Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому «2020-жылы 30-октябрда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2020-жылдын 2-ноябры № 286 2020-жылы 30-октябрда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө 2020-жылы 30-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрындагы № 251 токтому менен дайындалган Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү. Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - Кааров Батырбек Дыйканбаевич жана Арынов Абабакир Абдыкалыкович катталган, талапкерлер жергиликтүү кеңешинин депутаттарынан сунушталган. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 30-октябрындагы протоколу менен Кара-Таш айылдык кеңешиндеги 21 депутаттын бардыгы катышып, Кааров Б. Д. - 14 добуш, Арынов А.А. - 6 добуш алгандыгы белгиленген, "бардык талапкерлерге каршы" позициясына - 1 добуш. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоонун натыйжасы жөнүндөгү 2020-жылдын 30-октябрындагы протоколу менен Кааров Батырбек Дыйканбаевич Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлангандыгы аныкталган. Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгына жана шайлоонун натыйжасына арыз, даттануулар түшкөн жок. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7, 18-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылы 30-октябрда өткөрүлгөн Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана шайлоонун натыйжасы тууралуу Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 30-октябрындагы протоколдору бекитилсин.
1.1. Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
1.2. Кааров Батырбек Дыйканбаевич Ош облусунун Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды деп табылсын.
2. Ноокат аймактык шайлоо комиссиясы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшырсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Н.Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 12-октябрындагы № 251 "Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра…Постановление · 12.10.2020 · № 251
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон