Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 408 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 31 мая 2022 года УП № 172 " О признании утратившими силу некоторых указов Президента Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-05-31.
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2021-жылдын 25-сентябры ПЖ № 408 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө Ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоону өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктун, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 5-бөлүгүн, 48-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешине, Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешине, Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешине, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына, жекшембиге дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жогоруда аталган өкүлчүлүктүү органдарына шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- шайлоо өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чыгымдарынын сметасына ылайык зарыл финансылык каражаттарды бөлсүн;
- шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде мыйзамдуулукту, жарандардын укуктары менен эркиндиктерин, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту, санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана жарандардын ден соолугун сактоо боюнча чараларды көрсүн;
- маалыматтык системалардын киберкоопсуздугун камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына көмөк көрсөтсүн;
- добуш берүү жана шайлоочуларды идентификациялоо үчүн жабдуулардын коопсуз сакталышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары шайлоого даярдык көрүүдө жана өткөрүүдө шайлоочулардын тизмесин калыптандыруу, тактоо жана түзүү, уюштуруучулук жана материалдык-техникалык маселелерди чечүү боюнча калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана тийиштүү шайлоо комиссияларынын ишине көмөк көрсөтсүн.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын инспектордук-контролдоо иштери бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 9-декабрындагы № 803 "2021-жылдын 28-ноябрда болуп өткөн Кара-Суу шаардык кеңешинин…Постановление · 09.12.2021 · № 803
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 8-октябрындагы № 728 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу…Постановление · 08.10.2021 · № 728
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ткр боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 712 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.09.2021 · № 712
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ткр боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 28-сентябрындагы № 711 "2021-жылдын 28-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.09.2021 · № 711
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 10-декабрындагы № 813 "2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун…Постановление · 10.12.2021 · № 813
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 10-декабрындагы № 814 "2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун…Постановление · 10.12.2021 · № 814
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2021-жылдын 10-декабрындагы № 815 "2021-жылдын 28-ноябрында болуп өткөн Жалал-Абад облусунун…Постановление · 10.12.2021 · № 815
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172
Шилтеме берет (3)
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 31.05.2022 · № 172