Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону жана Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш жана Нарын облусунун Коркор районунун Кум-Дөбө жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 12-октябры № 251 Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону жана Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш жана Нарын облусунун Коркор районунун Кум-Дөбө жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 228 токтому менен 2020-жылдын 6-октябрына дайындалган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна бир дагы талапкер катталбагандыгына байланыштуу шайлоо өткөн жок. Ош облусунун Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2020-жылдын 7-октябрындагы № 61 буйругу менен Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Мамарасулов Баатырбек Сулайманович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2020-жылдын 7-октябрындагы № 27-б буйругу менен Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Асанбаев Майрамбек Жекшенович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - акиминин 2020-жылдын 7-октябрындагы № 28-б буйругу менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Табылдиев Сүйүндүк Молдобекович өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоо 2020-жылдын 26-октябрына дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.
2. Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2020-жылдын 30-октябрына дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.
3. Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө жана Кара-Суу айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 30-октябрына дайындалсын, Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо саат 9.00дөн 12.00гө чейин, ал эми Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо саат 15.00дөн 18.00гө чейин өткөрүлсүн.
4. Ысык-Көл, Ноокат жана Кочкор аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын 11-майындагы № 244 токтому менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы менен (1,5-2 метр аралыкты сактоону камсыздоо жана контролдоо, бир жолку бет каптарды колдонуу, дезинфекциялоочу эритмелер, спирт камтылган антисептик менен колду тазалоо) өткөрүүнү уюштурсун.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 282 "2020-жылы 30-октябрда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор…Постановление · 02.11.2020 · № 282
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2- ноябрындагы № 284 "2020-жылы 26-октябрда өткөрүлгөн Ысык-Көл облусунун…Постановление · 02.11.2020 · № 284
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 2-ноябры № 283 "2020-жылы 30-октябрда өткөрүлгөн Нарын облусунун Кочкор районунун…Постановление · 02.11.2020 · № 283
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому 2020-жылдын 2-ноябрындагы № 286 "2020-жылы 30-октябрда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат…Постановление · 02.11.2020 · № 286
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 228 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра…Постановление · 22.09.2020 · № 228
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 6-январындагы № 3 "Айыл өкмөт башчыларын шайлоо тартиби жөнүндө" жобону жана "Шаардын мэрин шайлоо…Постановление · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы № 244 "Коронавирустук инфекциянын (COVID-19) жайылуу тобокелдиктерин азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 11.05.2020 · № 244 · Күчүн жоготкон
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндөЗакон · 14.07.2011 · № 98
- Положение о порядке избрания главы айыл окмоту (утверждено постановлением Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики от 6 января 2017 года № 3)Положение · 06.01.2017 · № 3 · Күчүн жоготкон