча кемчиликтер болгон. Ушуга байланыштуу М.О.Кыргызбаевди АШКнын курамынан чыгаруу Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууга түздөн түз байланышкан эмес. Ошентип, БШК жогоруда баяндалган корутунду менен Жогорку соттун 2021-жылдын 7-июлундагы токтомун аткарууда БШКнын мурда кабыл алынган чечиминдеги кемчиликтерди четтетип, анын мүчүлүштөрүн оңдогон. Ошону менен бирге, Жогорку соттун чечимин кароонун жыйынтыктары боюнча, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өткөн жок деп таануу үчүн негиздер жок экендигин белгилейт. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 21-майындагы № 267 токтому менен дайындалган 2021-жылдын 10-июнунда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өткөн. Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 3 талапкер - Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынан көрсөтүлгөн Самидинов Нурбек Жолмаматович, Таш-Булак айылдык кеңешинин депутаттарынан көрсөтүлгөн Гиязов Тайхожа Ульмасович, Мамаев Нурболот Маматназарович катталган. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу 2021-жылдын 10-июнундагы протоколунда добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген. Добуш берүүгө Таш-Булак айылдык кеңешинин 31 депутаттын 31 депутаты катышкан, Н.Самидинов - 16 добуш, Т.Гиязов - 15 добуш, Н.Мамаев - 0 добуш алышкан. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2021-жылдын 10-июнундагы протоколу менен Самидинов Нурбек Жолмаматович Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына шайлангандыгы аныкталган. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жана Сузак аймактык шайлоо комиссиясына 2 арыз келип түшкөн. Келип түшкөн арыздар каралып, алар боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чечимдер кабыл алынган. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Жогорку соттун 2021-жылдын 7-июлундагы чечимин аткарууда, Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы протоколунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3, 4, 8-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдын 10-июнунда болуп өткөн Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 10-июнундагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү деп табылсын.
1.2. Самидинов Нурбек Жолмаматович Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Сузак аймактык шайлоо комиссиясы шайланган Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Т.Шайназаровго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 23-июнундагы № 548 "2021-жылы 4 жана 10-июнунда өткөрүлгөн Жалал-Абад облусунун…Постановление · 23.06.2021 · № 548
- КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө" Конституциялык мыйзамыКонституционный Закон · 26.06.2021 · № 79
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Административдик-процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 13
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон